Доминикана Республикасы

Википедия дан
Доминика Республикасы‎»‎ барагынан багытталды)
Доминикана Республикасы.

Доминикана Республикасы – Вест-Индиядагы мамлекет, Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө. Түндүгүнөн Атлантика океаны, түштүгүнөн Кариб деңизи чулгап жатат. Чыгышынан Пуэрто-Рикодон Мона кысыгы бөлүп, батышынан Гаити Республикасы менен чектешет. Аянты 48,4 миң км2. Калкы 8,6 млн (2005). Борбору – Санто-Доминго шаары (калкы 2,6 млн. Доминика Республикасы 26 провинцияга жана улут округуна бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доминика – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – президенттик республика. Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. (2004-жылдан Л. Фернандес). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу Улуттук конгресс (Депутаттар палатасы жана Сенат). Саясий партиялары: Реформисттик социал-христиан партиясы, Доминика революциялык партиясы, Доминика боштондук партиясы, Көз каранды эмес революциялык партия.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гаити аралы тоолуу; тоолору терең өрөөндөр жана туюк ойдуңдар менен бөлүнгөн. Эң бийик Кордильера-Сентраль (Сибао) тоолорунун орточо бийиктиги 2400–2750 м; анын борбор бөлүгүндө өлкөнүн эң бийик жери – Дуарте тоосу жайгашкан, бийиктиги 3175 м. Бул тоолордун Түндүк тарабында калк жыш отурукташкан, жери күрдүү, Сибао өрөөнү 240 кмге созулуп жатат. Жээк бөлүктөрүн да кууш түздүктөр ээлейт. Гаити аралынын чыгыш бөлүгүндө акиташ тегинен түзүлгөн зор плато жайгашкан, ал Кариб деңизин карай жантайыңкы. Мында өлкөнүн эң зор түздүгү жана борбор шаары – Санто-Доминго жайгашкан. Түштүгүндөгү Кюльде-Сак ойдуңу жакынкы эле геологиялык мезгилде деңиз булуңу болгон; анын бир бөлүгү деңиз деңгээлинен төмөн жайгашкан, андагы туздуу Энрикильо көлүнүн бети деңиз деңгээлинен 44 м төмөн жатат. Климаты тропиктик, пассаттык, кышы кургакчыл, жайы нымдуу. Айлык орточо температурасы (1000 м бийиктикте) 24–29°С. Жаан-чачыны көбүнчө жайдын аягында, ураган маалына дал келет; жылдык орточо өлчөмү 1000–1500 мм, тоолордун айдарым Түштүк-батыш капталдарында 2000 ммден ашык. Мындагы нымдуу тропик токою (кызыл жана кампеш типтеги дарактар) өйдөлөгөн сайын ийне жалбырактуу токойго өтөт. Кургакчылараак Түштүк капталдарында аралаш токой өсүмдүктөрү кездешет. Табигый өсүмдүктөр өлкөнүн кыйла бөлүгүндө жок болуп кеткен; мурдагы жергиликтүү өсүмдүктөрдүн калдыгы дарыя жээктериндеги саванна жана жыш токой түрүндө сакталган. Түштүгүндө тикендүү бадалдар жана зор кактустар өсөт.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын 75%ке жакыны мулаттар, 10% негрлер, 15% европалыктар. Акча бирдиги – песо. Мамлекеттик тили – испан тили. Дини – католицизм. Шаар калкы 40% (1970). Ири шаарлары: Санто-Доминго (калкы 2,6 млн), Сантьяго (5 миң дей), Сан-Франсиско-де-Макорис (1,8 миң), Сан-Педро-де-Макорис (2,2 миң), Бараона, Ла-Романа (1,7 миң) жана башка ББУ, ЭВФ, Америка өлкөлөрү уюму, Бүткүл дүйнөлүк банк жана башка уюмдардын мүчөсү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гаити аралын байыркы мезгилдерден индей уруулары жердеп, алар аралды Гаити деп аташкан. Гаити аралы Х. Колумб тарабынан 1492-ж. ачылып, Эспаньола («Кичи Испания») деп атаган. 15-кылымдын аягында аралдын чыгыш бөлүгү (азыркы Доминика Республикасынын аймагы) Испаниянын колониясына айландырылган. Испан колониячылары жергиликтүү уруулардын көпчүлүгүн кырып жок кылган. 1496-ж. испандыктар аралда Санто-Доминго-де-Гусман шаарын курушкан. 1697-ж. аралдын батыш бөлүгү Францияга берилген, ал эми чыгыш бөлүгү Испаниянын бийлиги астында калган. 1795-ж. арал толугу менен Франциянын көзөмөлүнө өтүп, 1808-ж. кайрадан испандыктарга кайтарылган. 1810–26-ж. Америкадагы испан колонияларынын көз каранды эместиги үчүн согуштун натыйжасында, 1821-ж. Санто-Доминго көз каранды эместигин жарыялайт, бирок 1822-ж. ал Гаити республиканын курамына киргизилет. Боштондук үчүн күрөштүн натыйжасында, 1844-ж. Доминика Республикасынын көз каранды эместиги жарыяланып, конституция кабыл алынган. Генерал Педро Сантана президент болуп шайланган. 1861-ж. Доминика Республикасын кайрадан Испания басып алган. 1865-ж. гана өлкө испан эзүүсүнөн толук кутулган. 1916–24-ж. Доминика Республикасы АКШ тарабынан оккупацияланган. 1930-ж. АКШнын колдоосу менен Р. Л. Трухильонун диктатордук режими орнотулган. 1961-ж. Трухильо өлтүрүлгөндөн кийин, 60-жылдардын ортосунда өлкөдө диктатураны колдоочулар менен демократиялык күчтөрдүн ортосунда узакка созулган күрөш жүргөн. 1965-ж. АКШ куралдуу интервенция жасоого аракеттенген. 1966-ж. Реформисттик социал-христиан партиясы бийликке келген. 1994-ж. шайлоодо Леонель Фернандес президент болуп шайланган. Ал өлкөдө демократиялык реформаларды баштаган. 1996-ж. экинчи мөөнөткө шайланган. 1998-ж. майда Улуттук конгресске шайлоолордо Доминика революциялык партиясы жеңишке жетишкен.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

ИДП 1996-ж. 12,4 млрд долларды түзгөн, киши башына бөлүштүргөндө 1600 доллардан айланат. ИДПнин 13%ин айыл чарба, 24%ин өнөр жайы берет; андагы инвестициянын үлүшү 20%; анын 3/4үн ички топтомдон, калганы чет элдик кредиттен каржыланат. Өлкөнүн экономикасын да айыл чарбанын үлүшү төмөндөп (1960-ж. айыл чарбанын да калктын 60% иштесе, 1994-ж. 32%ке чейин азайган), ал эми казып алуу өнөр жай менен туризм өнүгүүдө. Дыйкандардын көбүнүн 2 гектарга чейин гана жери бар. Айдоо жердин жарымына жакыны мамлекетке таандык, ал эми бал камыштын ири плантацияларына жергиликтүү байлар жана АКШнын «Галф энд уэстерн корпорейшен» компаниялары ээлик кылат. Башкы айыл чарба өсүмдүгү – бал камыш; ошондой эле маанилүү экспорттук өсүмдүктөргө – кофе жана шоколад дарактары, жер жемиш жана тамеки кирет. Ички керектөө үчүн шалы, буурчак, маниок жана банан өстүрүлөт. Уй, чочко жана башка үй жаныбарлары асыралат. Жээк сууларынан чакан кемелер менен балык кармашат. Токойду кыюуга тыюу салынган.

Доминика Республикасынын аймагында бокситтин, никелдин (чет өлкөлүк компаниялардын карамагында), алтындын, күмүштүн чамалуу запасы бар. Ошондой эле жез, кайнатма туз кендери казылып алынат. Тоо-кен өнөр жай экспорттук кирешенин маанилүү булагы болуп саналат. 1981-ж. Бараон шаарына жакын нефть кени ачылган. Өлкөнүн бүт электр станцияларынын кубаттуулугу 2454,4 миң кВт; анын 14%ин ГЭС, 62%ин нефть менен иштеген ЖЭС өндүрөт.

Иштеп чыгаруу өнөр жайынын 2/3си айыл чарба сырьёсун иштетет. Кийим, цемент, картон ички рыноктун муктаждагын камсыз кылат. Спорт товарларын да чыгарат. Телекоммуникация системасы, туризм жана курулуш ыкчам өнүгүүдө. Өлкөдө 7 эркин өнөр жай-экономикалык зонасы түзүлүп, анда кийим-кече, электр товарлары, бут кийим даярдалат.

Ички жүктөрдүн дээрлик бардыгы автомобиль жолу менен ташылат, анын узундугу 12,3 миң км. Жалпы узундугу 12 км темир жолдо негизинен кант ташылат. Эл аралык 2 аэропорту бар (Пуэрто-Плато, Санто-Доминго шаарында) бар; Санто-Доминго – өлкөнүн негизги деңиз порту. Өкмөттүн көзөмөлүндөгү 150 радиостанция жана телестанция иштейт.

Өлкөнүн сырткы соодасынын жалпы көлөмү ИДПнин 50%тейин түзөт. Экспорту негизинен минералдык сырьёлорду жана айыл чарба продукцияларын камтыйт. Кант экспорттук кирешенин 20%ин, калгандарын алтын, күмүш, никель, боксит, кофе, какао, фурфурол (эритме), тамеки, жеңил жана электр-техникалык өнөр жай продукциялары түзөт. Негизги импорту – нефть (Венесуэла жана Мексикадан алат), ошондой эле азык-түлүк, химиялык продуктулар, автомобиль, электр-техникасы. Негизги соода шериги – АКШ, ага импорт тун 1/3, экспорттун 2/3си туура келет.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Доминика Республикасында 1951-жана башкаалдардын милдеттүү окуусу жөнүндө мыйзам кабыл алынганына карабастан, калктын 32% сабатсыз. Балдар 7–14 жашка чейин мектепте окушат. Өлкөдөгү ири университет Санто-Домингодо семинариянын базасында 1538-ж. ачылган. Мадре-и-Маэстро католик университети Сантьяго шаарында 1962-ж. негизделген. Учурда Доминика Республикасында 8 университет бар, аларда 90 миңге жакын студенттер билим алышат. Ири китепканалары жана музейлери: Санто-Доминго университетинин китепканасы (1538), Улуттук китепкана, Улуттук музей (1927), Санто-Доминго улуттук асем өнөр музейи (1943).

Адабияты негизинен испан тилинде өнүгүүдө. Ага Ф. М. Монте (1819–99) негиз салган. Доминика Республикасынын адабиятынын өз алдынчалыгын аныктоо максатында жазуучулар жергиликтүү эл (индейлер) жөнүндөгү эскерүүлөргө кайрылышкан. М. де Гальван (1834–1911) испандардын Вест-Индияны каратуудагы тарыхынан алып, «Энрикильо» романын жазган. 20-кылымдын баш ченинде адабияттагы модернизм О. Базиль (1884–1946), А. Лугонун чыгармаларынан көрүнөт. АКШ аскерлеринин Доминика Республикасын окку пациялашы (1916–24) адабиятта каршылык көрсөтүү мотивдерин күчөтөт. А. Ф. Рекенанын (1908–52) «Жер душманы» (1936), «Алоолонгон сапар» (1941), «Бейит белгиси жок көрүстөн» (1949), Р. Марреро Аристинин «Ашыкча пайда» (1939) романдарында ошол мезгилдеги татаал жагдайлар чагылдырылган. Доминика жазуучуларынын ичинен Энрикес Уреньялар да кеңири белгилүү. Саломе Уренья де Энрикес (1850–97) аялдардын педагогикалык курсун, аялдар үчүн алгачкы жогорку билим берүү борборун уюштурган. Анын уулдары Педро Энрикес Уренья (1884–1946), Макс Энрикес Уренья (1885–1968) маданият тарыхына арналган чыгармаларды жаратышкан.

16-кылымга чейин өлкөдө индейлердин искусствосу өнүгүп келген. 15-кылымдын аягы–16-кылымдын башында испандар соңку готика жана кайра жаралуу доорунун стилинде Санто-Доминго жана башка шаарларды курушту. 20-кылымдан имараттар жана айрым райондор АКШ архитектурасынын үлгүсүндө курула баштаган. Д. Сура, Х. Кольсон, Х. Энандес Ортега жана башка сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында европалык жана америкалык модернисттик агымдардын таасири бар. Улуттук реалисттик образдар С. Вос-и-Хиль, А. Бонилья, Х. О. Морель жана башка живописчилердин чыгармаларында түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1.