Брисбен

Википедия дан

БрисбенАвстралиянын чыгышындагы шаар. Квинсленд штатынын администрациялык борбору. Калкы 1 041 839 киши (2011.). Брисбен дарыясынын боюнда, Тасман деңизинин жээгинде жайгашкан. Ири жолдор тоому. Океан кемелери үчүн ыңгайлуу порт. Эл аралык аэропорту бар. 1824-ж. негизделген. Шаардын тарыхый борборунда ратуша, парламент үйү, айкелдер композициясы жайгашкан. Король Георгий аянты университеттер, музей, искусство галерея, театрлар жана башка бар. Ботан. бак, зоопарк уюштурулган. Эл аралык кинофестивалдар, бүткүл дүйнөлүк «Экспо-1988» көргөзмөсү өткөрүлүп турат. Б. өлкөнүн ири өнөр жай борбору. Машина куруу (станок, өнөр жай жабдуулары, локомотивдер), химиялык нефть-химиялык, нефть ажыратуу, тамак-аш, жеңил өнөр жай ишканалары, кеме верфи иштейт. Аскерий вертолёттор чогултулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]