Мазмунга өтүү

Андорра

Википедия — ачык энциклопедия

Андорра Княздыгы
Principat d'Andorra

Герб
Туу Герб
Урааны: "Virtus Unita Fortior
(лат. Биримдик күч берет)"
Гимн: "El Gran Carlemany"
Негизделген 1278‎
Расмий тили каталан тили
Борбор шаары Андорра-Ла-Вилья
Ири шаарлар Андорра-Ла-Вилья
Башкаруу формасы парламенттик княздык
Премьер-министр
Князьдары
Антони Марти
Эмманюэль Макрон,
Жоан Энрик Вивес-и-Сисилиа
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
178 - дүйнөдө
467,63 км²
0,26 (121,4 га)
Калкы
• Бааланган (2014)
Жыштыгы

85470 адам (207)
182,6 ад./км²
АДӨИ ( 2013) 0,830 (өтө бийик) (37)
Акча бирдиги Евро (€)
Домени .ad
ISO коду AD
ЭОК коду AND
Телефон коду +376
Убакыт аралыгы UTC +1

Андорра (кат. Andorra, исп. Andorra, фр. Andorre), толук расмий аталышы — Андорра Княздыгы (кат. Principat d’Andorra) — Европадагы деңизге чыга албаган кичинекей мамлекет. Франция менен Испаниянын ортосундагы Пиреней тоолорунун Чыгыш тарабында жайгашкан. Борбору — Андорра-ла-Велья шаары. Өлкөнүн аталышы баск andurrial — «ээн талаа» болуп которулат.

Андорра — Европадагы эң байыркы мамлекеттердин бири, анын эгемендүүлүгү салттуу түрдө Франциянын президенти жана Испаниядагы Уржель епискобу тарабынан биргелешип корголуп келет (диархия). Негизги киреше булагы — туризм жана банк сектору.

Өлкөнүн калкы улут боюнча (2013):

Өлкөнүн Конституциясы боюнча расмий тил болуп каталан тили эсептелет, бирок де-факто расмий тилдин милдетин испан, француз жана португал тилдери аткарат. Өлкөдө башталгыч мектептер үч түргө бөлүнөт — каталан, испан жана француз.

2024-жылга карата жалпы саны ~77500 адам болгон.