Боксит

Википедия дан
Боксит.
Боксит.

Боксит (фр. bauxite, Франциядагы Ле-Бо деген жердин атынан) негизинен алюминий гидроксидинен (35-85%), чопо менен карбонаттуу минералдардын кошундуларынан, темир, кремний жана титандын бирикмелеринен турган чөкмө тоотек. Бокситти түзүүчү минералдарга диаспор, бемит, гиббсит, гётит, гидрогётит, гидрогематит, каолинит, хлориттер, кальцит, галлуазит жана башка кирет. Өңү ар түрдүү, көбүнчө кызыл, боз. Климаты нымдуу келген тропиктик шартта жегичтүү, кычкылдуу, кээде негиздүү тоотектердин латериттик талкалануу процессинен жана көл менен деңиздерде чөкмө түрүндө пайда болот. Ири кендери Урал, Сибирь, Казакстан жана башка; чет өлкөлөрдө Венгрия, Румыния, Франция, Индия, Гана, Америка (Ямайка, Гайяна, Бразилия) жана башка жерлерде бар. Боксит алюминийдин негизги кенташы (к. Алюминий кенташтары). Ошондой эле ал боёк, цемент жасоодо жана металлургия менен нефть өнөр жайында пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]