Жоржтаун

Википедия дан
Жоржтаун.

Жоржтаун - Гайана Кооперация Республикасынын борбор шаары. Демерара-Махайка регионунун административдик борбору. Өлкөнүн түндүк-чыгыш бөлүгүндө, Атлантика океанынын жээгинде жайгашкан порточо Калкы 238,7 миң (2007). Өлкөнүн экономикалык борбору жана ири жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуулук кылат. Өлкөдөгү эң ири кант корпорациясы, бир нече алдыңкы компаниялар (анын ичинен финансы жана башка), тамак-аш (анын ичинен кант, ром, пиво), тамеки, жыгаччылык өнөр жай. ишканалары иштейт. Унивеситет, тех. институт, коллеждер, Карнегинин экономикалык мектеби, калк китепканасы, музейлер (улуттук, антропология), театр («Гилд тиэтр»), улуттук маданий борбор бар.

Шаарды 1781-жылы англичандар негиздеп, Георг Шнүн урматынан аташкан, 1784-жылы Голландиянын Түш. Америкадагы ээлигинин борбору болуп, алар тарабынан Стабрук (Таброк) деп аталган. 19-кылымдын башынан англичандардын ээлигине өткөн. 1812жылдан азыркы атында аталат. 1831-1966-жылы Британиялык Гвиананын, 1966-жылдан Гайананын борбору. Ыйык Андрей (1811-18), жыгачтан салынган Сент-Жорж англичан (1889-94) жана католиктердин соборлору (1915-20), Улуттук ассамблеянын имараты (1829-34), ратуша (1887-89) жана башка сакталган. Ботан. бак, зоопарк уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]