Финндер

Википедия дан

Финндер (өздөрүн суомалайсет деп аташат) - финн-угор эли, Финляндиянын негизги калкы.

Ошондой эле АКШ, Швеция, Канада, Россия, Австралия, Улуу Британия, Эстония, Норвегияда да жашашат. Жалпы саны 5430 миң киши, а. и. Финляндияда 4,9 млндон ашык (2010). Финн тилинде сүйлөйт. Динге ишенгендери - лютерандар. Финндер этноними алгачкы жолу Птолемей географиясында кездешкен. Финндердин этностук негизин 8-кылымда азыркы Финляндия аймагына жер которуп келип, жергиликтүү саам калкы менен ассимиляцияланган байыркы прибалтика-финн уруулары түзгөн. Швеция бийлигинде болуп, 1809-1917-ж. Россия империясынын курамына кирген. 19-кылымдын экинчи жарымында Финндер улутка айланган. Финндер Октябрь революциясынан (1917) кийин өзүнчө мамлекет болуп бөлүнгөн. Салттуу кийимдери майрамдык-символикалык мааниде бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Аялдары - саймаланган көйнөк, ак сарафан, юбка, жеңсиз кофта, башына чепец кийип, алжапкыч тагынышат, Эркектери - көйнөк, тизеге чейин ыштан, желет, күрмө, кафтан кийишет. Тамак-ашы негизинен дан, сүт, балык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4