Түштүк Америка өлкөлөрүнүн жана көз каранды аймактарынын тизмеси

Википедия дан

Түштүк Америкада 12 эгемендүү мамлекет жана 3 көз каранды аймак жайгашкан. Батышынан Тынч океанынын түндүгүнөн жана чыгышынан Атлантика океанынын суулары менен чулганып турат, түндүк-батышында Түндүк Америка жана Кариб деңизи орун алган.

Түштүк Американын аянты болжол менен 17,840,000 чарчы километр (6,890,000 чарчы миль) же жер бетинин дээрлик 3,5% түзөт.

2018-жылга карата алынган маалыматтардын негизинде калкынын саны 430 миллион адамдан ашкан. Түштүк Америка аянты боюнча бардык континенттердин ичинен төртүнчү орунда (Азия, Африка жана Түндүк Америкадан кийин) жана калкы боюнча бешинчи орунда (Азия, Африка, Европа жана Түндүк Америкадан кийин) турат.

Түндүк менен Түштүк Американын чек арасы географиялык жактан Панама мойногу аркылуу өтөт, бирок атластарда жана башка булактарда эң көп кездешкен маалыматтарга ылайык Колумбия жана Панаманын чек арасы боюнча бөлүнгөн, дээрлик бардык атластарда Панама толугу менен Түндүк Америкага жана/же Борбордук Америкага кирген мамлекет катары көрсөтүлгөн.

Эгемендүү мамлекеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желеги Аталышы Расмий аталышы ISO Борбору Аянты/Орду Калкы/жыштыгы адам/км² Тили Акча бирдиги Карта
Аргентина Аргентина Республикасы ARG Буэнос-Айрес 2,780,400 км2[1] 82[1] 45,276,780[2] 16,8 Испанча Аргентина песосу
Боливия Көп улуттуу Боливия мамлекети BOL Ла-Пас, Сукре 1,098,581 км2[1] 272[1] 12,079,472[2] 11,1 Испанча, кечуача, аймарача, гуараниче ж.б. 33 тилде Боливия боливианосу
Бразилия Бразил Федеративдик Республикасы BRA Бразилиа 8,514,877 км22[1] 52[1] 214,326,223[2] 25,7 Португалча Бразилия реалы
Чили Чили Республикасы CHL Сантьяго 756,102 км22[1] 372[1] 19,493,184[2] 24,5 Испанча Чили песосу
Колумбия Колумбия Республикасы COL Богота 1,138,910 км22[1] 252[1] 51,516,562[2] 43,3 Испанча Колумбия песосу
Эквадор Эквадор Республикасы ECU Кито 283,561 км22[1] 732[1] 17,797,737[2] 61,7 Испанча АКШ доллары
Гайана Кооперативдик Гайана Республикасы GUY Жоржтаун 214,969 км22[1] 852[1] 804,567[2] 3,7 Англисче Гайана доллары
Парагвай Парагвай Республикасы PRY Асунсьон 406,752 км22[1] 582[1] 6,703,799[2] 18,3 Испанча, гуараниче Парагвай гуараниси
Перу Перу Республикасы PER Лима 1,285,216 км22[1] 192[1] 33,715,471[2] 25,2 Испанча, кечуача, аймарача Перу солу
Суринам Суринам Республикасы SUR Парамарибо 163,820 км22[1] 902[1] 612,985[2] 3,9 Нидерландча Суринам доллары
Уругвай Чыгыш Уругвай Республикасы URY Монтевидео 176,215 км22[1] 882[1] 3,426,260[2] 19,4 Испанча Уругвай песосу
Венесуэла Боливариана Венесуэла Республикасы VEN Каракас 912,050 км22[1] 322[1] 28,199,867[2] 33,5 Испанча Венесуэла боливары

Көз каранды аймактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Желеги Аталышы ISO Борбору Кайсы мамлекетке баш ийет Аянты Калкы Тили Карта
Гвиана GUF Кайенна  Франция 83,534 км2[1] 294,071 Французча
Фолкленд аралдары FLK Порт-Стэнли  Улуу Британия 12,173 км2[1] 3,398 Англисче
Түштүк Георгия жана Сандвич аралдары SGS Кинг-Эдуард-Пойнт  Улуу Британия 3,903 км2[1] Туруктуу жашаган калкы жок[3] Англисче

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.00 1.01 1.02 1.03 1.04 1.05 1.06 1.07 1.08 1.09 1.10 1.11 1.12 1.13 1.14 1.15 1.16 1.17 1.18 1.19 1.20 1.21 1.22 1.23 1.24 1.25 1.26 The World Factbook. Мамлекеттер, жер жана суу аянттарынын маалыматтары (англисче)
  2. 2.00 2.01 2.02 2.03 2.04 2.05 2.06 2.07 2.08 2.09 2.10 2.11 БУУ. Department of Economic and Social Affairs Population Division. 2022 Revision of World Population Prospects (англисче)
  3. Түштүк Георгия жана Сандвич аралдарынын Өкмөтү(англисче)

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]