Мехико

Википедия дан
Мехико.

Мехико (Mejico, Mexico), Мехико-Сити – Мексиканын борбору (1821-жылдан), шаар. Өлкөнүн борбордук бөлүгүндө, Мексика тайпак тоосунун түштүгүндө, тоо арасындагы өрөөндө, деңиз деңгээлинен 2234 м бийикте чачыранды жайгашкан. Мехикону бардык жагынан тоо курчап турат. Өзүнчө административдик бирдикти (федерация округун) түзөт. Калкы 8,5 млн (2010; Чоң Мехико шаар агломерациясында 23,6 млн). Калкынын саны боюнча дүйнөдө алдынкы орунда. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Жолдор тоому. Климаты субтропиктик. Январдын орточо температурасы 11,5°С, июлдуку 16°С. Жылдык жаан-чачыны 750 мм. Абанын өтө булгангандыгына байланыштуу шаардын үстүндө дайыма боз түшүп турат. Шаардын экологиялык абалы жылдан-жылга тездик менен начарлоодо. Жер титирөө жана чаңдуу бороон (1985-жылы эң катуу бүлгүнгө учураткан) тез-тез болуп турат.

Мехико испаниялык баскынчылар талкалаган Теночтитлан шаарынын ордуна испандар тарабынан 1521-жылы негиздеген. 1821-жылдан көз карандысыз Мексиканын борбору. 1847–48-жылдары АКШ, 1863–67-жылдары француздар, 1910–17-жылдары Мексика революциясынын учурунда дыйкандардын партизан отряддары ээлеген. 20-кылымдан Мексика мамлекетинин эң маанилүү саясий жана экономикалык борбору. 2-дүйнөлүк согуштан (1939–45) кийин өнөр жай тармагынын пайда болушу Мехиконун тездик менен өнүгүшүн шарттаган. Мехиконун тарыхый борборун Пласа де ла Конститусьон же Сокало аянты, Чапультепек паркы түзөт. Тамак-аш–татымал, текстиль, тигүү, бут кийим, фармацевтика, полиграфиялык, электр-техникалык, автомобиль кураштыруу, металл иштетүү жана цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Улуттук Илимдер академиясынын, университеттер (анын ичинде Латын Америкасындагы эң ири автономия университети; 1551), китепканалар, консерватория, театрлар (анын ичинде опера жана балет), комедия үйү (1597), алгачкы «Колисео» туруктуу калк театры (1673)], 150дөн ашык музей (улуттук антропология, маданият, «Полифорум Сикейрос», заманбап искусство ж. б.), обсерватория бар. Мехико – архитектуралык эстеликтер менен музейлер шаары. Шаарда 10 архитектуралык парк, байыркы пирамидалар (биздин заманга чейинки 450-жыл чен), улуттук кафедралуу собор (15–16-кылым), көптөгөн коомдук курулуштар, чиркөөлөр, монастрлар (16–19-кылым) сакталган. Ацтектердин байыркы курулмалары өзгөчө кызыгууну туудурат. Заманбап архитектуралык комплекстер (Д. Риверанын, Х. К. Оросконун, Сикейростун сүрөттөрү жана мозаикалары менен кооздолгон), университет шаарчасы (1949–54), олимпия оюндары өткөрүлчү стадиондор [1951–53; 20дан ашык, анын ичинде «Ацтека» (1968)] курулган. 1968-жылы Олимпия оюндары өткөрүлгөн. Жер астындагы сууну көп пайдалангандыктан, Мехиконун айрым бөлүктөрү чөгүүдө. Жыл сайын фестивалдар (кино, театр, бий) жана карнавалдар өткөрүлүп турат. Туризм (күнүнө 10296 киши түнөп өтөт) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]