Бас-тер

Википедия дан
Бас-тер.

Бас-тер - Вест-Индиядагы Гваделупа аймагынын тобунун (Франция ээлиги) администрация борбору. Калкы 11,5 миң (2005), деңиз порту. Туризм өнүккөн. Архитектуралык эстеликтери Сен-Шарль форту, Эвеше собору, юстиция имараты. Сыртка кант, банан, какао, кофе, ваниль чыгарат. Кант өнөр жайы иштейт. 1643-ж. негизделген. Шаар ураган шамалынан көп жабыркайт. Бас-Терге жакын, Пижон аймагында Ж. И. Кусто уюштурган суу астында сүзүү борбору жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4