Мадагаскар

Википедия дан
Мадагаскар Республикасы‎»‎ барагынан багытталды)
Мадагаскар.

Мадагаскар, Мадагаскар Республикасы – Африканын түштүк-чыгыш жээгинде, Инди океанындагы Мадагаскар аралында жана ага жанаша жаткан майда аралдарда [Нуси-Бе, Нуси-Бураха (Сент-Мери), Баррен ж. б.] жайгашкан мамлекет. Аянты 587,3 миң км2 (аянтынын чоңдугу боюнча дүйнөдө 4-орунда). Калкы 21,3 млн (2010). Борбору – Антананариву. Административдик-аймактык жактан 22 районго (фаритрга) бөлүнөт. Акча бирдиги – ариари.

Административдик-аймактык бөлүнүшү (2004): Мадагаскар – БУУнун, Африка союзунун (1963, 2002-жылга чейин Африка биримдиги уюму), ЭВФтин, Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадагаскар – унитардык мамлекет. Конституциясы 2010-жылы кабыл алынган. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет башчысы – президент, 5 жылга шайланат. Ал жогорку башкы командачы. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент. Жогорку палатасы – Сенат, төмөнкү палатасы – Улуттук Ассамблея. Аткаруу бийлигин премьер-министр башында турган өкмөт ишке ашырат. 2007-жылдагы шайлоолордун жыйынтыгы менен Улуттук Ассамблеяга 2 партия сунуш кылынган: «Тиако жана Мадагасикара» партиясы, Мадагаскарды калыбына келтирүү үчүн экономикалык либерализм жана демократиялык аракеттер партиясы.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lemur catta.

Мадагаскар аралы Инди океанынын суулары менен чулганып, Түштүк Африканын чыгыш жээк тилкесинен орун алган. Чыгышы кум дөбөлүү, батыш жээгинде шуру (коралл) рифтери жатат. Аралдын борбордук жана чыгыш тарабында бийик плато (1000–1500 м) жайгашкан. Ири жарым аралы – Масуала. Чыгыш жээгин бойлой дюна тилкеси созулса, деңиз жагын лагуналар ээлейт. Түндүк-батышы бийик жардуу келип, түндүгүндө аскалуу жээкке өтүп, булуң-буйткалуу, бир нече ыңгайлуу булуңдар бар. Чыгыш жана борбордук бөлүгүндө түндүктөн түштүктү көздөй бөксө тоолор (800–1000 мден жогору) созулуп жатат. Алардын бети тектоникалык жаракалар менен бөлүнгөн. Айрымдарында Царатанана (бийиктиги 2876 м; Мадагаскардын эң бийик жери; Марумукутру чокусу), Андрингитра (бийиктиги 2666 м), Анкаратра (2642 м) ж. б. жанар тоо массивдери орун алган. Массивдердин ортосунда тектоникалык ойдуңдар жатат. Алардын кээсин көл ээлесе (алсак, Алаутра), калгандары аккумуляциялык түздүктөрдөн турат. Көптөгөн өчкөн жанар тоолор кездешет. Чыгышында бөксө тоолор созулуп жатат. Климаты түндүгүндө – субэкватордук, чыгышында – муссондук тропиктик, түштүгүндө тропиктик, чыгыш жээгинде ысык жана нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1200–1500 мм), батышында ысык жана кургак (400–500 мм). Январдын орточо температурасы 27,6°С, июлдуку 21°С. Ири дарыялары: Суфиа, Бецибука, Махавави, Мангуки ж. б. Эң чоң көлү – Алаотра. Күрсүз кызыл ферралиттүү тоо топурагы (бийик платодо) жана күрдүү кара топурак мүнөздүү. Топурак эрозиясы бардык жерде кездешет. Аймагынын 1/5ин токой ээлейт. Бийик платодо дайыма жашыл нымдуу субэкватордук токойлор (жыгачтын эндемик түрлөрү – канариум, дальбергия, диоспирос) кездешет. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө (1000–1500 м бийиктикте) экинчи пайда болгон саванналар (жапыз өскөн бамбук, акация, эвкалипт, мадагаскар равеналасы, алоэ ж. б.), аралдын батышында, түштүк-батышында жана түштүгүндө жалбырагы күбүлмө токойлор өсөт. Мадагаскар биологиялык ар түрдүүлүк боюнча дүйнөдө алдынкы орундардын бирин ээлейт. Флорасында өсүмдүктөрдүн 9500 (анын 162си жоголуп кетүү алдында), фаунасында сүт эмүүчүлөрдүн 140 (анын 1/3и жоголуу алдында), уялоочу куштардын 170 (27), сойлоочулардын 380 түрү (хамелеон, кескелдириктер, игуана, муунткуч жылан) кездешет. Аралда мурда кездешчү алп таш бакалар (12ден ашык түрү), арбак сымалдар (чоңдору) жана эпиорнис (дөө куш) толугу менен тукум курут болгон. Буга антропогендик фактор (токойдун кыйылып жок болушу) жана өрт таасирин тийгизип келүүдө. Кен байлыктары: хромит, графит, сапфир, рубин, жез, боксит, уран, алтын ж. б. Өлкөнүн аймагынын 3,1%и коргоого алынган. Коруктар (Царатана, Захамена, Андухахелу, Андрингитра) жана улуттук парктар (Исалу, Амбухитра) бар. Ацинанана тропик токою (Мененын батышындагы коргоого алынган 6 аймак бириктирилген) жана Цинги-дю-Бемараха аки таштуу аймагы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Элинин көпчүлүгүн малагасилер (96,1%) түзөт. Ошондой эле банту тилинде сүйлөгөндөр (1,1%), француздар, креол-реюньондуктар, гужараттар, кытайлар, йемен-арабдары, коморлуктар жана малайялар да бар. Расмий тилдер – малагаси, француз жана англис тилдери. Калкынын 46%и жергиликтүү динди, 48%и христиан, 22%и мусулман динин тутат. орточо жыштыгы 1 км2 32,5 киши (2009). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 60,9 жаш, аялдарыныкы – 64,9. Төрөлүүнүн деңгээли өтө жогору (1000 кишиге 35,3), өлүм-житим орточо 1000ге 8,9 (жаш балдардын өлүмү өтө жогору, 1000ге 54,2). Шаар калкы 29% (2010). Ири шаарлары: Антананариву, Туамасина, Анцирабе ж. б.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

14–15-кылымда аралдын борбордук бөлүгүндө Имерина, 16–17-кылымда батышында сакалавдардын Буйна жана Менабе мамлекеттери түзүлгөн. 17–18-кылымда бецилеу, бецимисарака, антаймуру элдеринин мамлекеттери болуп, 19-кылымда Малагасий королдугуна бириккен. 19-кылымдын башынан арал Улуу Британия менен Франциянын талашына түшүп, 1894–95-жылдары Франциянын протекторатына, 1896-жылы колониясына айланган. Көз карандысыздык үчүн Мадагаскар эли жүргүзгөн күрөш экинчи дүйнөлүк согуштан кийин бөтөнчө күчөп, Мадагаскар 1958-жылы 14-октябрда Франция коомдоштугунун курамындагы (1973-жылга чейин) республика, 1960-жылы 26-июнда көз каранды эмес деп жарыяланган. Мадагаскар социал-демократиялык партиясынын (СДП) лидери Ф. Циранана президенттикке жана Министрлер советинин төрагалыгына шайланган. 1959-жылы 29-апрелде конституциясы кабыл алынган. 1960-жылы апрелде Ф. Циранана Франция менен кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгон. Бирок Франция аралдагы согуш базаларын, аскерлерин сактап калып, жогорку билим берүү системасын толук көзөмөлдөгөн. «Биринчи республиканын» мезгилинде (1960–72) Мадагаскардын экономикасы өтө жай темп менен өнүккөн. 1972-жылы экономикалык, социалдык-саясий кризис жана массалык демонстрациялар, иш таштоолор Ф. Циранананы бийликтен кетүүгө мажбур кылган. Бийлик генерал Г. Рамананцуа башкарган аскерлерге өткөн. Г. Рамананцуанын өкмөтү Франция менен кызматташуу жөнүндөгү келишимдерди бузуп, аралдагы согуш базаларын жоюу, Француз аскерлерин аралдан чыгарып кетүү тууралуу Франция менен жаңы келишим (1973, июнь) түзгөн. Г. Рамананцуа жогорку билим берүү системасын көзөмөлдөөнү өз колуна алып, чет элдик капиталдын ишин чектеп, «франка зонасынан» чыккан. 1975-жылы февралда өлкөдөгү бийлик Аскердик директориянын улуттук комитетине өтүп, мамлекет башчылыгына Д. Рацираку шайланган. Жаңы конституция боюнча өлкө Мадагаскар Демократиялык Республикасы деп аталып, Малагасий социалисттик революциясынын Хартиясы – социалдык-экономикалык кайра түзүүлөрдүн узак мөөнөттүү программасы иштелип чыккан. Хартияда айыл чарбасын кооперативдештирүү, тышкы сооданы мамлекеттик монополияга киргизүү, камсыздандыруу компанияларын, банктарды, негизги өндүрүш каражаттарын улутташтыруу каралып, анын шарттары практика жүзүндө ишке ашырылган. 1986-жылы өлкөдөгү экономикалык абалдын начарлашы менен 1991-жылы Рацирака бийликтен кеткен. 2009-жылы оппозиция лидери А. Радзуэлина бийликке келип, өлкөдөгү ички саясий абалды турукташтырууга, демократиялык шайлоолорду өткөрүүнү камсыз кылуу ж. б. убада берген. 2009-жылы Радзуэлина жана өлкөнүн мурдагы президенттери жолугуп, республиканы ички саясий кризистен чыгаруунун принциптери жөнүндө келишимге кол коюшкан. 2010-жылы Мадагаскар жаңы конституциясы кабыл алынган.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадагаскар – экономикасы анча өнүкпөгөн агрардык мамлекеттердин бири. ИДПнин көлөмү 20,73 млрд АКШ долларын (2010) түзгөн. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1000 доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 56,8%, өнөр жайдыкы 16,7, айыл чарбаныкы 26,5. 2007-жылы 935 млн кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 70%и ГЭСке туура келет. Графит, хромит, флогопит слюдасы, танталит, монацит, кооз таштар казылып алынат. Нефть ажыратуучу (Туамасинада, жылына 540 миң тонна чийки нефть), айыл чарба сырьёсун кайра иштетүүчү, кеме куруу жана оңдоо, текстиль, курулуш материалдары, тамак-аш (кант, ун, пальма, соя майы, алкоголсуз суусундуктар), өнөр жай ишканалары иштейт. Пиво жана самын кайнатуу өнүккөн. Өлкөнүн аймагынын 5%и иштетилет. Сыртка кофе, бал камышы, жер жаңгак, ваниль, чеге гүл ж. б. чыгарылат. Негизги азыктары – күрүч, маниок, картөшкө, жүгөрү, жашылча-жемиш, банан, манго ж. б. Зебу, бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармоо өнүккөн. Деңиз продуктулары даярдалат. Автомобиль жолунун Узундугу 65,7 миң км (2003; анын ичинде асфальтталганы 7,6), темир жолунуку 0,854 (2008). Ири порттору: Туамасина, Анцеранана, Манандзари ж. б. Иватуда эл аралык аэропорту бар. Негизги соода шериктештери: АКШ, Франция, Германия, Кытай, Италия, Тайланд, Бахрейн ж. б.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, башталгыч, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 62,3% (2007). Ири илимий мекемелер, университеттер, китепкана, музейлер Антананариву шаарында жайгашкан, анын ичинде Малагасий Илимдер академиясы (1902), Улуттук архив (1958), Улуттук китепкана (1961), Нуси-Беде океанография боюнча улуттук изилдөө борбору жана деңиз музейи (1970), Туамасина шаарында аймактык музейи (1991) ж. б. бар. Малагасий жана француз тилинде «Midi-Madagasikara», «Imongo Vaovao», «L´Expresse de Madagaskar», «Madagaskar Tribune», малагасий тилинде «Gazetiko», «Maresaka» ж. б. у. с. гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруусу 1931-жылдан, телекөрсөтүүсү 1967-жылдан, Улуттук маалымат агенттиги 1977-жылдан иштейт.

1915–22-жылдары өлкөдө цензура күч алып, көп жазуучулар сүргүнгө айдалып, күндөлүк басма сөзгө катуу тыюу салынган. 1922-жылдан малагасий адабиятында жаңы доор башталып, 1920–40-жылдары драматургия жанры гүлдөп өнүгөт. 20-кылымдын аягы – 21-кылымдын башында Налисуа Равалитера («Өчүп бараткан чок» 1980, «Акылдан тайган сүйүү» 2001, «Зетра» 2005), М. Андриамасинуру («Курчтук» 1992), Раву («Акыркы ырлар» 1999), Р. Х. А. Нари, Нуфи, Э. Радзаунарисон, Рахадза, Хубиана ж. б. көрүнүктүү акындар чыккан. Белгилүү романист И. П. Андриамангатиана «Өмүр жолдору» (1995), «Алданган үмүттөр» (2001) романдарын жараткан. 1920–30-жылдары Мадагаскар адабияты француз тилинде да өнүгөт: ага Рабеаривелу («Сильфалар», 1927; «Жарым түштөр», 1934; «Түнкү тыңшоо», 1935), Ф. Ранайву («Көлөкө жана шамал», 1947; «Күндөлүк ырлар», 1955; «Журтуна кайтып келүү», 1963), Ж. Ф. Рабеманандзара («Күүгүм кечтин тепкичтеринде», 1940; «Кудайлардын тою», 1962; «Кудай соту», 1973) поэзияда көрүнүктүү орунду ээлешти. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында шаарларда, сарай-дворецтер, протестанттык жана католиктик чиркөөлөр, күмбөздөр европалык үлгүдө тургузулган.

Мадагаскардын музыкасына араб-мусулман маданияты (10–11-кылымдан баштап) олуттуу таасир тийгизген. 20-кылымдын башында композитордук мектеп ачылган. Анын өкүлдөрү: Ж. Д. Рабеманатараны, Б. Рабаридзаунаны. Мадагаскардын ыр жана бий улуттук ансамбли иштейт (биринчи жетекчиси – П. Раланариманана), 1979-жылы СССРде гастролдо болгон. Азыркы күндө малагаси театрында салттык ыр жана бий фольклору өнүккөн. 1907-жылы Франко-мальгаш театр коому негизделген. 1960-жылдан кийин улуттук кинематография өнүгө баштаган. 2000-жылдардан эл аралык кинофестивалдар өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]