Мартиника

Википедия дан
Мартиника желеги.

МартиникаФранциянын «деңиздеги алыскы департаменти» жана региону. Кариб деңизиндеги Айдарым арал тобунда жайгашкан ээлик. Вест-Индияда. Аянты 1,1 миң км2 (Франциянын эң кичинекей ээлиги). Калкы 406,0 миң (2010); негизинен креол-мартиникалыктар, ошондой эле негр жана мулаттар (булар – мурдагы кулдардын тукумдары) да жашайт. Дини – католицизм. Расмий тили – француз тили. Административдик борбору – Фор-де-Франс. Административдик-аймактык жактан 4 округга бөлүнөт. Акча бирдиги – евро.

==Жайгашуусу Ээликти Республика комиссары башкарат. Ал француз өкмөтү тарабынан дайындалат. Шайлануучу мыйзам чыгаруучу органы – Генералдык кеңеши бар. Франциянын парламентинде Мартинканын 4 өкүлү депутат, экөө сенатор болуп олтурат.

Мартиника.

Арал тоолуу келип, жанар тоо тектеринен турат. Дөңсөөлүү түздүк аралды экиге – анча бийик эмес (500 мге чейин) түштүк жана жанар тоолуу түн. бөлүккө бөлөт. Аракеттеги Монтан-Пеле жанар тоосунун бийиктиги 1397 м. 1902-жылы жанар тоо атылып, Сен-Пьер шаары толугу менен кыйрап, 30 000ге жакын адам каза болгон. Чыгыш жана түштүк жээктери булуң-буйткалуу, бирок бухталардын оозун рифтер тосуп жатат. Жер титирөө тез-тез болуп (акыркы катуу – 2007) турат. Фор-де-Франс булуңунда ыңгайлуу гавандар бар. Климаты тропиктик, пассаттык. Айлык орточо температурасы 24–27°С. Жылдык жаан-чачыны 1500–2000 мм. Эң кургак айы – апрель. Дарыялары көп, бирок анча узун эмес. Буларда шаркыратмалар көп. Тоолорундагы токойлору кыйылып, сейректеп кеткен. Деңиз жээктеринде мангр токойлору, ошондой эле кызыл, кампеша жана нан дарагы кеңири таралган. Түздүктөрүн саванна ээлеп, саздак жерлер да кездешет. Кен байлыктарынан пемза, аки таш жана таш тузу бар. Мартиника табигый паркы бир нече коргоого алынган аймакты жана Монтан-Пеле аракеттеги жанар тоосун, тропик токоюн бириктирет. Сууда сүзүүчү куштарды коргоо максатында 3 резерват уюштурулган.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фор-де-Франс (1914).

Алгач аралга аравак индейлери отурукташкан. Х. Колумб тарабынан 1502-жылы ачылган. Ошондон тарта европалыктарга белгилүү. Мартинкага 1635-жылдан француздар ээлик кыла баштап, жергиликтүү кариб индейлерин тукум курут кылышкан. Африкадан плантацияларда иштөө үчүн негр-кулдарды алып келишкен. 17–19-кылымда Улуу Британия менен Франция согушкан. 1794-жылы Мартинканы англиялык аскерлер басып алып, бирок 1802-жылы Амьен тынчтыгы боюнча Францияга кайтарылган. 1809–14-жылдары кайрадан англичандар ээлик кыла баштаган. Кулдарды аёосуз эзүүнүн натыйжасында көтөрүлүш келип чыккан. 1848-жылы кулчулук жоюлган. 1851-жылы француз өкмөтүнүн чечими менен Мартиника банкы уюштурулуп, банкнотторду чыгарууга укук алышкан (1900-жылдан финансы автономиясына ээ болгон). 1946-жылы Франциянын деңиздеги алыскы департаменти статусуна, 2003-жылдан расмий түрдө Франциянын деңиздеги алыскы региону статусуна (формалдуу түрдө; департамент менен тең укуктуу) ээ болгон. Франциянын субсидиясына жана импортуна көз каранды. ИДПнин көлөмү 9,6 млрд долларды түзөт (АКШ, 2006); аны киши башына бөлүштүргөндө 24,6 миң доллардан туура келет. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 81, өнөр жайдыкы 7, курулуштуку 7, айыл чарбаныкы 5. Нефть ажыратуучу завод, цемент, текстиль, тамак-аш (кант, ром, консерва), айыл чарба азыктарын кайра иштетүү өнөр жай ишканалары иштейт. Банан (негизинен экспорт үчүн), жашылча, бал камыш өстүрүлөт. Айыл чарба азыктары өлкөнүн ички керектөөлөрүн канааттандырбайт. Негизинен азык-түлүктү Франциядан алат. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй куштары багылат. Автомобиль жолунун уз. 2,1 миң км. Башкы деңиз порту – Фор-де-Франс. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка банан, ром, нефть продукциялары чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Франция, АКШ, Гваделупа. Туризм (дайвинг, яхтинг; жылына 600 миң турист келет) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]