Испандар

Википедия дан

Испандар (өздөрүн эсианьолес деп аташат) – эл, Испаниянын жергиликтүү калкы. Европа өлкөлөрүндө (Германия, Франция, Швейцария, Португалия, Италия), Латын Америкасында (Аргентина, Мексика, Бразилия), Түндүк Америкада (Канада) жана Австралияда да жашашат. Жалпы саны 50 млн киши, анын ичинде Испанияда 40 млндой (2006). Испан тилинде сүйлөшөт. Христиан дининин католицизмди тутушат. Испандар менен бирдикте автономия укугуна ээ болгон аймактарда тилдик, улуттук өзгөчөлүгүн сактап калган субэтностук топтор (каталондор, галисийлер, арагондуктар ж. б.) жашашат. Биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкта Пиреней жарым аралына көчүп келген ибер, кельт уруулары испандардын этностук курамын түзгөн. Рим империясынын тушунда (биздин заманга чейинки 2-кылым – биздин замандын 5-кылымы) Пиреней жарым аралындагы урууларды романдаштыруу саясаты жүргүзүлгөн. 5–6-кылымда журт которуп келген герман уруулары (вандалдар, вестготтор, свевтер) да жергиликтүү калк менен ассимиляцияланган. Ошондой эле 711–718-ж. Испанияга басып кирген арабдар менен берберлер да испан этносунун калыптанышына таасирин тийгизген. 19-кылымдын аягында испан эли улут болуп түзүлгөн. Латын Америкасынын азыркы элдеринин (бразилиялыктардан башкасы) этностук калыптанышына испандар чоң таасир тийгизген. Испандардын негизги кесиби дыйканчылык, мал чарбачылык жана балыкчылык. Өлкө аймактарынын географиялык шартына карай испандардын турак үйлөрү ар түрдүү. Түштүк аймактарда испандар байыркы мезгилде жер төлөлөрдө, Түндүк-батышында үстү саман менен жабылган, тегерек сымал үйлөрдө (пальясо), кийинчерээк Түндүк бөлүгүндө дубалы топурактан согулуп же кыш жана таштан тургузулган эки кабат үйлөрдө жашашкан. Анын астыңкы кабаты чарбачылыкка, үстүңкү кабаты үй тиричиликке ылайыкташтырылган. Улуттук кийимдери эркектери тизеге чейин кыска шым, ак көйнөк, ар түрдүү үлгүдөгү желетке жана куртка кийип, белине матадан белбоо байланган. Башына кең жээктүү кийиз же чий калпак, бутуна булгаарыдан жасалган же эспартодон токулган бут кийим кийген. Аялдары түрдүү түстө саймаланган узун көйнөк, кенен тигилген белдемчи, алжапкыч, кыска куртка, айрым жерлерде сарафан, башына жоолук салынып же жамынгыч оронушат. Тамак-ашы негизинен эт, балык жана жашылча-жемиш азыктарынан даярдалып, суусундук катары кофе, сүт, апельсин, лимон жана жүзүм ширелери көбүрөөк колдонулат. Испандар жаз карнавалы, диний ж. б. майрамдарды майрамдоодо ярмаркалар уюштурулуп, корридалар аренага чыгат. Театрлаштырылган оюндар көрсөтүлөт. Испандардын элдик бийи фламенко.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]