Нью-Жерси

Википедия дан

Нью-Жерси (англ.-New Jersey) — АКШнын Түндүк-батышындагы штат. Ла-Манш куймасында жайгашкан Джерси аралынын атынын коюлган. АКШнын штаттарынын арасынан, штаттарга биригүүсү боюнча үчүнчү орунда турат. Калкынын жыштыгы — 8,717 млн адам (2005-жылга АКШда 9-орунду ээлейт). Этникалык курамы: италиялыктар — 17,9 %, ирландыктар — 15,9 %, афро-американецтер — 13,6 %, немистер — 12,6 %, поляктар — 6,9 %.

Борбор шаары - Трентон, штаттагы ири шаар болуп — Ньюарк эсептелет. Штаттын официалдуу аталышы — «Бакча штаты» (Garden State).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Илгери штаттын аймагында Ленапе уруусуна кирген индейцтер жашап келишкен. 1630-жылдары голландиялык көчмөндөр бул штатка отурукташа башташкан. Учурдагы Нью-Джерси, болочок Нью-Йорк штатынын жарымын кошуп Жаңы Амстердам борбору болуп турган Жаңы Нидерландиянын колонияларынын бири болчу. 1664-жылы полковник Ричард Николлздын флотилиясынын күчү менен Нью-Йорктогу нидерландия колониясын Англия басып алат.

1776-жылы Нью-Джерси британ колониясынын тизмегинде 13 катарда жазылган болот. Бирок «эгемендүүлүк үчүн согушта» эки согушуп жаткан өлкөгө уламдан улам өтүп турган, ушуга байланыштуу, ал «Революциянын кесилиши» (Crossroads of Revolution) деген ысымга ээ болгон. Бул ысым 1997-жылыы штатка атайын арналып чыгарылган 25 центтин бир жак бетинде көрсөтүлгөн.

1787-жылдын 18-декабрында Нью-Джерси АКШнын курамына кирген үчүнчү штат болгон. 1789-жылдын 20-ноябрьында штат биринчилерден болуп «Укуктар Биллине» кол коюшкан.

XX кылымдын акыркы он жылында штат Нью-Йорк агломерациясынын чоң бөлүгү болуп калган. Бул штатта Лас-Вегастан башка жападан жалгыз ири кумар оюндарынын борбору Атлантик-Сити орун алган (АКШнын башка штаттарында кумар оюн жайларын куруу тыйюу салынган). Инфраструктуранын жана элдердин жашоо денгээлинин жогору болушуна карабастан Флорида штатына калктын көчүп кетиши кескин көбөйгөн. Ошого карабастан штатка көчүп келүүлөр да аз эмес, басымдуу көпчүлүктү латиноамериканецтер түзүшөт, алардын арасында белгилүү Селия Крус да болгон.

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Штаттын жалпы аяниы — 22 608 км² (47-орунда, башкача айтканда АКШ штаттарын аягынан баштап санаганда бешинчи орунда). Штат үч негизги райондорго юөлүнөт — Түндүк Джерси, Борбордук Джерси жана Түштүк Джерси.

Жогорку денгээлдеги жаза[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылдын 17-декабрында губернатор Корзайн Нью-Джерсидеги өлүм жасасын алып таштоого кол койгон. Айова жана Батыш Вирджини (1965-жылы бул эки штатта алынган) штаттарынан кийин өлүм жазасын алып салуу боюнча Нью-Джерси үчүечү орунда турат[1]. Нью-Джерсинин абагында саналуу гана адамдар өмүр бою эркинен ажыратылсын деген өкүм менен камакка алынышкан. Ошондой эле Корзайн жаканда өлүм жазасынын ордуна алдын ала боштондукка чыгарылбастан өмүр бою эркинен ажыратылсын деген мыйзамга кол койгон.

Транспорттук каттам[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Штатты New Jersey Transit транспорттук компаниясы тейлейт . Анын курамына:

  • 300 ашуун автобустук каттамдар, Нью-Джерси штатын, Нью-Йорк, Филадельфия жана Нью-Йорккао жакын эл жашаган аймактар менен кошуп турат.


  • Жакында Нью-Джерсинин Түштүк-Батыш бөлүгүнө дизелдик май менен жүрүүчү ылдам трамвайды ишке беришти.
PATH(лат) карта системасы
PATH(лат) поездине кирүү
  • PATH штат аралык метро (Port Authority Trans-Hudson) — Манхэттендин борборун Нью-Джерси штатынын башка шаарлары менен бириктирип туруучу метро болуп саналат: Джерси-Сити, Хобокен жана эң алыс Ньюарк менен. Система Нью-Йорк жана Нью-Джерсинин Порттук Администрацисынын көзөмөлү астында иштейт. Бир сызыктан экинчи сызыкка түшүүдө кайтадан жол акысын төлөйсүз. PATH дүйнөдөгү күнү-түнү иштеген саналуу гана метролордун бири. Жер астында 65 % жолдор кесилишет. Сызыктын жалпы узундугу 22 км.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШнын экономиканы тескөө бөлүмүнүн анализине таянсак 2003-жылжын штаттын ИДП $397 млрд. түзгөн. Штаттын беш дубаны Кошмо Штаттардын эң догорку кирешелүү деген дубандары катары таанылган: Сомерсет (7-орунда), Моррис (10-), Хантердон (13-), Берген (21-), Монмаут (42-).

Белгилүү адамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. [1] Archived 2007-06-09 at the Wayback Machine Hester Jr., Tom (2007) N.J. Bans Death Penalty for Associated Press