Түндүк деңиз

Википедия дан
Түндүк деңиз.

Түндүк деңиз (North Sea) - Атлантика океанындагы четки деңиз.

Европанын жээктеринде. Чыгышынан Скандинавия жарым аралы жана Юпгландия жарым аралы, батышынан Улуу Британия, Оркней жана Шетленд аралдары менен чектешет. Улуу Британия, Германия, Нидерланд, Бельгия‎, Франция, Норвегия жана Даниянын жээктерин чулгап жатат. Балтика денизи ы-нДания кысыктары, Атлантика океаны менен Па-де-Кале жана Ла-Манш кысыктары аркылуу туташат. Аянты 565 миң км2. Басымдуу тереңдиги 100 -мге чейин; түштүк бөлүгүндө тайыздыктар, морена чөкмөлөрүнөн турган банкалар көп (мис., түштүк жээгиндеги Доггер-Банка; тереңдиги 14-15 м). Эң терең жери - 725 м. Ачык деңизде аралдары жок. Чыгышында гана Фриз майда аралдар тизмеги бар. Эң чон аралы - Гельголанд.

Түндүк деңиз.

Түндүк деңиздин түндүк-чыгыш жээктери (Норвегия) фьорддуу, түштүк-чыгышы тегиз, кумдуу, түштүгүндө ваттар кездешет. Батышында кууш бухталар көп. Нидерланддын жээктеринде ташкын көп болгондуктан дамбалар менен суу сактагычтар курулган. Деңизге Эльба, Везер, Рейн, Темза ж. б. ири дарыялар куят. Климаты мелүүн. Суунун бетинин орт. температурасы февралда 2-7°С, августта 12-19°С. Туздуулугу 32-34,5%о. Декабрдан апрелге чейин тоңот. Жыл бою батыштан, түштүк-батыштан нымдуу шамал согот. Деңиз үстүн көп мезгилде туман каптап турат. Суткада 2 жолу (бийикт. 7,6 мге чейин) ташкындайт. Деңгээли ташкындын жана шамалдын таасиринен 67 жге, Шотландиянын жээгинде 11 -мге чейин көтөрүлүп, жээктерин суу каптайт, кеме каттамына кыйынчылык туудурат. Балык (сельдь, треска, тунец, камбала) кармалат. Деңиздин акваторияларында нефть (Абердин) жана газ (Экофиск, Тролл) кендери бар. Негизги порттору: Роттердам, Амстердам (Нидерланд), Антверпен (Бельгия), Лондон, Иммингем, Халл (Улуу Британия), Гамбург, Бремен, Вильгельмсхафен (Германия), Гётеборг (Швеция), Осло, Берген (Норвегия).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4