Норвегия

Википедия дан

Норвегия Падышалыгы
норв. Kongeriket Norge

Герб
Туу Герб
Гимн: «Ja, vi elsker dette landet
Ооба, биз бул өлкөнү сүйөбүз»
Эгемендүүлүк күнү 7-июнь 1905-ж. (жарыяланган)
26-октябрь 1905-ж. (таанылган)

( Швециядан)

Расмий тили норвежче
Борбор шаары Осло
Ири шаарлар Осло, Берген, Тронхейм, Ставангер
Башкаруу формасы конституциялык монархия
Падышасы
Премьер-министри
Харальд V
Йонас Гар Стөре
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
67 - дүйнөдө
385 207 км²
5,7
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

5 550 203 адам (119)
14,40 ад./км²
ISO коду NO
ЭОК коду NOR

Норвегия (норв. Norsk), ырасмый аталышы — Норвегия Королдугу (норв. Kongeriket Norge) – Түндүк Европадагы мамлекет. Скандинавия жарым аралынын батыш жана Түндүк бөлүгүн ээлейт. Шпицберген архипелагы (Аюулуу аралы кошо) жана Ян-Майен аралы да Норвегиянын курамына кирет. Түндүк-чыгышынан Баренц, түндүк-батышын Норвег жана түштүгүнөн Түндүк деңиздери жана Скагеррак кысыгы чулгайт. Чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Швеция, Финляндия, Россия менен чектешет. Аянты 324,2 (аралдары менен 387) миң км2. Калкы 5,5 миллион (2023).[1] Борбору – Осло шаары Административдик-аймактык жактан 19 фюлькеге бөлүнөт. Акча бирдиги – норвегия кронасы.

Норвегия – БУУнун (1945), НАТОнун (1949), Европа (1949), Түндүк (1952) кеңештеринин, ЭВФтин (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), Европа эркин соода ассоциациясынын (1960), Экономикалык өнүгүү жана кызматташуу уюмунун (1960) жана башка уюмдардын мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норвегия – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – конституциялык-парламенттик монархия. Мамлекет жана өкмөт башчысы – король. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – эки палаталуу парламент (Стортинг). Аткаруу бийлигин премьер-министр баштаган өкмөт ишке ашырат. Негизги саясий партиялары: Норвег жумушчу партиясы, Прогресс партиясы, Консервативдик партия, Социалисттиксолчул партия, христиандык-демократиялык партия жана башка.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норвегия – тоолуу өлкө. Аймагынын көпчүлүк бөлүгүн Скандинавия тоолору (эң бийик жери – Гальхёпигген чокусу, бийиктиги 2469 м) ээлейт. Норвег жана Түндүк деңиздеринин жээктери фьорддор (Согне-фьорд, Хардангер-фьорд жана башка) менентилмеленген. Өлкөнүн аймагынын 39 миң км2и 1000 мден жогору, 91 миң км2и 500– 1000 м бийиктикте, калганы бийик тоолор жана саздак жерлер. Климаты (жылуу Гольфстрим агымынын таасири чоң) деңиздик мелүүн: жайы салкын, кышы жумшак. Эң четки түндүктө субарктикалык. Январдын орточо температурасы –12ден 2˚Сге чейин; июлдуку 6–15˚С. Жылдык жаан-чачыны 300–3000 мм. Дарыялары көп, бирок тоңбойт. Гидроэнергияга бай. Ирилери: Гломма, Логен, Бегна; эң чоң көлү – Мьёса. Өлкөнүн аймагынын 21%тен ашыгын токой каптап жатат. Ийне жалбырактуу тоо токою басымдуу. Түштүгүндө жазы жалбырактуу, түндүгүндө тоо жанатокой тундрасы өсөт. Топурагы – тундра топурагы. Көптөгөн канаттуулар деңизге тик түшкөн аскалардын коңулдарын уялашып, канаттуулар базарын түзөт. Кара кур, керең кур жана чилдер мекендешет. Кен байлыктары: темир, никель, жез, молибден, кобальт, күмүш, газ, нефть жана башка Улуттук парктары: Бергефьелль, Түштүк Шпицберген, Түндүк-чыгыш Свальбард жана башка.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калкынын негизин норвегдер (95%) түзөт. Ошондой эле саамдар, квендер, финндер, шведдер, дандар жана башка улуттар да жашайт. Расмий тили – норвег тили. Калкынын 87,8%и лютеран динин тутат. Калгандары жана башка протестант мененкатоликтер. Орточо жыштыгы 1 км2ге 14 киши (2004). Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники –74 жаш, аялдарыныкы – 81. Төрөлүүнүн деңгээли төмөн (1000 кишиге 12,86), өлүм-житим орточо (1000ге 10,35). Жаш балдардын өлүмү төмөн (1000ге 6,1). Шаар калкы 77% (2008). Ири шаарлары: Ставангер, Берген, Тронхейм жана башка.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норвегия аймагын адам болжол менен биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктан мекендеген. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыктын ортосунда Түштүк Скандинавиядан келген герман уруулары жергиликтүү калк менен аралашып кеткен. 9–10-кылымда Норвегияда саясий жактан биригүү башталып, 11–13-кылымда алгачкы феодалдык мамлекет калыптанган. Норвегия 1262-жылы Исландияны каратып, Гренландияны басып алууга аракеттенген. 14-кылымдан Швеция менен Даниянын Н-га карата экспансиясы башталып, 1380-жылы түзүлгөн Уния боюнча Данияга саясий-экономикалык жактан көз каранды болгон. 1536-жылдагы реформация боюнча Норвегия 1537-жылы (ага чейин королдук статусун сактап келген) Даниянын провинциясына айланган. Феодалдык эзүүгө жанадандардын кысымына каршы 15-кылымдын ортосу – 16-кылымдын башында дыйкандар көтөрүлүшү чыккан. 17-кылымдагы Дания-Швеция согушунун натыйжасында Норвегиянын айрым аймактары Швецияга өткөн. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдагы экономикалык жогорулоого байланыштуу Норвегияда шаардык буржуазия калыптанып, Норвегияны Даниядан бөлүү талабы менен чыгышкан. Киль тынчтык келишими (1814) боюнча Н. Даниядан Швецияга өткөн. 1814–1905-жылы Шве(% м-н) 52,7, өнөр жайдыкы 45,1, айыл чарбаныкы 2,2. 2007-жылы 142,7 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 95%тен көбү ГЭСке туура келет. Нефть (дүйнөдө 11-орунда), жаратылыш газы (5-орунда), таш көмүр, темир, жез, цинк, коргошун, никель, молибден, күмүш, гранит, мрамор жана башка казылып алынат. Өнөр жайынын алдынкы тармактары: машина куруу (деңизде нефть бургулоочу платформалар, кеме гидравлика турбиналары, балык тазалоочу жабдуулар, электр-техникалык, электроника жана башка), электр-металлургия (сырттан алынып келинген сырьёдон алюминий, никель, магний, цинк эритилип алынат), химиялык (боёочу жана жуучу каражаттар жана башка), жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, тамак-аш (суусундуктар, тамеки). Айыл чарбасынын негизин мал чарбачылыгы (сүт багытындагы бодо мал, кой) түзөт. Негизги азыгы – картөшкө. Дан эгиндери, чөп айдалат. Бодо мал, кой жана башка асыралат. Балык уулоо боюнча дүйнөдөгү алдынкы 10 өлкөнүн бирөө (жылына 2,4 миллионт; айна көз, сайда, треска кармалат). Жасалма жол мененбалык (жилингир, сом; жылына 0,8 миллионтдан ашык) көбөйтүлөт. Деңиз продуктулары даярдалып, балык беленделип сыртка чыгарылат. Автомобиль жолунун узундугу 93,0 миң км (2009; анын ичинен асфальтталганы 72,0), темир жолунуку 4,1. Ири порттору: Осло, Берген жана башка Сыртка нефть (дүйнөдө 5–6-орунда), газ (3-орун; Норвегиянын экспортунун 68%ин түзөт), түстүү металл (алюминий, магний жана башка), химикаттар, кеме, машина жана башка чыгарылат. Негизги соода шериктери: Улуу Британия, Германия, Швеция, Нидерланд, Франция жана башка.

Билим берүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, толук орто, атайын жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Окутуу акысыз. 1993-жылдан окутуунун сапатын жогорулатуу реформасы жүргүзүлгөн. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 91%ти түзөт (2013). ЖОЖдору, ири илимий мекемелери, китепкана, музейлери бар. Коомдук саясий жана маданий агартуу ири гезит-журналдары чыгат. Радиоуктуруу 1951-жылдан, телекөрсөтүү 1953-жылдан, ошондой эле маалымат агенттиги 1968-жылдан иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норвег адабияты негизинен байыркы исланд адабияты менен тыгыз байланышта өнүккөн. 12– 13-кылымда скальд менен тарыхчылардын чыгармалары, феодализм доорунда христиан динине сугарылган адабият өкүм сүргөн, Реформация жылдары диний лирика пайда болгон. Эл турмушун П. Дасс (17-кылым) чебер сүрөттөсө, 18-кылымда буржуазиялык агартуу идеясы К. Туллиндин поэмаларында таасын чагылдырылган. Норвегия Жазуучулар союзу 1893-жылытүзүлгөн. 90-жылдардын башында импрессионисттик мүнөздөгү лирика кеңири тараган (С. Обстфеллер, В. Краг). 1900-жылдардын башында адабиятта реализм басымдуулук кылган. 20-кылымдынбашында саясий окуялардын (Норвегия 1905-жылы Швецияга көз карандылыктан кутулган) таасиринде жазуучулар көркөм чыгармаларды жаратышкан. Ошол мезгилде Норвегия адабиятында символизм, импрессионизм, натурализм багыттары пайда болгон. Сигрид Унсеттин маанилүү темаларынын бири – аялдык эмансипациянын проблемалары. Ошондой эле Я. Кристенсен, К. Эльстер кичүүсү, Р. Ёльсен жана башка жазуучулар келишкен. Драматургияда Борген («Андерсендер»), Т. Скагестадан («Деңиз жээгиндеги шаар», 1962) жана башка эмгектенишкен. А. Хьелланна «Ал жок деп айтты» деген пьесасында социалдык баа берүү менен согушка каршы чыкса, Бьёрнебу «Чымчыктарды сүйүүчүлөр» пьесасында фашизмдин кайра жаралуусуна каршы болгон. Х. Хагеруп «Кечки күндүн адамы» (1962) жана «Мышык сепили» (1967) пьесаларын экспрессионисттик маанайда жазган.

Архитектура жана сүрөт искусствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норвегияда неолит жанаколо доорундагы таштарга чегилген байыркы сүрөт-чиймелер эсептелет. Архитектуранын өнүгүү башаты 11–13-кылымга таандык. 12–14-кылымда англиялык роман (Ставангердеги собор, 12-кылым) жана готика (Тронхеймдеги собор, 12-кылым) архитектурасынын таасиринде таш архитектурасы калыптанган. Көз карандылык, экономиканын начарлашы 14– 16-кылымда Норвегиянын көркөм мадабиятын төмөндөткөн. 16-кылымдын 2-жарымынан Норвегия даниялык провинциянын статусун алгандан кийин айрым экономикалык өсүш башталып, Германия, Нидерланд, Англия жана башка европалык өлкөлөр менен соода байланышы кеңийт. Ошол учурда Кайра жаралуунун архитектурасынын элементтери (Берген шаарындагы Розенкранц сепили, 1562–68) байкала баштайт. Алар айрыкча 17-кылымда норвег ак сөөктөрүнүн ири поместьелеринде короо жайларынан [Эрланндагы Эустрот усадьбасы, 1654–56, арх. У. Бьелке (1611–74); Хардангер-фьордго жакын жердеги Розендаль усадьбасы, 1661–65, арх. Розенкранц (1628–85)] ачык көрүнгөн. 18-кылымда барокко жана рококо архитектурасынын белгилери үстөмдүк кыла баштайт. 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында архитектурада эрте классицизмдин чыгармалары пайда болот. 19к-дын 2-жарымында Н-нын архитектурасында Европанын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле эклектика басымдуулук кылган: Ослодогу Стортингдин имараты (1866, швед архитектору Э. В. Ланглет, 1824–98). Н-га олуттуу талкаланууну алып келген. 2-дүйнөлүк согуштан кийин курулуш негизинен турак үйлөрдү тургузууга, өнөр жай калыбына келтирүүгө багытталган. 1948–50-жылдар элүү жылга түзүлгөн «Чоң Осло» долбоору боюнча калк жашоочу райондор курула баштаган.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Норвегиянын профессионалдык музыкалык искусствосу негизинен норвегиялык фольклордун негизинде, 19-кылымдагы улуттук-боштондук кыймылга байланыштуу өнүккөн. Викингдер, скальддар, рыцарлар, биринчи королдор жөнүндө лирикалык-эпикалык ырлар (12–16-кылым) сакталып калган. Орто кылымдык чиркөө музыкасы Норвегияда европалык музыканын таасирдин нугунда өнүккөн. 16-кылымда элдик ырчылардын – зингмейстерлердин искусствосу тараган. 14–16-кылымда Норвегия Даниянын бийлиги астында турган кезинде улуттук кесипкөй искусство дээрлик өнүкпөй калган. Биринчи көрүнүктүү музыканттары – органист жана дирижёр Ф. Грот, композитор А. Флингенберг, органист Ф. Фогель (18-кылымдын 2-жарымы – 19-кылымдын башы). 1850–60жылдары улуттук музыкалык мектеп түзүлө баштайт; анын негиздөөчүлөрү: Х. Хьерульф – норвег романсын түзүүчү; У. Булль – композитор-импровизатор жана виртуоз-скрипкачы; Р. Нурдрок – улуттук музыканы жайылтуучу, улуттук гимндин автору. Ушул музыканттардын ишмердиги норвег музыкасынын классиги, композитор Э. Григдин чыгармачылыгынын гүлдөшүнө өбөлгө болгон. 1950-жылдар норвег композитор-авангардисттердин тобу пайда болгон: Б. Фонгар, Ф. У. Арнестад, А. Нурхейм, А. Янсон. Норвегияда 8 музыкалык бирикме, анын ичинен Норвегия композиторлор союзу, Музыка маселери боюнча комитет, Ослодо Норвег операсы (1958-жылдан), 2 консерватория – Ослодо жана Бергенде симф. оркестр жана башка иштейт, музыкалык фестивалдар (1953-жылдан) өткөрүлүп турат.

Театры[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Улуттук театрынын башаты – диний жана турмуш үрп-адаттарында жатат. 18-кылымдын ортосунда Кристианиде (азыркы Осло) жана Бергенде алгачкы театр труппалары пайда болгон. 1780-жылы Кристианиде дайыма иштеген театр түзүлүп, У. Шекспирдин, К. Гольдонинин пьесалары, ошондой эле улуттук театрдын башында турушкан Б. Анкердин жанаЭ. Фаллесендин театрлаштырылган прологдору коюлган. 1850-жылы Бергенде Норвег театры ачылып, аны драматургдар Г. Ибсен, анан Б. Бьерсон жетектешкен. Бул театрдын ишмердиги кийинки Н. улуттук театр искусствосунун гүлдөшүнө алып келген. 1899-жылы Ослодо улуттук театр түзүлүп, анын репертуарында көрүнүктүү орунду Г. Ибсен менен Б. Бьёрнсондун драмалары, У. Шекспир, Ф. Шиллер, Ю. А. Стринберг, Б. Шоу жана башка драматургдардын чыгармалары ээлеген; труппага атактуу норвег актёрлору (Х. Кристенсен, А. Одвар, Х. Стурмоэн, Д. Кнудсен, Х. Обель, Г. Григ, Т. Сегельке, А. Маурстад, А. Мувинкель, Ю. Дюбвад жана башка) кирген. 19-кылымдын аягы – 20-кылымдын башында Кристианиде, Бергенде, Тронхеймде, Ставангерде жаңы театрлар ачылган. 20–30-жылдарда мыкты театр коллективдери Х. Крогдун жана коммунист-жазуучу Н. Григдин буржуазияга каршы драмаларына кайрылышкан. Норвегиянын театрларынын сценаларында советтик драматургдардын да (М. Горький, А. Г. Глебов жана башка) чыгармалары пайда болгон.

Киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Фильмдерди чыгаруу 1908-жылы башталган. Биринчи киностудиясы 1916-жылы уюшулган. 30-жылдары курч социалдык жана этикалык проблемаларды чагылдырылган фильмдер пайда болгон, мисалы,«Селсаяк» (1934), «Экөө тирүү, бирөө өлгөн» (1937). Фашисттик оккупациянын учурунда бийликтегилер кинону нацисттик пропаганданын куралы кыла алышкан эмес. 2дүйнөлүк согуш бүткөндөн кийин Н. киноисквосунун жетишкендиктери каршылык көрсөтүүгө арналган, оккупанттарга каршы кино тасмаларды коюу менен байланышкан: «Биз жашагыбыз келет» (1946, режиссёр У. Дальгар), «Качкындар» (1946, режиссёр Г. Саннё), «Оор суу үчүн салгылаш» (1948, режиссёр Т. Вибе-Мюллер). 1968-жылы норвегиялык кинематографисттери советтик-норвегиялык биргелешкен «Болгону бир өмүр» (режиссёр С. Г. Микаэлян) аттуу фильмди тартууга катышышкан. Өлкөдө документалдык, илимий-популярдык (режиссёр П. Хест, А. Берг, Я. Викборг, Т. Хейердал) жана мультипликациялык кино (режиссёр И. Каприно) тартуу өнүккөн. 1955-жылдан Ослодо улуттук киноархив иштейт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Population, 2023-01-01 (англ.). Statistics Norway (21 February 2023). Текшерилген күнү 1 -март (жалган куран) 2023.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]