Мазмунга өтүү

НАТО

Википедия дан

Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму, НАТО (англ. North Atlantic Treaty Organization, NATO) — расмий түрдө эмне максатта курулгандыгы маалымдалбаса да, II Дүйнөлүк согушта пайда болгон саясий бөлүнүүчүлүктө Англиянын лорду Ысмайдын айтуусу боюнча, «Россияны сыртта, Германияны моюн сунган абалда жана АКШны ичкериде» кармоо үчүн курулган аскердик уюм.

Түндүк Атлантикалык Келишим Уюму (ТАКУ)
англ. North Atlantic Treaty Organization: NATO
фр. Organisation du traité de l'Atlantique nord: OTAN

     НАТОго мүчө мамлекеттер
Мүчөлүк:

32

Штаб-квартира:

Бельгия  Брюссель

Ырасмый тилдери:

англис, француз

Жетекчилери
Баш катчы

Норвегия  Йенс Столтенберг

Негизделген
Негиздөө күнү

4.04.1949

НАТО борбордук штабы, Брюссель,  Бельгия

НАТО, 2022

Мындайча айтканда, бул уюмдун курулушундагы негизги максат СССРге каршы коопсуздукту сактоо үчүн эле эмес, ошол эле мезгилде Европанын коопсуздугун коруу, АКШнын бул абалга карата жардамын камсыз кылуу жана Германиянын жаңыдан куралдана башташы Европага коркунуч жарата тургандыгынан улам бул абалдын алдын алуу. Себеби ошол мезгилде АКШ Конгресси менен АКШ эли өз өлкөсүнүн Европа континентиндеги саясий мамилелерге аралашуусун каалаган эмес. НАТО 1949-жылы 9-апрелде Вашингтон келишиминин негизинде курулган жана коллективдүү түрдө коргонуучу уюм катары белгилүү.

Вашингтон келишиминин 3, 4, жана 5- беренелери аябай маанилүү. Бул беренелерде белгиленгендей, НАТОго мүчө болгон мамлекеттер биргеликте аскердик күчтөрдү өнүктүрүүгө, мүчө мамлекеттердин кайсы биринде анын территориясын бөлүп-жарууну, саясий туруктуулукту бузууну максат кылган кандайдыр бир басып алуучулук болгондо аны жалпы уюмду басып алуучулук деп таанууга жана ага каршы күрөшүүгө милдеттендирилген.

НАТОнун түзүлүшүнө каршы болгон СССР менен Чыгыш Блоктун мамлекеттери да өз ара конвенцияларды түзүшкөн. Ошентип, дүйнөдө кансыз согуштун башталышына себепкер, касташкан эки блок жаралган. СССР менен Чыгыш Блоктогу өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн Варшава келишими 1955-жылдан 1991-жылга чейин өкүм сүргөн. Түркия Аднан Мендерес премьер-министр болуп келгенге чейин бул блоктордун ортосунда бейтарап абалда турган.

Аднан Мендерес премьер-министр болгондон кийин Түркия АКШга оой баштаган жана жыйынтыгында 1952-жылы НАТОго мүчө болгон. Түркия ошол эле Аднан Мендерес башкарып турган убакта Корея согушуна АКШ менен Түштүк Кореянын тараптары катары 1000 аскер жөнөткөн жана ушуну менен НАТОго берилгендигин далилдеген. Норвегия, Дания сыяктуу Түндүк Европа өлкөлөрү Түркиянын НАТОго мүчө болушуна каршы болушкан. НАТО бир эле тышкы саясатта эмес, мүчө өлкөлөрдүн ички саясатында да маанилүү роль ойногон. Мисалы 1950-жылдарда Италиядан баштап уюмга мүчө мамлекеттердин баарында Өздүк Кыймыл Уюмдары курулган. Гладио деп аталган бул уюмдар өлкөлөрдөгү саясий режимге каршы күрөшкөн бардык солчулар менен оппозиция күчтөрүнүн алдын алуу жана аларга каршы күрөшүү үчүн курулган. Бул уюмдар айрыкча тектүү мамлекет термининин да жаралуусунда маанилүү роль ойногон. Көпчүлүк мүчө мамлекеттерде бул уюмдар калк тарабынан куугунтукталып, уюмдун жоопкерчилигин алган адамдар соттолсо да, Түркия жана башка кээ бир мамлекеттер мындай процессти баштарынан өткөргөн эмес.

Дүйнөдө кансыз согуш бүткөндөн кийин НАТО Гладио уюмдары ыдырады деп жарыялаган, бирок азыр да бул уюмдардын толук түрдө тарап, тарабастыгы жөнүндө так маалымат жок. Учурда НАТОнун негизги жобо жана принциптери талкууланууда жана СССР менен Чыгыш Блогу ыдырагандан бери НАТО өзүнө жаңы принциптерди коюуну пландаштырууда. Күн өткөн сайын көбөйүп бараткан террордук аракеттерге каршы күрөшүүнү НАТО азыр негизги миссиясы катары кабыл алууда. 2005-жылы көп сандагы табигый кырсыктардын болуусу уюмдун табигый кырсыктарга каршы күрөшүүсүнө түрткү болду. Ошондой болсо да НАТО Босния геноцидине каршы эч кандай алгылыктуу чара көргөн эмес. Айрыкча Гладио уюмдарынын пайда болушу жана АКШнын Ирак менен Афганистанга чабуулу учурунда НАТОнун бул кырдаалга карата жасаган мамилеси коомчулукта кызуу талкууну жана сын пикирлерди пайда кылган. Мындан башка Европа Уюмунун чечимдери НАТОго эч кандай таасир тийгизбегендиктен көпчүлүк эл аралык уюмдар НАТОго каршы оппозициялык маанайга өтө баштаган.

НАТО уюму айрымдардын айтуусуна караганда, «террорист уюм» катары таанылууда. XXI босогосун аттагандан бери НАТОнун келечеги жөнүндөгү талаш-тартыштар мурдагыдан да күч алууда. Анти НАТО Борбору. Кансыз согуштун жемиши катары эсептелген НАТО согуш бүткөндөн кийин өзүнүн негизги принциптеринин маанисин жоготкон. Бирок ошондой болсо да НАТО Россияга каршы терс пикирде болчу. Ал эми Орто жана Чыгыш Европадагы ар тараптуу өнүгүү Россиянын тынчын алып жаткан болчу. Ошондуктан НАТОнун Чыгыш Европаны көздөй агылуусуна тоскоол болуу үчүн 1994-жылы 23-бештин айында Россиянын борбору Москва шаарында «Анти НАТО Борбору» курулган. Украина Элдик Оппозициянын лидери Натали Витренконун демилгеси менен курулган бул борбор мындан башка дагы бир максатты да көздөгөн болчу. Ал максат саясий структурасы олку- солку абалда болуп турган Украина мамлекетинин НАТОго кирип кетүүсүнө тоскоол болуу болчу.

Борбордун иш жүргүзүү чөйрөсү боюнча берилген рапорттто төмөнкүдөй маалыматтар берилген: «Россияда көп сандаган украин улутундагы адамдар жашайт жана алар өлкөсүнүн НАТОго мүчө болуусуна каршы. НАТОнун чыгышка карай кеңейүүсүнүн алдын алуу үчүн курулган бул борбор талаш-тартыштын, талкуунун, кабарлашуунун жана жолугушуунун платформасы болот». Өткөн жылы Батыштын колдоосу менен саясий режимин өзгөрткөн Украина НАТОго кирүүнү кааласа, Россияны колдогон оппозиция күчтөрү анын НАТОго кирүүсүнө каршы болгон. Россия НАТОнун кеңейүүсүн каалабагандыктан, мындан эки жыл мурда Рим аркылуу НАТО-Россия Кеңешин түзгөн. Кеңештин чечимдерине караганда Россия НАТОнун иш жүзүнө ашып, ашпоосу белгисиз болгон чечимдери үстүндө таасирдүү боло алат. Башка тараптан болсо Россия менен Украинанын ортосундагы табигый газдын баасынын өсүшүнө жана аскердик базалардын ижара акыларынын көбөйүшүнө байланышкан пикир келишпестиктер дале чечиле элек. НАТОнун аскердик структурасы.

Уюмдун аскердик структурасы мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринен же алар тарабынан дайындалган атайын өкүлдөрдөн түзүлөт. НАТО Кеңешине каршы жоопкерчиликти мойнуна алган Аскердик Комитет уюмдун эң жогорку статустагы аскердик уюму болуп саналат. Ал НАТО Кеңеши менен Коргоо жана Пландоо Комитетине аскердик абал жөнүндө маалыматтарды берип турат жана бул маселе боюнча сунуштарды киргизет. Аскердик Комитетти жогорку статустагы эки НАТО командачылыгы жетектейт.

Жогорку статустагы НАТО Командачылыктары: Аскердик Комитетке тиешелүү эки чоң командачылык бар. Алар: Атлантика Союздаштарынын Командачылыгы жана Европа Союздаштарынын Командачылыгы. Мындан башка Канада жана АКШ Жергиликтүү Пландоо Топтору да бар. Коргоо жана Пландоо Комитетинин 1992-жылы 12-бугудагы чечими боюнча «Синхан» аттуу Манш Союздаштарынын Командачылыгы түзүлгөн. Бул кийинчеээк уюмдун бардык жоопкерчиликтерин мойнуна алган жана 1994-жылы 1-июлдан арта «Афнортвест» деген ат менен Европа Жогорку Командачылыгына киргизилген. Европа Союздаштарынын Командачылыгы негизинен төмөнкү аймактарга карата жоопкерчиликти мойнуна алган: түндүктө Норвегиянын түндүк тарабынан Ак деңиздин түштүк жээгине чейинки жерлер; батышта Атлантика океанынан Түркиянын чыгыштагы чек араларына чейинки аймактар.

Бул командачылыктын «Шейп» аттуу резиденциясы Бельгиянын Монс шаарында жайгашкан. Анын командири «сасеур» деген титул менен белгилүү. Сасеурдун астындагы негизги командачылыктар төмөнкүлөр: Түндүк-Батыш Европа Союздаштарынын Командачылыгы – АФНОРТВЕСТ, Борбордук Европа Союздаштарынын Командачылыгы – АФСЕНТ жана Түштүк Европа Союздаштарынын Командачылыгы – АФСОУТЗ. АФСОУТЗга (Түштүк Европа Союздаштарынын Командачылыгы) караштуу уюмдар төмөнкүлөр:

1. ЛЕНДСОУТЗ. Бул уюмдагы кандайдыр бир италиан генералы Италиянын коопсуздугун сактоого милдеттендирилет.

2. ЛЕНДСОУТЗИСТ.Резиденциясы Измирде жайгашкан. Уюмдагы кандайдыр бир түрк улутундагы генерал Түркиянын коопсуздугун сактоого милдеттендирилет.

3. АИСОУТЗ. Аба Командачылыгы. Ал НАТОдогу аскердик структуранын өзгөрүү себептерине жана башка түрдүү шарттарга байланыштуу иш алып барат. НАТОнун туруктуу принциптери төмөнкүлөр: -Уюм союздашууга жана коргонууга багытталган иштерди жүргүзөт. -Коомчулуктун өзүнө болгон ишенимин арттыруу үчүн каршы тарапка күч колдонууга негиз бар. -Мүчө мамлекеттердин аймактык биримдигине жана көзкарандысыздыгына кепилдик берүү менен дүйнөлүк тынчтыктын сакталышына салым кошот. -Мүчө мамлекеттердин кайсы бирине кол салуу - уюмга кол салуу деп кабыл алынат (5-берене). -Уюм Европада Американын конвенциалдык жана атомдук күчү болуш керек деп эсептейт. -НАТО коллективдүү түрдө коргонууга, кызматташууга жана улуттар аралык интеграцияга негизделген иштерди жүргүзөт. -Уюм кандайдыр бир чечүүсүз маселеде же козголоңдо акыркы чечимге барганга чейин конвенциалдык жана атомдук күчтөрдү үзгүлтүксүз колдонуу керек деп эсептейт.

Атомдук күчтөр саясий максатта колдонулат жана ал уюмдун туруктуулугуна кепилдик берет. Бул күчтөр согушту жана дүйнөлүк тең салмактуулукту бир калыпта кармап жана коргоп туруу максатында колдонулат. НАТОнун кеңейтилиши. НАТОну кеңейтүүдөгү негизги максат ар тараптуу укук жана милдеттердин тегерегинде уюмга жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу жана ал аркылуу НАТОнун ээлеген аянтын кеңейтүү болуп саналат. 2004-жылы 29-жалган куранда НАТОго жаңы 7 мамлекет мүчө болгон. Алар: Болгария, Эстония, Латвия, Литва, Румыния, Словакия, Словения. 2009-жылы 1-чын куранда НАТОго Албания жана Хорватия катышкан. 2017-жылы 5-кулжада Черногория, 2020-жылы 27-жалган куранда Түндүк Македония, 2023-жылы 4-чын куранда Финляндия НАТОго кошулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Эл аралык мамилелер сөздүгү/ Түз. Аббас Караагачлы; котор. Топчугүл Нармаматова, -Б.:КТМУ, 2008.- б. ISBN 978-9967-24-921-9
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4