Америка Самоасы

Википедия дан
Америка Самоасы.

Америка Самоасы - АКШнын өзүн-өзү башкаруучу ээлиги. Тынч океандын батышында, Океаниянын борбордук бөлүгүндө, Полинезиянын түштүк-батышында жайгашкан.

Америка Самоасы.

Самоа архппелагынын чыгышындагы 7 аралын - Тутуила, Аунуу, Мануа (Нуутеле, Олосега, Офу, Тау) жана Суэйнс аралын, ошондой эле Роз атоллун камтыйт. Батышынан Самоа менен (мурдагы Батыш Самоа) чектешет. Аянты 199 км . Калкы 70,3 миң (2003; а. и. Тутуила аралында 58 миңге жакын); 81% самоалыктар, ошондой эле немис (евро-полинезиялык), америкалыктар, тонгалыктар, филиппиндиктер, корейлер, токелау, япон, кытайлар жашайт. Христиан (протестант, католик, мармондор) динин тутат. Борбору - Паго-Паго ш. Расмий тили - англис тили; калкынын көбү самоа тилинде сүйлөйт. Акча бирдиги - америка доллары. Административдик-аймактык жактан 3 округга (Батыш, Чыгыш - Тутулиа аралында; Мануа) жана 2 аралга (Суэйнс, Роз) бөлүнөт. Арал жанар тоонун аракетинен пайда болгон. Базальт менен капталган аскалар басымдуу. Эң бийик жери Лата тоосу (Тау аралында; бийиктиги 966 м). Эң чоң Тутуила аралынын батыш бөлүгүн (аянты 135 км2) аскалуу жапыз тоолор (653 м; Матафао чокусу) ээлеп, океанга тик түшөт. Жазы, терең Паго-Паго бухтасы (өчкөн жанар тоонун кратери) океандагы эң ыңгайлуу гавань. Арал шуру рифтери менен курчалган. Климаты нымдуу тропиктик, пассаттык. Июлдун орточо температурасы 25°С, февралдыкы 27°С, жылдык жаан-чачыны 2500-5000 мм. Декабрь-мартта тез-тез тайфун болуп турат. Дарыялары кыска келип, жээкке жетпейт. Пала, Кызыл көлдөрү (Аунуу аралында) бар. Аймагынын 70% нымдуу тропик токою менен капталган. Кокос пальмасы, бакчылык өнүккөн. Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 8000 доллардан (АКШ) туура келет. Чарбасынын башкы тармагын копра өндүрүү, балык жана балык консерва өнөр-жайы түзөт. Пемза жана пемзолит казылып алынат. 2001-ж. 121 млн кВт\с\ электр энергиясы өндүрүлгөн. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Жакшы пляждары, таза деңиз суусу болгону менен тайфунга байланыштуу эл аралык туризм начар өнүккөн. Кокос пальмасы, жашылча, таро, нан дарагы, ямс, ананас, папайя өстүрүлөт. Чочко, бодо мал асыралып, үй кушу багылат. Автомобиль жолунун узундугу 350 км (а. и. 150 кми асфальтталган). Темир жолу жок. Негизги деңиз порту Паго-Паго. Эл аралык аэропорту бар. Сыртка (Индонезия, Японияга) консерва чыгарып, сырттан консерва үчүн материал, азык-түлүк, нефть продуктуларын, машина куруу продукцияларын, тиричилик товарларын (Австралия, Японпя, Кореядан) алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]