Роман тилдери

Википедия дан

Роман тилдери (лат. romanusримдик) - латын тилинен чыккан тектеш тилдердин тобу. Индевропа тилдерине кирет. Роман тилдери – бир нече топчого бөлүнөт: ибер-роман (испан, португал, каталон, галисий, арагон тилдери), галл-роман (француз, провансал тилдери), италия-роман тилдери (италян, корсика, сардиния тилдери), ретороман (Швейцария, Түндүк Италия аймагында жашаган романш, ладин, фриул элдеринин тилдери), балкан-роман (румын, молдован, аромун, мегленорумын ж. б. тилдер) жана 19-кылымда жок болуп кеткен далматин тили. Азыркы Роман тилине зат атооч менен сын атоочто эки роддун болушу, жөндөмөлөрдүн жоктугу (балкан-роман топчосунан башкасында), артикль ж. б. мүнөздүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]