Барселона

Википедия дан
Барселона.

БарселонаИспаниянын түндүк-чыгышындагы шаар жана порт (порт аркылуу жылына 20 млн оор жүк ташылат). Жер ортолук деңиздин жээгинде. Бесос жана Льобрегат дарыясынын ортосунда жайгашкан. Каталония автономия облусунун жана Барселона провинциясынын администрация борбору. Калкынын саны боюнча өлкөдөгү Мадридден кийинки 2-шаар, өлкөнүн маанилүү экономика жана маданий борборлорунун бири. Калкы 1,5 млн (2005; агломерациясы менен 5 млн). Жолдор тоому. Эларалык аэропорту бар. Текстиль (өлкөдөгү ири), машина куруу (автомобиль, кеме, локомотив куруу, энергетика өнөр жайына жабдуу, станок, электр-техника, радиоэлектроника ж. б. өнөр жай ишканалары), химия, целлюлоза-кагаз, полиграфия, цемент, булгаары, тамак-аш ж. б. өнөржайлары бар. Улуттук жана чет өлкөлүк банктар иштейт. Эл аралык соода, өнөр жай ярмаркалары өтүүчү жай. 1992-ж. XXV Олимпиялык оюндар өткөн. 1888жана 1929-ж. бүткүл дүйнөлүк көргөзмө болгон. Үч университет, музейлер (тарых, археология, геология, деңиз, асем өнөр ж. б.), опера жана балет театры; метрополитен бар. Б. з. ч. 3-кылымда негизделген. 10—13-кылымдын көп архитектура эстеликтери, анын ичинде Сан-Пабло дель Кампо чиркөөсү (10-кылым), готика стилиндеги собор (13-15-кылым), Санта-Мария дель Мар (14-кылым), Нуэстра Сеньора де Белен (барокко стилиндеги, 17-18кылым), Саграда Фамилия (19-20-кылым) чиркөөлөрү, Гуэль двореци (19-кылым), архитектор А. Гаудинин (19-кылымдын аягы 20-кылымдын башы) курулуштары сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4