Мазмунга өтүү

Ла-Манш

Википедия — ачык энциклопедия
Ла-Манш
фр. La Manche, англ. English Channel

Ла-Манш кысыгынын картасы
Координаттар: 50°11′01″ с. ш. 0°31′52″ з. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

75 000 км²

Эң терең жери

174 м

Орточо тереңдиги

63 м

Туздуулугу

34-35 ‰

Куйган дарыялар

Сена, Сомма, Орн

Максималдуу температурасы

15-18 °С

Минималдуу температурасы

6 °С

Өлкө

 Улуу Британия,  Франция

Океан

Атлантика океаны

Ла-Манш (Европа)
Ла-Манш
Ла-Манш Викиказынада
Ла-Манш.

Ла-Манш (фр. La Manche, сөзмө-сөз – салаа), Англис каналы – Европанын материктик бөлүгү (Франция) менен Улуу Британия аралынын ортосундагы кысык. Па-де-Кале кысыгы менен бирге Түндүк деңизди Атлантика океаны менен туташтырат. Узундугу 578 км, жазылыгы батышында 250 км, чыгышында 32 км. Фарватердеги тереңдиги 23,5 м, эң терең жери 172 м. Сайроондор (айрыкча чыгыш бөлүгүндө) көп. Суусу суткасына эки жолу ташкындайт; ташкындын бийиктиги айрым бөлүгүндө 12,2 мге (Сен-Мало булуңунда) жетет. Көбүнчө туман басып турат. Кысык аркылуу Түндүк жана Балтика деңиздеринин жээктериндеги өлкөлөрдү Түндүк жана Түштүк Америка, ошондой эле Африка, Азия, Австралия өлкөлөрү менен байланыштырган маанилүү жол өтөт. Балык кармалат.

Порттору: Портсмут, Саутгемптон, Плимут (Улуу Британия), Гавр, Шербур (Франция). Ла-Манш кысыгынын түбү менен Францияны Улуу Британия менен байланыштырган темир жол тоннели курулган (1994-ж. 6-майда ачылган); анын жалпы узундугу 51 км, анын 39 кми кысыктын таманынын асты менен өтөт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7