Огайо

Википедия дан
Огайо.
Огайо.

Огайо (англ. Ohio, ирокез тилинде – кооз, фр. La Belle Riviere – кооз дарыя) – АКШдагы дарыя. Миссисипинин сол куймасы. Узундугу 1580 км, алабынын аянты 528,1 миң км2. Аппалачи тоолорунан башталып, Аппалачи платосун жана Борбордук түздүктү кесип өтөт. Башкы куймалары – Кентукки, Камберланд, Теннеси (сол). Суук мезгилинде суусу кирип ташкындайт. Орточо чыгымы 8000 м3/секдай. Шлюздар курулган, бүт агымы боюнча кеме жүрөт. Луисвилл шаары туштагы босоголорду айланып өтүүчү каналдар курулган. Алабында ири ГЭС, боюнда Питсбург, Цинциннати, Луисвилл шаары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]