Арагон тили

Википедия дан

Араго́н же нава́рра-араго́н тили (aragonés, navarroaragonés) —  азыркы Испаниядагы Арагон падышалыгында мурда кеңири таралган роман тили.

Расмий аталышы:

Араго́н
aragonés

Өлкөлөр:

 Испания

Аймактар:

Арагон

Колдонгондордун жалпы саны:

42 миң

Статусу:

жоголу коркунучу алдында

Классификациясы
Түрмөгү:

Евразия тилдери

Индоевропа бүлөсү

роман тобу
ибер-роман топчосу
пиреней-мосараб тилдери
пиреней тилдери
араго́н тили
Жазылышы:

латын алфавити

Тилдер коду
ISO 639-1:

[[1]]

ISO 639-2:

[[2]]

ISO 639-3:

[[3]]

Арагондун түндүгүндө Уэска провициясында (Пиреней тоолорунун өрөөндөрүндө) таралган. Сүйлөгөндөрдүн саны 42 миң адам.

Диалектилер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

• Батыш диалектилер: ansotano, cheso.

• Борбор диалектилер: belsetán, tensino, pandicuto, bergotés.

• Чыгыш диалектилер (каталан жана гаскон тилдердин таасири тийген): benasqués, grausino, fobano, chistabino, ribagorzano.

• Түштүк диалектилер: ayerbense, semontanés.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арагон тили 7-8-кылымдарда Пиренеядагы элдик латын тилинен келип чыккан. Тил баск субстратынын таасири астында өнүккөн. Тил мурда наварра-арагон деп аталып келген, анткени Арагон Наварра падышалыгынын бийлиги астында болгон. Реконкистанын натыйжасында Арагон өз аймагын кеңейтип, арагон тилин басып алынган мусулман жерлерине жайылткан.
Арагон Барселона графтыгы менен бириккенден кийин, арагон тилине каталон тилинин таасири тийген. Мамлекеттик иш кагаздарын жүргүзүүдө латын жана арагон тилдеринен тышкары каталон тили колдонула баштаган.
Арагон менен Кастилиянын бирдиктүү испан мамлекетине биригиши (1479) менен Арагондо испан (кастиль) тилинин жайылышын баштаган.
Франко диктатурасынан кийин арагон тилинин жанданышы башталган. Тилди сактоо жана өнүктүрүү боюнча чаралар көрүлдү. Диалектилерди жана орфографияны стандартташтыруу аракеттери көрүлүүдө.
Учурда аймактык тилдин статусун тилге таанытуу аракеттери көрүлүп жатат.
Арагон тилинде китептер, гезиттер, журналдар басылып чыгат. Интернет сайттар бар. Арагон тили мектептерде факультативдик предмет катары окутулат.

Лингвистикалык мүнөздөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арагон тили испан тилинен фонетикалык жактан айырмаланат.
Арагон тилиндеги артиклдердин жазылышы анын диалектилерине жараша болот.
Көпчүлүк башка окситано-роман тилдериндей эле, арагон тилинде латын тилинен алынган партитивдик жана жергиликтүү клитикалык ат атоочтор бар.
Батыш диалектилеринде анча-мынча баск субстраты байкалат.

Текстин мисалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Арагон жана испан тилдеринде "Биздин Атабыз" текстинин мисалы.

Арагон тилинде:

Pai nuestro, que yes en o zielo, satificato siga o tuyo nombre, bienga ta nusatros o reino tuyo y se faiga la tuya boluntá en a tierra como en o zielo. O pan nuestro de cada diya da-lo-mos güei, perdona las nuestras faltas como tamién nusatros perdonamos a os que mos faltan, no mos dixes cayer en a tentazión y libera-mos d’o mal. Amén.

Испан тилинде:

Padre nuestro que estás en el Cielo, santificado sea tu nombre, venga a nosotros tu Reino, hágase tu voluntad en la Tierra como en el Cielo, danos hoy nuestro pan de cada dia, y perdona nuestras ofensas, como también nosotros perdonamos a los que nos ofenden, no nos dejes caer en tentación, y líbranos del mal. Amén.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]