Мелүүн климат

Википедия дан
Мелүүн алкактар.

Мелүүн климатмелүүн алкактарга мүнөздүү климат. Жыл бою батыштан чыгышты карай соккон аба агымы үстөмдүк кылат. Ургаалдуу циклондук кыймыл менен айкалышып, океандан материктерге нымдын келишине жана кеңдиктер арасындагы жылуулуктун алмашуусуна шарт түзөт. Мелүүн климат үчүн уюлдук абанын басымдуу болушу, абанын температурасы кескин айырмаланган жыл мезгилдеринин алмашышы мүнөздүү; жайы мелүүн жылуу, эң жылуу айынын орточо температурасы 10–25°С. Кышы мелүүн суук же суук, эң суук айынын орточо температурасы дээрлик бардык жеринде 0°Сден төмөн. Евразиянын ички аймактарында январда айрым жерлеринде – 40°Сден төмөн болот. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү кургактыктын басымдуу бөлүгүндө 500– 800 мм, материктик чет-жакаларында 1000–2000 ммге чейин көбөйөт, ал эми континенттердин ички бөлүктөрүндө жана субтропиктерге жакындаган сайын 100–200 ммге чейин азаят. Мелүүн климат континенттик жана океандык (чыгыш жээги муссондук) климаттарга бөлүнөт. Тоолорго климаттын бийиктик алкактуулугу мүнөздүү, анда тоону өрдөгөн сайын нымдуулук артып, абанын температурасы төмөндөйт; тоо аралык ойдуңдарда температуранын инверсиясы байкалат. Кыргызстандын Түндүк бөлүгү мелүүн климаттык алкакта жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]