Парамарибо

Википедия дан
Парамарибо.

ПарамарибоСуринам Республикасынын борбору. Өлкөдөгү эң ири шаар. Суринам дарыясынын Атлантика океанына куя беришинен 20 км өйдөрөөк жайгашкан. Климаты субэкватордук, ысык жана нымдуу. Орточо температурасы жылдын бардык мезгилинде 23°Стан 31°Ске чейин. Жылдык жаан-чачыны 2300-3000 мм. Калкы 241,3 миң (2010). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн башкы порту (боксит, жыгач, ром ташылат). Шаарды француздар 1640-ж. негиздеген. Тамак-аш (кокос майы сыгылат), тактай тилүүчү ишканалар иштейт. Дүйнөдөгү эң артта калган өлкө болгондуктан, маданий мекемелери өнүккөн эмес. Университет, музей, парк бар. Зеландия форту, цитадель (17-кылым) сакталган. Шаардын кууш көчөлөрүн мангр өсүмдүктөрү каптап, өзгөчө көрүнүшкө ээ. Туристтерди Парамарибонун чет жакасында жайгашкан Браунсберг улуттук паркы (дүйнөдөгү эң ири дайыма жашыл жапайы токой массиви) кызыктырат. Шаар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]