Нидерланд тили

Википедия дан

Нидерланд тили, голланд тили – голланддардын тили, Нидерланддын мамлекеттик тили; Бельгиядагы расмий үч тилдин бири. АКШга, Вест-Индияга да тараган. Инди-европа тил уясынын (семьясынын) батыш герман тобуна кирет. Нидерланд тилинин лексикалык, фонетикалык жанаграммат. системасы англис жана немис тилдерине өтө жакын. Адабий тили 17-кылымдан өнүгө баштаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]