Мазмунга өтүү

Кайенна

Википедия дан
Кайенна (2012).

КайеннаФранцуздук Гвиананын административдик борбору, шаар. Кайенна дарыясынын Атлантика океанына куйган жерде жайгашкан. Калкы 68,9 миң (2008; агломерациясында 100 миңден ашык). Деңиз порту [жылына 650 миң т (сыртка негизинен консерваланган креветка, ром, жыгач чыгарат; 2006) контейнер терминалы]. Эл аралык аэропорту бар.

К. 1643-ж. француздар Ла-Равардье деген ат менен негиздеген. 1777-жылдан азыркыдай аталып, шаар статусуна ээ. 1817-ж. толугу менен Франциянын карамагына өткөн. 18-кылымдын аягы. 20-кылымдын 1-жарымынан саясий сүргүнгө айдалчу жер катары пайдаланып келди. Колониялык доордун курулуштары (креолдордун үйлөрү) сакталып калган. Институттар (анын ичиндеПастердин, Гвиана илимий-изилдөө), Гвиана Антил университетинин филиалы, китепканалар, музейлер бар. Шаардагы эмгекке жарамдуу калктын 85% тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет. Ром өндүрүлөт. Тамак-аш (деңиз продуктуларын консервалоо), жыгаччылык өнөр-жай ишканалары иштейт. Жыл сайын январдан апрелге чейин дүйнөдөгү эң ири карнавалдардын бири өткөрүлөт. Кайеннадан 50 км алыстыкта Куру космос борбору жана космодрому (1968; Франция юрисдикциясында турат) жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]