Пекин

Отурукташкан жай
Бээжиң, Пекин
Beijing montage
Өлкө Кытай
Координаттар 39°56′ с. ш. 116°24′ в. д.HGЯO
Мэр Ван Аньшунь
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 16 801 км²
Климатынын түрү мелүүн
Убакыт аралыгы UTC+8
Калкы
Калкы 21 516 000 адам (2014)
Жыштыгы 1311 адам/км²
Этнохороним пекиндик, бээжиндик
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +86 10
Почта индекстери 100000 — 102600
Автоунаа коду 京A, C, E, F, H
京B (такси)
京G (шаар тышкары зона)
京O (полиция жана бийлик)
Расмий сайты http://www.beijing.gov.cn/  (кыт.)
Пекин (Кытай)<div style="font-size:88%;line-height:1.2em;position:absolute;z-index:2;left:69.269794832728%;top:Жазуу катасы: "#" белгисиз тыныш белгиси.%">

Пекин, Бээжиң [пиньинь – Běijīng, палладий – Бэйцзин – түз мааниде «Түндүктөгү борбор» 1928-49-жылдары Бэйпин (Beiping), түз мааниде : «Түндүктөгү тынчтык»] – Кытай Эл Республикасынын (КЭР) борбору. Өлкөнүн чыгышында, Улуу Кытай түздүгүндө, Сишан тоолорунун этегинде, Юндинхэ дарыясынын алабында жайгашкан. Айланасындагы райондор менен биригип, борборго баш ийген өзүнчө административдик бирдикти түзөт. Климаты мелүүндүк Мезгил-мезгили менен муссон шамалы болуп турат. Январдын орточо температурасы –4,6°С, июлдуку 26°С. Жылдык жаан-чачыны 650 мм. Табигый шартынын өзгөчөлүгү – катуу жер титирөө болуу мүмкүн экенинде. Аянты 17,8 миң км2. Калкы 21,1 млн (2013); шаар айланасы менен). Шоуду эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Сары деңиздин Бохайвань булунунан 160 км, Улуу каналдын башталышындагы ири жол тоому. Шаардын айланасында металлургия, нефть-химиялык, машина куруу, текстиль, химя, аскер, радиоэлектроника, полиграфиялык, тамак-аш, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары иштейт. КЭР Илимдер Академиясы, университет, театрлар, музейлер (анын ичиндеКытай тарыхы, Гугун ж. б.) сүрөт галереясы, Сней Бейхун мемориалдык музейи ж. б. бар. Пекин – Кытайдагы байыркы шаарлардын бири. Шаардын тарыхый борбору эки бөлүктөн – Татар шаардан [түндүк бөлүгү, 100дөн ашык ганы ээлейт; «Жабык шаар» (Пекиндин ядросу), Император ак сарай комплекси менен; 15-кылымдын 1-жарымы; учурда Гугун музейи], Кытай шаардан (түштүк бөлүгү, бул шаарча айланта чеп дубалдар менен курчалып, кийинчерээк алынып салынган) турат. Аты окшош аянтта Мао Цзэдундун мавзолейи жайгашкан. Дүйнөдөгү эң чоң Тяньаньмынь аянты (44 га; 1 млн киши батат); - Пекиндин заманбап борбору. Асман алтары, Хуанцюнъюй (көмкөрүлүп турган асман сыяктуу) зал, Циняньдянь (чокунуу) залы, Тяньтань храм ансамбли, Ихэюань (Жайкы) ак сарайы (12-кылым; бул жерде Мин династиясынын 13 башкаруучусунун күмбөзү бар) сакталган. Пекинде Кытай Илимдер Академиясы (анын ичинде медициналык, айыл-чарба), илим изилдөө иституттары, 50дөн ашык Жогорку окуу жайлары [анын ичинде университеттер (Пекин, Цинхуа, Кытай элдик, авиация жана космонавтика, политехникалык, өнөр-жай, химиялык, айыл-чарба ж. б.)], бир нече ири китепканалар (бай фонддору менен), обсерватория, 30дан ашык музей, цирк (бүткүл дүйнөгө белгилүү), кино, театр академиялары, консерватория бар. Ботан. бак уюштурулган. Пекин экономикасынын тездик менен өнүгүүсүнүн натыйжасында шоп-туризм борборуна да айланууда. Пекинде Жибек (кийим-кечек, аксессуарлар), Бермет (аты эле айтып турат), Яболу (дүң жана чекене соода) жана Орус (тилмечтин эч кереги жок) базарлары иштейт. 1970–90-жылдарда көп кабаттуу турак жай кварталдары жана коомдук жайлар салынды. 2008-ж. олимпиада жана 1990-ж. Азия оюндары өткөрүлгөн.

Манас эпосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бээжин, Түп Бээжин, Чоң Бээжин, Орто Бээжин, Кичи Бээжин, Чет Бээжин, Нур Бээжин — топоним. Кыргыздардын жана аларга жамаатташ тектеш элдердин эң негизги эпикалык душманы — кырк кан элинин (кытайлардын) башкы кандарынын ордо шаары, көпчүлүк учурда, өтмө мааниде жалпы эле кытай өлкөсү, мамлекети. Соңку мезгилдеги манасчылардын түшүнүгү боюнча эпостогу Бээжин географиялык реалия катары азыркы Пекин шаарына туура келет. Б. з. ч. 1-миң жылдык — б. з. 10-кылымдагы жылнаамаларда ал Цзи шаары деп аталат. 936-ж. Сицзинь, 937-ж. Нанцзинь (12-кылымдын ортосуна чейин кара кытайлар мамлекетинин түштүк бөлүгүнүн борбору), 12-кылымдын ортосунан Чжунду же Дисин (Цзинь мамлекетинин ортоңку бөлүгүнүн борбору) болгон. 1215-ж. шаарды моңголдор ээлеп, Даду же моңголчо Ханбалык (кандын шаары) деген ат менен белгилүү. 13—14-кылымда Юань моңгол империясынын борбору болуп турган. 1368-ж. Кытай моңголдордон бошонгон соң Бейжин (Түндүк бейпилдик) деп аталган. 1412-ж. кытайдын Мин империясынын, 1644жылдан Цин династиясынын борбору болуп, ошондон ушул күнгө чейин Бейцзин ( түндүк бөлүгүнүн борбору) аталат (орусча транскрипциясы Пекин). Бэйцзинди кыргыздар өз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап Бээжин деп айткандай эле башка түрк-моңгол элдеринде да Пежин, Баачин, Баажин, Бейжин, Бэжин формасында айтылат. ''Манас'' эпосундагы эпикалык-географиялык ат Бээжин да ушул эле реалдуу Пекин шаарынын кытайча аталышына байланыштуу. Бээжинди борбор кылып алган Маньчжурдук Цин династиясы 1644— 1912-ж. кытай мамлекетине үстөмдүк кылуу менен бирге 17-кылымдын 80-жылдарынан 18-кылымдын 70-жылдарына чейин коңшу элдерге, анын ичинде Чыгыш Түркстандагы, Орто Азиядагы элдерге каршы баскынчы саясат жүргүзүшкөн. Мындагы элдердин ал баскынчы саясатка каршы жүргүзүп келген биргелешкен күрөшүндө кыргыз уруулары көбүнчө жетекчилик роль ойногон. Бул тарыхый конкреттүү кырдаал ''Манас'' эпосунун баштатан айтылып келе жаткан салттык-согуштук окуяларына жаңы тарыхый катмар болуп кирген. Эпостогу негизги эпикалык жоо кара кытайлар менен катар манжу (маньчжу) деген реалдуу эл аты да эпикалык душман катары айтыла баштаган. Ушул эле учурда манжулардын борбору болгон Бээжин шаары эпосто башкы жоонун борбору катары айтыла баштаган. Бээжин деген географиялык аталыш кыргыздарга манжур Цин династиясынын мезгилинен алда качан мурун эле тааныш болгон. Байыркы кытайлар түндүк жагындагы көчмөн түрк-моңгол элдеринин чек арасы менен жакын турган чоң шаарларынын улам бирин шартка жараша Бээжин деп атап келишкен. Мисалы, азыркы Бээжин Чыңгызкан Кытайды караткан учурда Дасин (ортоңку борбор) аталган, ал эми Бээжин аттуу шаар азыркы Жэкэ провинциясынын аймагында жайгашкан. Кытайларда Б-ге мааниси жакын, үндөш Бейжин деген географиялык термин биздин заманга чейин эле алардын түндүк жагындагы коңшуларынын ордосуна карата колдонулуп келген. Алгачкы учурда ал «түндүк ордо», «түндүк сарай» деген түшүнүккө ээ болуп, өтмө мааниде «түндүк варварлардын территориясы» деп да айтылган. Кыйла кийинчерээк топонимге айланган (мисалы, Чыгыш Түркстандагы уйгур бийлөөчүлөрүнүн ордо шаары Бешбалыктын кытайча варианты Бейтин болгон). Эне-Сай кыргыздары уйгурларды талкалап, качкандарын кубалап олтуруп, 843-ж. ушул Бейтинди (Бешбалыкты) караткан, бирок 1133-ж. Елюй Даши башында турган кара кытайларга тарттырып жиберишкен. Бейжин Бэй-цзин деген топоним белгилүү бир шаардын туруктуу энчилүү аты болбостон династиялар, кандыктар алмашкан сайын улам бир шаарга ыйгарыла беришинен түрк-моңгол элдеринде Бээжин деген термин белгилүү бир топоним эмес дубал, сепил деген жалпы ат катары колдонулуп калса керек (орто кылымда бардык шаарлар сепил, дубал менен курчалгандыгына байланыштуу). Эне-Сай кыргыздары күч алып турган чакта алардын Борбордук Азиядагы түштүк чек арасында курулган байыркы сепилдүү шаар чалдыбарын жергиликтүү эл бүгүнкү күндө да Бор-Бежин (чопо сепил, дубал) аташат. «Манаста» Түп Бээжин, Орто Бээжин жана башкалар бир нече Бээжин бар; алар алтымыш, жетимиш байсалуу сепилдер менен курчалган, эпикалык душмандар жеңилип, баштарына кыйынчылык түшкөндө ага жашынып кутулат (мисалы, Манастан качканда Коңурбай Алгарасын ошол сепилден секиртип өтүп, дайыма кутулуп кетет). Эпосто да Бээжин бирде конкреттүү бир шаардын энчилүү аты, бирде сепилдүү шаар деген жалпы ат катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9
  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4