Реконкиста

Википедия дан

Реконкиста (исп. reconquistar – кайра тартып алуу) – 8-кылымда маврлар (арабдар менен берберлер) басып алган Пиреней жарым аралындагы аймактарды жергиликтүү калктын 8–15-кылымда кайра тартып алышы. Реконкиста Ковадонга жанындагы салгылаштан (718) башталып, 1212-жылы Лас-Навас-де-Толосадагы салгылашта чечүүчү мааниге ээ болгон. 13-кылымдын ортосунда арабдарда Гранада эмирлиги гана калган (1492-жылы ал да кулаган). Тартып алган жерлерге жергиликтүү эл отурукташып, өз алдынча мамлекеттерди түзүшкөн. Реконкиста Пиреней жарым аралындагы мамлекеттердин тарыхында зор роль ойноп, алардын саясий-экономикалык өнүгүшүнө, улуттук маданиятынын калыптанышына таасир эткен.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]