Мэн аралы

Википедия дан

Мэн аралы – (англ. Isle of Man, мэн. Ellan Vannin) Ирланд деңизиндеги анча кичи арал. Британиянын таажылык ээлиги.

УулуБританиянын таажылык ээлиги Мэн Аралчасы (УБтэМА)

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аянты 572 км2. Калкы 74,6 миң (2006). Расмий тилдери –англис жана мэн тилдери. Борбору – Дуглас.

Жайгашуун картасы.

Аралдын жашоочулары беш королдуктун борборунда жашайбыз деп келишет. Анткени ачык күндө бийик дөңсөөгө чыгып караган адамга түштүгүнөн Уэльс, чыгышынан Англия, түндүгүнөн Шотландия, батышынан Ирландия көрүнөт. Биздин заманга чейинки 800-жылы аралга викингдер келе баштаган. 1266-жылы чейин Норвегияга көз каранды болуп келгенетикалыкОшол мезгилден Скандинавия мамлекеттер системасына кирген. Ушул күнгө чейин ал өзгөрүлгөн жок. 1341-жылдан Англиянын көзөмөлүнө өткөн. Аралды 1405-жылы англис тилинде король Генри IV Стэнлинин үй-бүлөсүнө белек кылган. Кийинчерээк 1765-жылы Британия өкмөтү 70 миң фунтка сатып алган. Британия Шериктештигине көз каранды эмес мүчө. Климаты Гольфстрим жылуу агымынын таасиринен жумшак, нымдуу келип, шамал болуп турат. Эң суук айы февралда абанын температурасы 4˚С, июль–августта 17˚С, эң жогоркусу 28,9˚С. Арал – Улуу Британиянын өз алдынча башкаруу укугуна ээ аймагы. Аралдын парламенти – Тинвальд (миң жылдан ашык тарыхы бар дүйнөдөгү эң байыркы парламент); эки палатадан (мыйзамдар кеңеши жана төмөнкү) турат. Аралдын башчысы Улуу Британия королевасы, ал Мэн аралынын лорду деген титулга ээ. Негизинен аралды королева дайындаган генерал-губернатор (5 жыл) башкарат. Аралдын сырткы жана коргонуу саясатын Улуу Британия жөнгө салат. Арал Европа шериктештигине ассоциацияланган мүчө. Экономикасынын негизин туризм жана финансы сектору (оффшордук аймак) түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]