Ватнайёкюдль

Википедия дан
Ватнайёкюдль.

Ватнайёкюдль, Ватна-Йокуль - Исландиядагы эң ири мөңгү, муздук. Аянты 8538 км2. Муздун басымдуу калыңдыгы 600-800 м, эң калың жери 1036 м. Айрым мөңгүлөрдүн этеги Атлантика океанынын жээгине чейин түшөт. Ватнайёкюдльдан Исландиянын эң бийик жери Хваннадальсхнукюр чокусу (2119 м) көтөрүлүп турат. Мөңгү басып жаткан жанар тоолор атылганда айрым учурда муз эрип, алаамат суу ташкынын пайда кылат. Түштүк четинде Скафтафедль улуттук паркы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]