Монтевидео

Википедия дан
Монтевидео.

МонтевидеоУругвай Республикасынын борбору, шаар. Монтевидео департаментинин административдик борбору. Атлантика океанындагы Ла-Плата булуңунун сол жээгинде, дениз деңгээлинен 500 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1,34 млн (2012; Уругвайдын калкынын 40% и). Жол тоому. Эл аралык аэропорту (Карраско) бар. Өлкөнүн маанилүү деңиз порту. Уругвай жана Парана дарыясы боюнча кеме катнашынын баштапкы пункту.

Шаар 1726-жылы испандар тарабынан негизделген. 1816-28-жылы Бразилиянын курамында болгон. Эт тоңдуруучу, нефть ажыратуу, металл иштетүү, цемент, химия, текстиль, булгаары-бут кийим өнөр жайы ишканалары иштейт. Ун-ттер, География жана тарых институтуту, ИИИлер (адабият академиясы жана башка), техникалык коллеж, улуттук кооз искусство жана зоология музейлери бар. Планетарий жана эки зоопарк уюштурулган. Собор (18-кылым, өтө кооздолгон), ратуша (19-кылым), чеп жана башка сакталган. 1726-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]