Исландия

Wikipedia дан

Flag of Iceland.svg

Исландия, Исландия Республикасы – Атлантика океанынын Түндүк бөлүгүндө жайгашкан Исландия аралындагы мамлекет. Түндүгүнөн Гренланд, чыгышынан Норвег деңиздери менен чулганып, батышындагы Дания кысыгы Иисландияны Гренландиядан бөлүп турат. Аянты 103 миң км2. Калкы 312,9 миң (2007). Борбоpy – Рейкьявик шаары Расмий тили – исланд тили. Акча бирдиги – Исландия кронасы. Администрациялык-аймактык жактан 23 областка (сислага) бөлүнүп, алар Исландия статистикасында 8 регионго биригет.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2007):

Региондору

Аянты,

км2

Калкы,

миң

менен

Администрациялык борбору

Батыш (Вестюрланд)

9,6

15,5

Боргарнес

Батыш фьорддор (Вестфирдир)

9,4

7,3

Исафьордюр

Борбордук (Хёвюдборгарсвайди)

1,1

196,1

Рейкьявик

Түндүк-Батыш (Нордюрланд вестра)

12,8

7,4

Сейдауркроукюр

Түндүк-Чыгыш (Нордюрланд эйстра)

22,0

28,8

Акюрейри

Түштүк (Сюдюрланд)

24,5

23,5

Сельфосс

Түштүк жарым аралы (Сюдюрнес)

0,9

20,4

Кеблавик

Чыгыш (Эйстюрланд)

22,7

13,9

Эйильсстадир

Мамлекеттик түзүлүшү.[оңдоо | булагын оңдоо]

Исландия унитардык мамлекет. Башкаруу формасы парламенттик республика. Азыркы конституциясы 1944-ж. 17-июндан күчүндө. Мамлекет башчысы президент (35 жаштан жогору Исландия жараны төрт жылдык мөөнөткө шайлана алат). Анын бийлиги бир кыйла чектелген. Исландия өкмөтү башында премьер-министр турган министрлер кабинетинен турат. Өкмөт парламент (альтинг) алдында жоопкер, бирок министрлерди президент дайындайт жана кызматтан кетирет. Мыйзам чыгаруу бийлиги 63 депутаттан турган альтингге таандык. Ал 1991-ж. чейин жогорку жана төмөнкү палатадан турган, учурда бир гана палаталуу. Конституцияга толуктоолор жана өзгөртүүлөр парламент аркылуу киргизилет. Саясий партиялары: Көз каранды эместик партиясы, Прогрессивдүү партия, Либералдык партия, Социал-демократиялык альянс, Жашылдар жана солчулдар альянсы. Исландия – БУУнун (1946), НАТОнун (1949), Европа Советинин (1950), Түндүк Советтин (1952) ЕККУнун (1973), Экономикалык кызматташуу жана өнүгүү уюмунун (1961), Европа эркин соода ассоциациясынын (1970), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) мүчөсү.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Аралдын рельефинде базальт менен капталган жанар тоо платолору (бийиктиги 400–800 м) басымдуу; платолордо көп сандаган жанар тоолор (Гекла, Лаки, Аскья ж. б.) жайгашкан. Түндүк-батыш, Түндүк жана чыгыш жээктери аскалуу, булуң-буйткалуу фьорддуу; аралдуу түштүк-батыш жана түштүк жээктери кумдуу, жайык. Жер титирөө тез-тез болуп турат; 200дөй жанар тоо бар, анын 26сы аракеттеги жанар тоо, эн активдүүсү Гекла. Ысык булактар – гейзерлер (250дөн ашык) бар. Исландиянын эң бийик жери – 2119 м (Хваннадальсхнукюр чокусу). Климаты субарктикалык деңиздик. Январдын орточо температурасы жээктеринде 0°С, тоолордо 10°Сге чейин, июлдуку жээктерде 11°Сден тоолордо 0°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 500–2000 мм, мөңгү жаткан жерлерде 4000 ммге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 11,8 мин км2 (ирилери Ватнайёкюдль, Лаунгйёкюдль, Хофсиёкюдль). Мөңгүлөрдөн башталган дарыяларда босоголор менен шаркыратмалар көп; гидроэнергияга бай. Көлдөр көп. Тоо тундра, чым көңдүү саз, кылкандуу шалбаа өсүмдүктөрү, кайың токоюнун чакан массивдери (аймагынын 0,02%ин) ээлейт; көп жеринде өсүмдүк өспөйт. Жээк суулары балыкка бай. Исландияда 85 аймак коргоого алынган (өлкөнүн аянтынын 12%), андагы Тингведлир улуттук паркы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 93%тен ашыгы исланддар; калгандарын негизинен 1990–2006-ж. Борбордук жана Чыгыш Европадан (поляктар, латыштар, эстондор, мурдагы Югославия өлкөлөрүнөн келгендер), ошондой эле Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Азиядан (филиппиндер, тайвандыктар) келгендер. Бала төрөлүү боюнча Европада Ирландиядан кийин 2-орунда (1000 кишиге 14,3 бала), өлүм-житим аз (1000 кишиге 6,2 адам). Исландия Европадагы жаш курактагы калкы басымдуу өлкө; орточо жашы 35,9 жаш (2005). 15 жашка чейинки балдар калктын 21,8%ин, 65 жаш жана андан кары курактагылар 11,7%ин (европалык орточо көрсөткүчтөн кыйла төмөн), эмгек курагындагылар (15–64) 66,5%ин түзөт. Калктын жашынын күтүлгөн орточо узактыгы 80,7 жаш (эркектердики 79,2, аялдардыкы 83,1 жаш). Калктын орточо жыштыгы: 1 км жерге 3,1 киши. Калктын 4/5ү шаарда, анын 1/2инен ашыгы борбордук агломерацияда жашайт. Экономикалык активдүү калктын 71,8%и тейлөө чөйрөсүндө, 18,7%и өнөр жайында, курулушта, электр жана жылуулук менен камсыз кылууда, 6,1%и балык кармоодо жана аны иштеп чыгарууда, 3,4%и айыл чарбасында эмгектенет. Ири шаарлары: Рейкьявик (калкы 117 миң; 2008), Коупавогюр (28,5 миң), Хабнарфьордюр (25 миң), Гардабайр (9,7 миң), Сельтьяднарнес (4,4 миң), Акюрейри (16,7 миң), Кеблавик (8,3 миң), Сельфосс (6,4 миң) ж. б.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Исландиянын аймагында адам (негизинен норвегиялык колониячылар) 870-жылдан жашай баштаган. Исланддар 875-ж. Гренландияны ачып, 982-ж. аралга түшүшкөн, 1000-ж. ченде Түндүк Америкага жеткен. 1000-ж. Исландия элдик чогулушу – альтинг христиан динин кабыл алган. Ак сөөктөрдүн ич ара чыр-чатагынан пайдаланып, 1262–64-ж. Исландияны Норвегия королу басып алган. 1380-ж. Исландия (Норвегия менен бирге) Дания униясына, 1397-жылдан Кальмар униясына кирүүгө аргасыз болгон. Норвегия королдук статустан ажырагандан кийин (1537), Исландияны Дания өкмөтү башкарган. 1814-ж. Исландия Дания монархиясынын курамына киргизилген. Исландияда 19-кылымдын 20–30-жылдарында алгачкы майда өнөр жай ишканалары курулган. Исландия интеллигенциясы улуттук-боштондук кыймылына жетекчилик кылган. Кыймылдын күчөшүнөн улам Дания 1874-ж. Исландияга ички иштери жагынан чектелген (1903-ж. кеңейтилген) автономия берген. 1896-ж. Исландиянын биринчи профсоюзу, 1893-ж. алгачкы саясий партиясы (Көз карандысыздык партиясы) негизделген. 1918-ж. 30-ноябрда Дания менен Исландиянын жекече униясы жөнүндө келишим түзүлүп, Дания королу башкарган королдук болуп, Исландиянын бейтараптыгы жарыяланган. 1920-ж. 18-майда Исландиянын конституциясы кабыл алынган. 2-дүйнөлүк согушта (1939–45) Исландияга англиялык аскерлер (1940, май) түшүрүлүп, 1941-ж. «Исландияны согуш убагында коргоо» жөнүндө АКШ өкмөтү менен түзүлгөн келишимге ылайык америкалык аскерлер менен алмаштырылган. 1943-ж. декабрда Дания-Исландия униясынын мөөнөтү аяктаган. 1944-ж. 20–23-майда өткөрүлгөн референдумда Исландия калкы унияны бузуу жанар республикасынын жарыяланышы үчүн добуш берип, 16-июнда альтинг жаңы конституция кабыл алган жана 17-июнда Исландияны республика деп жарыялаган. Исландия Маршаллдын планына (1948), НАТОго (1949) кирген. 1970–90-жылдарда оңчул центристтик жана солчул центристтик өкмөттөр бири бирин алмаштырып турган. 1978–79-ж. О. Йоуханнесондун солчул центристтик өкмөтү (Прогрессчил партия, Элдик союз, Эркин ойлоочулар жана солчулдар союзу) улуттук экономиканы өнүктүрүү, калктын турмушун жакшыртуу багытында бир топ чараларды жүзөгө ашырган. 2003-ж. парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча Көз каранды эместик партиясы менен Социал-демократиялык альянс партиясы Гейра Хаард жетектеген коалициялык өкмөт түзүлгөн. 2006-ж. АКШ жана Исландия Кеблавиктеги америкалык согуштук базаны Исландия өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндөгү макулдашууга кол коюшкан.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Исландия – дүйнөдөгү эң өнүккөн өлкөлөрдүн бири. ИДПнин өлчөмү 11,89 млрд доллар (2007), аны киши башына бөлүштүргөндө 39,4 миң доллардан туура келет. Экономикасынын негизин балык кармоо жана андан азык даярдоо, электр-энергетика жана анын базасында өнүп чыккан энергия сыйымдуу алюминий өндүрүшү, ошондой эле тейлөө чөйрөсү (негизинен чет элдик туризм, финансы сектору) түзөт. ИДПдеги тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 69%, өнөр жай менен курулуштуку 24,7%, айыл чарба менен балыкчылыктыкы 6,2% (2005).

Өнөр жайы[оңдоо | булагын оңдоо]

Өнөр жайынын башкы тармактарынын бири энергетика жана жылуулук менен камсыз кылуу (ИДПнин 3,6%и). Исландия «шаркыратмалар жана гейзерлер өлкөсү» болгондуктан, гидро- жана геотермалдык энергия ресурстарына кыйла бай. Калыбына келүүчү энергия (ККЭ) булагынын негизинде уникалдуу энергетика системасы түзүлгөн. Жылуулук-энергетика балансында ККЭнин үлүшү 72% (анын 17%и гидроэнергия, 55%и геотермалдык энергия); энергия ресурсуна болгон муктаждыгынын 28%ин импорттун эсебинен толуктайт. 2006-ж. 8,68 млрд кВт-с электр энергиясы өндүрүлгөн, анын 80,8%и ГЭСке, 19,1%и геотермалдык электр станцияларга (ГеоЖЭС) туура келет. Өлкөдө кубаттуулугу 210 МВтга жеткен 5 ГеоЖЭС иштейт. Геотермалдык суулары негизинен шаарларды жылуулук менен камсыз кылууда (анын ичинде үй жылытуу, тротуардагы кармузду кетирүү), сүзүү бассейндерин толтурууда, күнөскана чарбаларында ж. б. пайдаланылат. Исландия электр энергиясын киши башына бөлүштүргөндө (29,3 миң кВт.с) дүйнөдө 1орунда турат. Келечекте өлкөнүн экономикасын калыбына келүүчү энергия булактарына (анын ичинде суутек отунуна) толук өткөрүү каралууда. Иштеп чыгуу өнөр жай ИДПнин 12%ин түзөт. Алюминий өнөр жай өлкөдөгү маанилүү тармак; ал И-нын электр энергиясынын 51%ин пайдаланат, продукциясы негизинен экспортко чыгарылат. Кара металлургия ферросилиций өндүрөт. Экономикасынын маанилүү сектору балык кармоо (ИДПнин 4,8%и) жана аны кайра иштетип чыгаруу (2%). Исландия балык кармоо жана анын продукциясын экспорттоо боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. 2006-ж. 1,4 млн тонна балык жана балык продуктулары кармалган, анын 2/3ден ашыгы путассу, мойва, треска, сельдь ж. б. Балык уулоочу 1692 кемеси бар. Ири порттору: Нескёйистадюр, Вестманнаэйяр, Эскифьордюр, Гриндавик, Рейкьявик ж. б. Балыкты кайра иштетүүчү ишканалары балык комбинаттары, муздаткычтар, консерва заводдору ж. б. деңиз жээктей жайгашкан. Продукциясынын басымдуу бөлүгү (тоңдурулган балык филеси, туздалган жана кургатылган балык, балык уну жана майы) экспорттолот. Балык өнөр жайынын муктаждыгын канааттандырууга багытталган кеме куруу жана аны ремонттоо өнөр жай , деңиз продуктуларын кармоо жана кайра иштетүүчү, жогорку технологиядагы жабдуу (деңиз толкунунда так иштөөчү тараза ж. б.) чыгаруучу заводдор бар. Негизги борборлору: Рейкьявик, Акюрейри, Исафьордюр.

Айыл чарба[оңдоо | булагын оңдоо]

ИДПнин 1,4%ин айыл чарба түзөт. Эт, сүт продуктуларына, жумурткага, ошондой эле жашылчага болгон ички муктаждыгын өзү канааттандырып, бир бөлүгүн Гренландия менен Фарер аралына сатат. Эт-жүн багытындагы кой жана сүт багытындагы мал чарбасы өнүккөн. 2006-ж. 455,7 миң кой, 68,7 миң уй, 75,6 миң жылкы (исланд мукур жылкысы; туризмде кеңири пайдаланылат), 166,2 миң үй кушу болгон. Айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 22%ин ээлейт (2,2 млн га); айдоо жерлери негизинен тоют өсүмдүктөрүн (чөп, арпа, картөшкө, тоют чамгыры) өстүрүүгө эле шалбаа жана жайыт катары пайдаланылат. Күнөскана чарбасы өнүгүүдө; жылуу булактардын суусу менен ысытылган күнөсканаларда жашылча, гүл ж. б. өстүрүлөт. 2005-ж. 9,73 миң тонна дан эгин, 7,25 миң тонна картөшкө, 1,51 миң тонна помидор, 1,5 миң тонна бадыраң, 0,42 миң тонна сабиз, 0,39 миң т капуста жыйналган.

Туризм[оңдоо | булагын оңдоо]

Чет элдик туризм (негизинен экологиялык) өнүгүүдө. Туристтерди негизинен аралдын өзгөчө ландшафты (катып калган жанар тоо лавалары «ай пейзажын» элестетет), тоолору жана фьорддору, жанар тоолору жана гейзерлери, шаркыратмалары, ачык асман астындагы термалдык суу бассейндери ж. б. өзүнө тартат. 2006-ж. Исландияга 422 миң турист (анын 25%и Скандинавия өлкөлөрүнөн, 16%и Улуу Британиядан, 13%тен ашыгы АКШдан, 9%тен ашыгы Германиядан) келген.

Транспорт[оңдоо | булагын оңдоо]

Транспорттун негизги түрлөрү деңиз, автомобиль жана аба жолдору. Темир жолу жок. Автомобиль жолунун узундугу 13,1 миң км (2006). Өлкөдөгү 11 аэропорттун 4ү эл аралык аэропорточо Сырткы соодасынын көлөмү 10,07 млрд доллар (2005), анын 3,62 млрд доллары экспортко, 6,45 млрд доллары импортко таандык. Экспортко негизинен деңиз продуктулары (тоңдурулган балык филеси, жаңы кармалган, туздалган жана кургатылган, тоңдурулган балык, балык уну жана майы, тоңдурулган креветка ж. б.), өнөр жай товарлары (негизинен алюминий, ферросилиций), кеме, айыл чарба продукциялары ж. б. чыгарылып, импортко өндүрүштүк продукция, сырьё, өнөр жай курулуш үчүн продукция, транспорт каражаттарын (автомобиль, кеме), нефть продуктуларын алат. Экспорттун 75%и, импорттун 65%и Европа Союзунун өлкөлөрүнө туура келет. Ири соода шериктери: Германия, АКШ, Нидерланд, Улуу Британия, Норвегия, Дания, Швеция, Япония, Испания.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Исландияда алгачкы мектеп Хоулардагы епископтордун резиденциясында уюшулган. 1784-ж. Скаульхолттогу мектеп Рейкьвик шаарына көчүрүлгөн. Орто кылымдарда агартуучулук иштерин негизинен монастрлар жүргүзгөн. Учурдагы билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия (1994), милдеттүү окутуу (1995), толук орто билим (1996), университеттер (1997) жөнүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат. Мектепке чейинки тарбия үчүн акы төлөнөт. Бардык деңгээлдеги окуу жайларында окутуу акысыз. Мамлекеттик окуу жайлары басымдуу. Кесиптик билим берүү 10 жылдык мектептин базасында кесиптик окуу жайларында, төрт жылдык колледждерде жана кесиптик мектептерде жүргүзүлөт. Эң алгачкы колледж Рейкьявик шаарында 1846-ж. негизделген.

Билим берүү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мамлекеттик Жогорку окуу жайлары, Хоулардагы университеттик колледж (1882), Боргарнес шаарындагы Айыл чарба университети (1889; 2005-жылдан университет), Рейкьявиктеги Изилдөө университети (1911) ири билим берүү жана илим борбору 20дан ашуун ИИИлерди, анын ичинде Арни Магнуссон институтун (1972; байыркы Исландия адабиятын изилдейт, курамында Манускрипт музейи бар) камтыйт, Акюрейри шаарындагы университет (1987) ж. б. Менчик Жогорку окуу жайлары: Боргарнес шаарындагы университет (1918, 1988-жылдан университет), Рейкьявик университети (1998), Исландия искусство академиясы (1999) ж. б. Илимий мекемелери: Исландия илимдер жана адабият академиясы (1918), Исландия изилдөө кеңеши (1994; деңиз, технологиялык, айыл чарба, балык индустриясы, курулуш ИИИлерин бириктирет). Рейкьявикте Улуттук жана университет китепканасы (1994), шаардык (1993) китепкана, Улуттук архив (1882), Улуттук музей (1863), улуттук галерея (1884) Хусавик шаарында Каттер музейи ж. б. бар.

Басма сөз кызматы[оңдоо | булагын оңдоо]

Күн сайын 5, апта сайын 5 гезит чыгарылат (2007), анын ичинде «Моргунбладид» (1913-ж. негизделген), Дагбладид-вишир, «Фреттабладид» (2003) ж. б. бар. Мамлекеттик, менчик телеканалдар, бир нече коммерциялык жана спутниктик каналдар, радио берүүлөр иш жүргүзөт. Мамлекеттик радиостанция 1930-жылдан, улуттук телекөрсөтүү 1966-жылдан иштейт.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Байыркы Скандинавия фольклорунун салтында өнүккөн Исландиянын адабий мурастары 13-кылымдан белгилүү. Айрыкча алардын сагалары (баатырдык баяндар) дүйнөлүк адабиятка зор салым кошкон (мисалы, «Ньял жөнүндө сага», «Эгил жөнүндө сага» ж. б.). Снорри Стурлусондун (11781241) «Кенже Эдда» мифтик трактаты, Стурла Тордарсондун сагалары, Х. Пьетурссондун (1614–74) исальмалары» Исландия адабиятынын мыкты үлгүлөрүнөн. 18-кылымда Исландия сөз өнөрүнө европалык адабияттын күчтүү таасири тийген. 19-кылымда Исландия адабиятында кайра жандануу мезгили болгон. Бул учурдун көрүнүктүү акындары: Й. Хальгримссон, Б. Тораренсен. 19-кылымдын ортосунда биринчи исланд романы (Й. Тородсен, «Кыз-жигит») жана исланд пьесасы (М. Йохумссон, «Скуга Свейди», 1864) пайда болуп, 20-кылымда Исландия адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Хальдор Кильян Лакснесстин (1902–98) (Нобель сыйл. лауреаты, 1955), Гуннар Гуннарсондун, кийинки авторлордон модернист Т. Вильхьяульмссондун, Э. Каурасондун, акын жана прозаик Э. М. Гвюдмундссондун чыгармалары белгилүү.

Архитектурасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Эзелки исланддар жер кепе өңдүү узун тамдарда жашаса, 19-кылымда калай капталган, 2–3 кабат жыгач тамдар курула баштаган. 1920-жылдардан Исландия архитектурасына азыркы форма, конструкция, композиция, ыңгайлуулук киргизилип, 4–5 кабат тамдар, өнөр жай курулуштары курулган (архитекторлор С. Гудмундссон, Г. Самуэльссон ж. б.). Исландия элине жыгачка оюу түшүрүү, сайма, тордоо өнөрү айрыкча мүнөздүү. Исландияда музыка эзелтен болгонун элдик эпостогу насаат ырлар айгинелеп турат. Христиан дини менен кошо протестанттык хоралдар киргизилип, ырлар негизинен музыкалык асиапсыз эле аткарылган. Негизги музыкалык аспаптары лангшпиль, скрипка. Профессионал музыка 19-кылымдын акырынан калыптана баштаган. Ага негиз салуучулардын бири улуттук гимндин автору, композитор С. Свейнбьёрнссон. 20-кылымда композиторлор чыгармачылыгында азыркы музыкалык техниканы пайдаланып, фольклордук негизде улуттук музыканы түзүүгө аракеттенишкен. Белгилүү композиторлору: П. Исоульфссон, Й. Лейфс, Й. Нордаль ж. б. Й. Аусгейрссон биринчи исланд операсын («Трималык кыз», 1974) жазган. Рейкьявикте Улуттук симфониялык оркестр (1950), Улуттук театр (1950), Исландия операсы (1950) жана музыкалык мектептер бар. Эл аралык искусство фестивалы өткөрүлүп турат (1970-жылдан).

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

Исландиянын байыркы сагаларында театр өнөрүнүн элементтери болгон. Алгачкы театр оюндарын (1720-жылдан) Скаульхольттогу латын мектеби койгон. Ал 1799-ж. Рейкьявикке көчүрүлүп, театр турмушунун жалгыз очогу болгон. Студенттер биринчи исланд драматургу С. Пьетурссондун комедияларын коюшкан. 1860-жылдарда борбордо театр ышкыбоздорунун ийримдери уюшулган. Профессионал театрдын калыптанышына жол ачкан туңгуч театр коому Рейкьявикте 1897-ж. түзүлгөн. Анын базасында 1950-ж. Рейкьявикте Улуттук театр ачылгандан кийин өнүгүүнүн жаңы доору башталган жана ошол күндөн Улуттук жана шаардык театрлардын сахнасында жыл сайын жаңы спектаклдер коюлуп турат.

Кино[оңдоо | булагын оңдоо]

Биринчи толук метраждуу кино 1919-ж. тартылган. 1930-жылдарда хроникалуу-даректүү жана кыска метраждуу фильмдерди агартуу жолго коюлган. Биринчи толук метраждуу көркөм фильми «Мооно менен Гвендурдун жоруктары» (1923). Кийин тартылган фильмдердин арасынан Г. Акселдин «Кызыл мантия» (1967) фильми өзгөчөлөнүп турат. 1970-жылдарда мамлекет кино өндүрүшүн камкордукка алгандан кино, кино өнөрү ургаал өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]