Аба майдан

Википедия дан
Аэропорт‎»‎ барагынан багытталды)
Аэропорт.

Учакбайыр же аэропорт, аба дарбазасы жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү аба транспорту менен жеткирүүнү уюштуруучу имараттар, курулмалар (аэродром менен бирге), жабдыктар тутуму. Жабдылышына жана самолётту кабыл алуу, төйлөөсүнө жараша аэропорт жергиликтүү жана эл аралык болуп бөлүнөт. Аэропорт радиолокациялык, автоматтык, радиотехникалык аспаптар жана навигациялык түзүлмөлөр, метеорологиялык жабдуулар менен камсыздалып, жүздөгөн га аянтты ээлейт. Аэропорттун карамагында аэровокзал, почта, жүк кабыл алуучу, жөнөтүүчү бөлмөлөр, мейманкана жана тескөөр (диспетчер) пункту, ангар, материал-техникалык мүлк кампасы жана башкалар болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1