Аляска
|
Аляска |
|||||
|
|||||
| Мамлекеттик Гимни | |||||
| Расмий тилдери | {{{Тилдери}}} | ||||
| Ири шаарлар | {{{Ири шаарлар}}} | ||||
| Башкаруу формасы | Штат | ||||
| {{{Башчыларынын милдеттери }}} | {{{Башчылары}}} | ||||
| Акча бирдиги | АКШ Доллар | ||||
| Телефон коду | +1 | ||||
Аля́ска (англ. Alaska [əˈlæskə], алеут тилинден которгондо — «Чоң балык жери», «Балык мекени» (ала’сх’а)[1]) — АКШ-нын эң чоң штаты, Түндүк Американын түндүк-батыш тарабында жайгашкан. Аляска жарымаралды, Алеут аралдарды, Александр архипелагты өзүнө камтыйт.
География[оңдоо | булагын оңдоо]
Штат, түндүк Американын түндүк-батыш тарабында жайгашкан, Беринг агымдыгы менен Чукот жарымаралындан(Россия) бөлүнгөн, чыгышта Канада менен бир чегараны бөлүшөт, батышта Россия менен чегарасы бар. Чоң бөлүгү материкте , жана көптөгөн аралдары бар. Алардын ичинде: Александр арал тобу, Алеут аралдары, Прибылов аралдары, Кадьяк аралы, Ыйык Лаврентий аралы. Тынч жана Түндүк Муз океандарына чыгышы бар. Тынч океан жээги менен Алясканын тоолору жайгашкан; ички Аляска бийиктешкен 600 метрден 1200 метрге чейин ,талаалары бар ; Түндүк-Батышта пастик океанга отүп кетет. Түндүктө Бурукс тоолорунан кийин Арктика пастиги жайгашкан.
Мак-Кинли чокусу (6194 м) — Түндүк Американын эң бийик жери. Жака-белинде Денали улуттук паркы бар.
Аляска вулкандары менен белгилүү.
1912 жылы "Новарупта" вулканынын жарылмасы менен , "Он миң үй" талаасы пайда болгон. Түндүк Аляска тундраларга бай. Түштүктө тундра , ормонго өтүп кетет. Штат тизмесине Беринг агымдыгындагы Кичи Диомид аралы(Крузенштерн аралы) кирет , 4 км узактыгында Россиянын Чоң Диомид аралы (Ратманов аралы) жайгашкан.
Тынч океан жээгинде аба жумшактыгы орточо; башка бөлүктөрүндө,арктикалык жана субарктикалык климат , кыштар иттей суук.
Шаарлары[оңдоо | булагын оңдоо]
Анкоридж - Алясканын эң чоң шаары 100 000-ден ашык адам жашайт. Фэрбенкс, Джуно (борбор шаары),Колледж,Василла - шаарларынын адам саны 100 000-ге чейин. Кичүү шаарлар 10 000 адамга чейин - Кетчикан,Ситка,Кенай,Кадьяк,ПалмерБетел, Барроу,Уналашка,Валдез,Солдотна,Хомер,Ном,Питерсберг,Коцебу,Сьюард,Диллинхэм,Кордова,ХейнсНорт-Поул,Эстер,Делта-Джанкшен,Гленналлен.