Екатеринбург

Wikipedia дан
Шаар
Екатеринбург
Yekaterinburg
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Орусия
Координаттар 56°50′0″N 60°35′0″E / 56.83333°N 60.58333°E / 56.83333; 60.58333Координаттары: 56°50′0″N 60°35′0″E / 56.83333°N 60.58333°E / 56.83333; 60.58333
Ички бөлүнүшү 7 аймак
Мэр Ройзман Е. В
Негизделген күнү 1781
Биринчи белгиленген 1781
Мурунку аталышы Екатеринбург (1924 чейин)
Свердловск(1924-1991)
Калкы 1 428 042 адам (2015-жыл)
Жыштыгы 2932,32 адам/км²
Улуттук курамы орустар — 89,04 %,
татарлар — 3,72 %,
украиндер — 1,03 %,
башкирлер — 0,96 %
жана башкалар
Диний курамы христиан, ислам
Убакыт аралыгы UTC+5
Телефон коду +7, (343)
Почта индекси 620XXX
Расмий сайты http://екатеринбург.рф/
 (орус.)  (англ.)
Сыйлыктары Order of Lenin Ribbon Bar.svg

Order of Lenin obverse Turova TB.png

Официалдуу эмес аттары Уралдын борбору, Екб, Ёбург, Екат
Екатеринбург (Орусия)
Locator Dot2.gif
Yekaterinburg

Екатеринбург (1924 – 91-ж. Свердловск) – Россиядагы шаар. Свердлов облусунун борбору. Ортоңку Уралдын капталында, Исеть дарыясынын боюнда жайгашкан. Калкы 1,4 млн (2007); калкынын саны боюнча Россиядагы 4-шаар (Москва, Санкт-Петербург, Новосибирскиден кийин). Темир жана автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен (1991). 1940-жылдын башында шаарда 85 завод, фабрика иштеген. Улуу Ата Мекендик Согуш мезгилинде алардын 50дөн ашыгы эвакуацияланган. Учурда оор машина жана прибор куруу, металл иштетүү, кара металлургия жана химия өнөр жай өнүккөн. Ири ишканалары: «Уралмаш» (кен байытуу, металлургия жана энергетика жабдуулары, домна меши жана башка), «Уралтрансмаш» (нефть жабдуулары, трамвай вагондору, жүргүнчү лифттер, үчүн тетиктер), «Уралхиммаш» (химия өнөр жай үчүн жабдуулар), «Уралэлектротяжмаш-Уралгидромаш», «Труба-мотор заводу» жана башка өндүрүш бирикмелери. Ошондой эле так механика, оптика, муздаткыч жасоочу жана башка заводдору, кара металлургия («Жогорку Исеть металлургия заводу»), электр-техника (кабель, трансформатор жана башка), химия, тамак-аш-татымал өнөр жай ишканалары, асыл таштардан асем буюмдарды жасоочу «Урал асыл таштары» заводу, «Калина» концерни (косметика, тиричилик химиясы) иштейт. Россия ИА­нын Урал бөлүмү, 137 ИИИ, 28 ЖОЖ (анын ичинде Урал тоо университети, медициналык академия жана башка), китепканалар, 5 театр (анын ичинде опера жана балет) бар. Музейлери: край таануу, Екатеринбург тарыхы, медицина тарыхы, сүрөт өнөрү жана башка Жазуучулар П. П. Бажов, Д. Н. Мамин-Сибиряк, М. Ф. Решетниковдун үй-музейлери бар. Шаар 1723-ж. металлургия заводунун курулушуна байланыштуу негизделген. Россия императору Екатерина Iнин урматына аталган. 1781-жылдан шаар. Классицизм стилинде курулган Расторгуев-Харитонов чарбагы (19-кылымдын башы), Тоо канцеляриясы (18–19-к.), Александр Невский собору (19-к.) жана башка сакталган. Екатеринберг – Уралдын ири финансы борбору; 50дөн ашык коммерциялык банк (анын ичинде Россиянын ири банктарынын филиалдары) иштейт. 2006-ж. В. А. Курочкин атындагы мюзикл жана опера артисттеринин эл аралык алгачкы конкурсу, 2003-ж. Урал-Сибирь илимий-өнөр жай көргөзмөсү өткөрүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1