Баскилер

Википедия дан

Баскилер (өздөрүн эускалдунак деп аташат) - Испания менен Франциядагы жашаган эл.

Испанияда 800 миңге (1970), Францияда 130 миңге жакын, 250 миңге жакыны Латын Америкасындагы эмигранттар. Баск тилинде сүйлөшөт. Дини боюнча католиктер. Кесиби - мал чарбасы, дыйканчылык. Металлургия өнөр жайда, кенде иштешет. Баскилер васкондордун иберий урууларынын тукумдары. Баскилер жашаган территориянын түндүгү Франциянын (16-к. ), түштүк райондору бирдиктүү Испания мамлекетинин (15-к. аягы - 16-к. ) составына кошулган. Улуттук райондорду борборлоштуруу жана күч менен испандаштыруу саясатына Баскилер дайыма каршы күрөшкөн.

1931-39-жылдагы испан революциясы улуттук жаңы кыймылдын күчөшүнө алып келген. 1936-ж. октябрда автономия район түзүлүп, ал Басктар Өлкөсү болуп аталган. Өлкөнү Франконун фашисттик аскерлери басып алгандан тартып (1937-ж. июнь) Баскилер автономиясы жоюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.