Гвиана

Wikipedia дан

Гвиана, Француздук Гвиана Франциянын деңиздеги алыскы депертаменти (1946). Түштүк Американын түндүк-чыгышында жайгашкан. Батышынан Суринам, түштүгүнөн жана чыгышынан Бразилия менен чектешет. Түндүгүн жана түндүк-чыгышын Атлантика океаны чулгайт. Аянты 91 миң км2. Калкы 199,5 миң (2006), негизинен креол, метис, негр, ички аймактарында индейлер жашайт; алар негизинен океан жээктеринде отурукташкан. Административдик борбордук жана негизги деңиз порту Кайенна шаа Расмий тили француз тили. административдик-аймактык жактан 2 округга бөлүнөт. Акча бирдиги евро. Франция парламентинде Улуттук чогулуштун 3 депутаты жана 2 сенатору Гвиананын өкүлү. Гвиана бөксөтоосунун четки түндүк-чыгышын жана Гвиана түздүгүн ээлейт. Аймагы тоолуу түздүк (бийиктиги 850 м); аны түндүгүнөн ичке жээк ойдуңу курчап турат. Климаты субэкватордук, ысык жана нымдуу, айлык орточо температурасы 25-28°С. Жылдык жаан-чачыны 2700 ммден 3700 ммге чейин. Дарыялары көп, босоголуу. Ири дарыялары Марони, Ояпок, Апруаг. Кызыл-сары ферралит топурагы басымдуу. Аймагынын 90%тен ашыгын нымдуу жыш дайыма жашыл тропик токою (түндүгүндө жана борбордук бөлүгүндө бийик чөптүү саванна жана 500дөн ашык дарак өсүмдүктөрүнүн түрү жана башка) ээлейт. Океан жээктерин сейрек кездешүүчү деңиз ташбакалары мекендейт. 19 табигый аймак коргоого алынган. Гвиянанын аймагында алгач француздар 1604-ж. отурукташкан. Плантацияларында Африкадан алынып келинген кул негрлер иштеген. 18-кылымдын аягынан сүргүнгө айдалчу жерге айланган. 1946-жылдан Франциянын деңиздеги алыскы департаменти. Гвияна экономикасы артта калган агрардык өлкө. ИДПнин көлөмү 1,5 млрд долларды (АКШ) түзүп, аны киши башына бөлүшгүргөндө 8,3 миң доллардан туура келет. Экономикасында Франциянын космос борборунун мааниси зор (Куру космодромунан түшкөн киреше ИДПнин 25% ин түзөт). Чет өлкөлүк туризм өнүгүүдө. Ишке жарамдуу адамдын 61% тейлөө чөйрөсүндө, 21% өнөр жайда, 18% айыл чарбасында эмгектенет. Алтын казылып алынат. Жыгачтын баалуу түрү даярдалат. Креветка жана балык кармалып, беленделет. Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү: балкамыш (толугу менен ром өндүрүшүнө пайдаланылат), банан, шалы. Бодомал, чочко, үй куштары асыралат. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 800 км, суу жолунуку 460 км чакан кемелер үчүн. Башкы деңиз соода порту Дегра-де-Кан. Экспортко алтын, креветка, ром, жыгач чыгарылат. Сырттан азык-түлүк, отун, машина куруу жана химиялык өнөр жайы үчүн продукция алат. Негизги соода шериктештери: Франция, Швейцария, АКШ (экспорт); Франция, АКШ, Тринидад жана Тобаго (импорт).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]