Окинава

Википедия дан
Окинава.

ОкинаваРюкю архипелагындагы эң ири арал, Японияда. Аянты 1254 км2. Жээктери булуң-буйткалуу, шуру рифтери менен курчалган. Тынч океан жана Чыгыш Кытай деңизи менен чулганат. Жеринин бети жапыз тоолуу, деңиз деңгээлинен бийиктиги 498 мге чейин; ошондой эле түздүктүү. Климаты тропиктик, муссондук, жылдык жаан-чачыны 1300–2000 мм. Басымдуу бөлүгүн ээлеген нымдуу тропик токоюнун көп жерин бадал, бамбук токойлору ээлейт, ошондой эле шалы палдары, ананас, батат жана бал камыш менен алмашкан. Негизги борбору – Наха порт шаары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]