Мадярстан

Wikipedia дан
(Мажарстан барагынан багытталды)

Мадярстан
Мадяр Республикасы

Flag of Hungary.svg Герб
Мамлекеттик Желеги Мамлекеттик Герби
Мамлекеттик Гимни
300px
Расмий тили Мадяр тили
Борбор шаары Будапешт
Ири шаарлар Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ
'
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
109 - дүйнөдө
93 030 км²
0,74
Этнохороним Мадярлык
Домени .hu
ISO коду HU
ЭОК коду HUN
Телефон коду +36
Убакыт аралыгы UTC +1

Мадярстан-  (мадярча -Magyarország) [ˈmɒɟɒrorsaːɡ] Толугу

Мадяр Республикасы (Magyar Koztfrsasfg)

  • Географиялық абалы: Борбордуқ Европанын түштүк-чығышынан орун алған. Австрия, Словакия жана Украйна менен чектешет.
  • Аянты: 93 мин км2.
  • Борбору: Будапешт.
  • Ири шаарлары: Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ.
  • Админстративдик бөлүнүүсү: 19 облус, Будапешт шаары өзүнчө админстративдик уқуққа ээ.
  • Башқаруу формасы: республика.
  • Мамлекет башчысы: президент.
  • Өкмөт башчысы: премьер-министр.
  • Мыйзам бутағы: 386 депутаттан турған бир палаталуу Мамлекеттик Кеңеш, бул Кеңештин мүчөлөрү 4 жылда бир жолу шайланат.
  • Алдынқы саясий партиялары: Мадяр социалисттик партиясы, Эркин демократтардын союзу, Мадяр демократиялық форуму, Көз қарандысыз чақан чарбалар партиясы.
  • Қуралдуу кучтору: 70,5 мин киши.

Жаратылышы:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Эн бийик чоқусу: Кекеш тоосу - 1015 м.
  • Климат: мелуун континенталдық.
  • Негизги дарыялары: Дунай, Тиса, Раба, Кёрёш.

Қалқы:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Қалқынын саны: 10,115 млн. киши.
  • Орточо жашоо узақтығы:эркектерде - 67 жаш,

аялдарда - 74 жаш.

  • Ырасмый тили: мадяр тили
  • Динге ишенгендери: католиктер - 65%, протестанттар, аз санда православный жана иудаисттер.
  • Чарбачылығы: айыл чарбасы жана қазып алынған өнүмдөр - 18,8%, қайрадан иштелип чығуучу азық-түлүктөр жана қурулуш - 39,7%, банктар жана тейлөө қызматтары - 41,5%.
  • Жергиликтүү қалқы жана этникалық топтор: мадьярлар.

Экономикасы:[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Улуттуқ ақча бирдиги: форинт.
  • Киши башына түшкөн ИДП: $3 840.
  • ИДПнын жылдық өсүшү: 0,9%.
  • Соода балансы: $4,054 млрд.
  • Экспорт: машиналар жана тетиктери, медикаменттер, азық-түлүк жана ичимдиктер, автобустар.
  • Импорт: машиналар жана тетиктери, автомобилдер, мунай, көмүр, электр энергиясы, жер семирткичтер, темир кени, жем, пахта.
  • Негизги соода оноқтоштору: КМШ өлкөлөрү, Германия, Италия, Австрия.
  • Темир жолу: 13 230 км.

Кыскача адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

Борбордук Европадагы мамлекет, Дунай дарыясынын алабынын борбордук бөлүгүндө. Түндүгүнөн Словакия, чыгышынан Украина жана Румыния, түштүгүнөн Сербия менен Черногориянын, ошондой эле Хорватия менен Словениянын мамлекеттик биримдиктери, батышынан Австрия менен чектешет. Аянты 93,0 миң км2. Калкы 10,06 млн (2006). Борбору Будапешт шаары. Мамлекеттик тили мадяр тили. Акча бирдиги форинт. Административдик аймагы жактан 19 облустан (медье), республикага баш ийген 1 шаардан (Будапешт) турат.
Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006):

Облус (медье)

Аянты,

км2

Калкы,

миң

Административдик

борбору

Баранья

4429,5

396,3

Печ

Бач-Кишкун

8445,1

538,3

Кечкемет

Бекеш

5631,0

388,5

Бекешчаба

Боршод-Абауй-

Земплен

7247,2

733,8

Мишкольц

Ваш

3336,2

262,0

Сомбатхей

Веспрем

4429,8

362,4

Веспрем

Дьёр-Мошон-Шопрон

4208,5

438,1

Дьёр

Зала

3784,1

292,1

Залаэгерсег

Комаром-Эстергом

2265,1

312,9

Татабанья

Ноград

2544,2

215,0

Шальготарьян

Пешт

6393,5

1138,4

Будапешт

Сабольч-Сатмар-Берег

5936,4

586,8

Ньиредьхаза

Тольна

3703,3

245,6

Сексард

Фейер

4358,8

427,4

Секешфе-

хервар

Хайду-Бихар

6210,6

546,7

Дебрецен

Хевеш

3637,4

319,3

Эгер

Чонград

4262,7

418,0

Сегед

Шомодь

6035,9

329,0

Капошвар

Яс-Надькун-Сольнок

5581,7

410,1

Сольнок

Будапешт (респ-га баш ийген шаар)


525,2


1700,0


Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Мадярстан унитардык мамлекет. Конституциясы 1949-ж. кабыл алынган (1989, 1997, 2003-ж. өзгөртүүлөр киргизилген). Башкаруу формасы парламенттпк республика. Мамлекет башчысы президент, парламент тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат (экинчи мөөнөткө шайланууга укуктуу). Мыйзам чыгаруу бийлигининин жогорку органы бир палаталуу Мамлекеттик чогулуш (386 депутаттан турат, 4 жылга шайланат). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт ишке ашырат. Премьер-министр президенттин сунушу менен парламент тарабынан шайланат. Саясий партиялары: Мадярстан демократиялык форуму, Христиан-демократиялык элдик партия, Эркин демократтар союзу, Мадярстан социалистик партиясы ж. б.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн аймагынын басымдуу бөлүгүн Орто Дунай ойдуңу ээлейт. Дунай дарыясынан чыгышты карай жайык зор түздүк Альфёльд, батышты карай дөңсөөлүү (бийиктиги 300 мге чейин) Дунантуль түздүгү созулуп жатат. Дунантулда жапыз бөксө тоолор Баконь, Вертеш, Мечек ж. б. массивдер жайгашкан. Түндүк-батышындагы Кишальфёльд түздүгүнүн бир бөлүгү батышынан Альп тоолорунун тармактары (500800 м) менен чектешет. Түндүгүндөгү Карпаттын тармактарынын чет-жакалары аркылуу орто бийиктиктеги жанар тоо массивдери (Матра, мында өлкөнүн эң бийик жери Кекеш чокусу орун алган, бийиктиги 1015 м), Бюкк ж. б. платолор созулуп жатат. Карпаттын тармактарына рельефтпн карсттык формалары (анын ичинде Агтелек үңкүрү), жер астынан аккан суулар ж. б. мүнөздүү. Маанилүү кен байлыктардан боксит (ортоңку Мадяр тоолорунда), нефть жана газ (өлкөнүн түштүгүндө, Түштүк-чыгышында, батышында, Будапешттин Түндүк-чыгышында), күрөң көмүр (Баконь, Вертеш, Герече массивдеринде, Батыш Карпаттын тармактарында), лигнит (батыш чек арасында), темир (Түндүк-чыгышында), марганец (Баконь), коргошун-цинк (Матра), жез (Батыш Карпат) кендери, ошондой эле металл эмес кен байлыктары бар. Геотерм энергиясынын запасы негизинен өлкөнүн борбордук жана Түштүк, минералдуу суу булактары батыш, Түштүк, чыгыш жана борбордук райондорунда жайгашкан.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Мелүүн континенттик климат өкүм сүрөт. Кышы салыштырмалуу жумшак (январдын орточо температурасы -2°Сден -4°Сге чейин), жайы узак жана ысык (июлдуку 20-22°С). Жаан-чачындын жылдык орточо өлчөмү тоолордо жана өлкөнүн Түштүк-батышында 800-900 ммден, борбордук бөлүгүндө жана Альфёльд ойдуңунун чыгышында 450500 ммге чейин; мында өтө кургакчыл мезгилдер да болот. Жаан-чачын жайдын башында жана күздө мол жаайт. Мадярстандын аймагы Дунайдын алабына кирет (өлкөнүн аймагындагы узундугу 410 км). Дунайга Мадярстандын чегинде Драва, Раба, Шио дарыялары оң тараптан куят. Өлкөнүн чыгыш бөлүгү Дунайдын ири сол куймасы Тисанын (Мадярстандын чегиндеги узундугу 600 км, анын 444 кминде кеме жүрөт) алабына кирет. Дарыяларынын агымы, деңгээли кескин өзгөрүп тургандыктан, ташкын көп болот; ташкындан сактануу жана суу агымын жөнгө салуу үчүн каналдар, жээктерине жалпы узундугу 4000 кмден ашкан дамбалар курулган. Көптөгөн суусактагычтарынын суу ташкынынан сактоодо жана ирригацияда мааниси зор. Өлкөдө 1 миңден ашык көл бар; алардын ирилери: Балатон, Нойзидлер-Зе (Мадярстандын чегиндеги аянты 80 км2), Веленцеи-То (26 км2). Балатон көлүнүн Түштүк-батыш четжакасына жакын Европадагы эң ири жылуу көл Хевиз (0,5 км2) жайгашкан, анда баткак менен дарылоочу Хевиз курорту бар.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Түздүктөрдө кара топурак үстөмдүк кылат; Альфёльд түздүгүндө шорлошкон кара топурак, шор топурактар кездешет. Тиса менен Дунайдын жээктерине аллювий топурактары мүнөздүү. Тоолорунда жана дөбө-дөңсөөлөрүндө коңур топурак жана рендзиндер өөрчүгөн. Топурак кыртышынын кыйла бөлүгү дефляцияга, эрозияга жана экинчи жолу шорлонууга дуушарланган. Табигый өсүмдүктөрү чарбалык аракеттен кыйла өзгөрүп кеткен; маданий ландшафт (айдоо жер, бак-дарак, жүзүмзар ж. б.) басымдуу. Токой Мадярстандын аймагынын 19,9% ин ээлейт. Жазы жалбырактуу токой (эмен, граб, бук) Орто Мадяр тоолорунда 300-400 м бийиктиктен өйдө таралган. Бёржёнь, Бюкк, Матра тоолорунда 800-1000 м бийиктикте кызыл карагайлуу жана карагай-көк карагайлуу токойлор кездешет. Отургузулган терек, ак акация ж. б. дарактардын көчөттөрүнүн (токой аянтынын 7,3% ин түзөт) сууну, топурак-кыртышты эрозиядан сактоодо мааниси зор. Мадярстандын токоюнун ¼ бөлүгү к-талуу жамгырдан жабыркайт. Өлкөнүн чыгышында (Хортобадь) кылкандуу, негизинен аккылкандуу дүйүм чөптөрдөн, эмен, кайың, ошондой эле арча, терек токойлору айкалышып өскөн талаа өсүмдүктөрүнөн турган пушта кездешет. Өлкөдө жалпы аянты 8,3 миң км2 болгон коргоого алынган 236 аймак бар, анын ичинде Хортобадь, Агтелек улуттук парктары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Негизинен мадярлар (92,3%, 2001), ошондой эле цыган, немис, словак, хорват, румын ж. б. жашайт. 1980-жылдан баштап элдин саны азаюуда. Негизги демографиялык проблема балдардын аз төрөлүшү жана өлүмдүн көптүгү. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 68,2, аялдарыныкы 76,9. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 108,4 киши туура келет. Шаар калкы 60%. Ири шаарлары: Будапешт, Дебрецен, Мишкольц, Сегед, Печ, Эгер ж. б. Калктын 66,7% тейлөө чөйрөсүндө, өнөржайы менен курулушта 27,1%, айыл жана токой чарбасында 6,2% эмгектенет.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мадярстандын аймагын адам баласы палеолит доорунан баштап мекендеген. Б. з. ч. 1-миң жылдыктан азыркы Мадярстандын аймагын сактар (скифтер) жана кельттер, индиевропалык уруулар иллириялыктар, фракиялыктар мекендеген. Кийинчерээк герман, хунн, авар уруулары журт которуп келип, ушул жерден Батыш Рим империясына кол салып турушкан. Б. з. ч. 1-кылымдын аягында азыркы Мадярстандын аймагы Паннония деп аталган Рим провинциясына айланат. Рим империясы кыйрагандан кийин, Паннония 5-9-кылымда хунндардын, вестготтордун, аварлардын кол салуусуна дуушарланып турган. Бул аймакта 430-ж. Аттилла баштаган Батыш хунн мамлекети курулуп, ал ыдырагандан кийин Баян хан баштаган аварлар мамлекети түптөлгөн. 796-ж. Авар кагандыгы Улуу Карл I тарабынан талкаланган. 895-896-ж. азыркы Мадярстандын аймагында, Тиса менен Дунайдын ортосунда жана Дунайдын аркы тарабындагы жерге Арпад падыша баштаган мадярлардын 7 уруусу келип отурукташат. Иштван 1нин тушунда (997-1038-ж. башкарган) мадяр мамлекети калыптанат. 1001-ж. ченде Мадярстан өзүнчө королдук болот. Мадярстанга католик үлгүсүндөгү машаякчылык дини кирет. Мадярстандын аймагын татар-монголдордун басып кириши (1240-41) жана ич ара согуштары өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук кылат. Бирок 14-кылымда өндүргүч күчтүн деңгээли көтөрүлүп, товар өндүрүү жана товар-акча мамилеси өөрчүйт. 1301-ж. Арпаддар династиясы бийликтен кетип, анын ордуна Анжу династиясынын өкүлдөрү келет. Алар 1335-ж. чех, поляк королдору менен биригип, саясий-соода союзун түзүшөт. 1372-ж. Пешт университети ачылат. 16-кылымда Мадярстанды түрктөр басып ала баштайт. 1526-ж. султан Сулайман I мадяр жерин басып кирип, Мохачтын жанындагы салгылашууда мадярлардын аскерлери жеңилүүгө учурайт. Мадярстандын ортоңку бөлүгүн түрктөр, батыш жана Түндүк жагын Австрияны сурап турган Габсбургдар ээлейт, чыгышында Осмон империясына көз каранды Трансильвания княздыгы түзүлөт. 16-17-кылымда мадярлар түрк баскынчыларына, Габсбургдарга каршы күрөшөт. 1686-ж. австриялык жана мадяр аскерлери түрктөрдү адегенде Будадан, анан бүткүл Мадярстандын кууп чыгат. 1697-ж. В. королдугунун түндүк бөлүгүн дыйкандар көтөрүлүшү каптайт. 1703-ж. дыйкандар көтөрүлүш чыгарып, ошону менен Габсбургдар эзүүсүнө каршы улуттук-боштондук кыймыл башталат. Күрөшкө ири мадяр феодалы Ференц II Ракоци жетекчилик кылат. Бирок көтөрүлүш жеңилип калат. 19-кылымдын 30-40-жылдарында Мадярстанда капиталдык мамилелер өнүгө баштайт. Капитализмдин тез өнүгүшүн жактаган дворяндардын бир даары улуттук экономиканын жана маданияттын өсүшүнө кедерги болгон Габсбургдар эзүүсүн жок кылууга умтулат. 1848-49-ж. Мадярстандагы буржуазиялык революцияны (көрүнүктүү жетекчилери Л. Кошут, Ш. Петёфп, М. Таячпч) Габсбургдар орус падышасынын жардамы менен басат. Жеңилгенине карабастан, ал революция феодалдык-крепостной мамилелерди жоюуга жана капитализмдин өнүгүшүнө күчтүү түрткү берет. Габсбургдар менен Мадярстанды үстөмдүк кылган табы 1867-ж. ич ара бүтүм жасап, Австрия-Мадяр монархиясын түзөт. Мадярстан көз каранды эмес өкмөт жана парламентке ээ болот. 1-дүйнөлүк согушка В. Үчтүктөр Союзу тарабында катышып, согуштун аягында Мадярстанда революция башталат жана анын натыйжасында Мадярстан көз каранды эмес республика деп жарыяланат. 1919-ж. 21-мартта бийлик Бела Кун жетектеген Мадярстандын социалистик партиясынын колуна өтүп, ал Мадяр Советтик республикасынын түзүлгөндүгүн жарыялайт. Бирок, 1919-ж. августа румын аскерлери Пештти окуппациялап, 1920-ж. адмирал Хортинин диктатурасы орнотулат. Трианон тынчтык келишиминин (1920) шарттарына ылайык Мадярстан аймагынын 1/3 бөлүгүнөн ажырайт. 1930-жылдардан Мадярстан гитлердик Германия жана Италия менен жакындашып, 1940-ж. ал Антикоминтерндик жана Берлин пактыларына кол коюу менен, 1941-ж. 2дүйнөлүк согушка Германиянын союздашы катарында кирет. Мадярстан аймагы советтик аскерлер тарабынан бошотулгандан кийин, 1945-ж. апрелде Хортинин режими кулатылып, 1946-ж. 1-февралда Мадярстан республика деп жарыяланат. Мадярстандын азыркы чек арасы 1947-жылдагы Париж тынчтык келишими тарабынан аныкталган. 1949-ж. Мадярстан жаңы конституция кабыл алып, Мадяр Эл республикасы деп аталган. 1955-ж. В. Варшава келишиминин (1955) мүчөсү болуп кирген. Советтик үлгүдө социализмди куруу аракети өлкөдө М. Ракошинин керт башына сыйынуучулуктун калыптанышына, өлкөнүн саясатына каршы нааразычылыктарга алып келген. 1956-ж. Мадярстанда Ракошинин коммунисттик режимине каршы козголоң башталган. Козголоң советтик аскерлердин жардамы менен басылган, 200 миңге жакын адам чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон. Бийликке Я. Кадар баштаган жаңы өкмөт келет. Чыгыш Европадагы саясий өзгөрүүлөргө байланыштуу 1989-ж. аягында коммунисттер бийликтен кетип, коомдо демократиялык процесстер башталган. 1989-ж. 23-октябрда Мадярстан Республикасынын түзүлгөндүгү жарыяланган. Көп партиялуу саясий система калыптанып, рыноктук жана демократиялык реформалар жүргүзүлө баштаган. 1991-ж. өлкөдөн советтик аскерлер чыгарылган жана Мадярстандын алгачкы президенти болуп Арпад Гёнц шайланган (1990-2000-ж. башкарган). 2000жылдан мамлекетти Ференц Мадл жетектеп келет. 1999-ж. Мадярстан НАТОго, 2004-ж. Европа Союзуна мүчө болуп кирген.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мадярстан экономикасы орточо өнүккөн индустриялуу-агрардык өлкө. Ички дүң продукциясы 149,3 млрд долларды (2004) түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 14,9 миң доллардан туура келет. 1999-ж. чарба тармактарын приватташтыруу негизинен аяктаган. 2005-ж. ички дүң продукциясында тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 65,3%, өнөр жай жана курулушунуку 31,4%, айыл чарба жана токой чарбасыныкы 3,3%ти түзгөн (2004). 2002-жылдан өнөр жайы туруктуу өсө баштаган. Өнөр жай продукциясынын 1/2нин ашыгы (53% , 2005) экспортко чыгарылат. Анын башкы тармактары: машина куруу (анын ичинде электр-техникалык, электрондук өнөр жайы, транспорттук машина куруу), химия (анын ичинде нефть-химия, химиялык-фармацевтика), тамак-аш. Мадярстандын отун-энергетикасына нефть жана нефть продукциялары (33,2%), табигый газ (37,1%), көмүр жана лигнит (14,3%), атом энергиясы (12,6%), гидроэнергия ж. б. булактар (2,8%) кирет. Энергия ресурстарынын 70%тен ашыгы сырттан, негизинен Орусыядан (нефть, газ, таш көмүр, ядролук отун) алынат. Нефтини жана табигый газды казып алуу эки эседен ашык кыскарган. Мунайды кайра иштетүүчү эки заводунда жылына 10 млн т. продукция чыгарат. Электр станцияларынын жалпы кубаттуулугу 7530 МВт (2003). 2003-ж. 34,3 млрд кВт/с. электр энергиясы өндүрүлгөн; анын 66,5% ке жакыны ЖЭСке, 32,1% АЭСке (Пакш шаарына жакын жайгашкан «Пакш» АЭСи, кубаттуулугу 3,0 МВт), 0,6% ГЭСке, 0,8% ж. б-га туура келет. 90-жылдардын аягында кара металлургияны өндүрүү акырындык менен калыбына келе баштаган (негизинен сырттан келген сырьё менен). 2004-ж. 2,0 млн т. болот прокаты өндүрүлгөн. Негизги металлургия комбинаттары Дунауйварош, Диошдьёр (Мишкольцко жакын), Озд шаарында жайгашкан. 2005-ж. 43 миң т. алюминий (Айке, Инот) өндүрүлгөн. Жез жана жез куймасы Чепель комбинатында (Будапешт шаары) өндүрүлөт. Машин куруунун эң маанилүү жана тез темп менен өнүккөн тармагы электр-техникалык жана электроника өнөр жайлары (мобилдүү телефон, үн жазуу жана кайра угузуу приборлору, тиричилик электр приборлору, жарык берүүчү булактар ж. б.). Анын негизги борборлору: Будапешттин борбордук бөлүгү, Дьёр, Мишкольц, Дебрецен, Секешфехервар шаары. Транспорттук машина куруу өнөр жайынын тез темп менен өнүгүүсү Мадярстанда чет өлкөлүк ири автомобиль компанияларынын түзүлүшү менен байланыштуу. Жеңил автомобилдерди кураштыруу («Volkswagen», «Opel» ж. б.) заводдору иштейт. 1999-ж. «Opel» автомобилин чыгаруу токтотулуп, завод кыймыл бергич мотор блокторун даярдайт. Мадяр «RABA» автокомпаниясы дизель кыймылдаткычтарын, жүк ташуучу автомобилдерди, шассилерди, ошондой эле «Ikarus» автобусун, Будапешттеги заводдор темир жол техникасын (локомотив, вагондор ж. б.) чыгарат. Химия өнөр жайынын негизги тармагы фармацевтикалык, дары-дармек өндүрүү; нефтьхимиялык өнөр жайы (негизинен пластмасса) өнүккөн. Жыгаччылык, целлюлоза-кагаз, жеңил жана тамак-аш өнөржай тармактары мурдагы рыногунун жоктугуна, европалык союздун айлана-чөйрөнү коргоо боюнча коюлган катуу талапка электр-энергиясынын кымбаттап кетишине ж. б. себептерге байланыштуу өнүгө албай жатат.

Айыл чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

90-жылдардын башында өлкөнүн айыл чарбасында кризис болгон. Айыл чарба кооперативдеринин шашылыш жоюлушу, жер реформасын жүргүзүүдө кеткен кемчиликтер, жетишсиз каржылоо ж. б. себептер айыл чарба өндүрүшүнүн кыйла төмөндөп кетүүсүнө алып келген. 90жылдарда ички дүң продукциясындагы айыл чарба продукциясынын үлүшү 17,7%тен (1992-жылкы) 3,3% ке (2004) чейин төмөндөгөн, агрардык продукцияны экспорттоонун көлөмү, айдоо жерлердин аянты, малдын саны кыскарган. Өлкөнүн азыркы агрардык саясаты айыл чарбанын экономикадагы ролун чыңдоого, айрыкча буудай, эт, жашылча, мөмө-жемиш жана шарап өндүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Айыл чарбага жарактуу жери 6,4 млн гадан ашык (2002), анын ичинде 78% и айдоо жер (же Мадярстандын аймагынан S), 5%тен ашыгы бак-дарак жана жүзүмзар, 17% и табигый тоют жерлер. Сугат жеринин аянты 210 миң гадан ашык. Дыйканчылыгынын негизин жүгөрү жана буудай өстүрүү түзөт. 2004-ж. 16,7 млн тдан ашык дан өндүрүлгөн (анын ичинде жүгөрү 8,5 млн т, буудай 6,0 млн т, арпа 1,4 млн т, гибрид буудай жана карабуудай 0,6 млн т, сулу 0,2 млн т). Люцерна, жүгөрү ж. б. тоют өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Негизги техникалык өсүмдүктөрү: кант кызылча (2650 миң т), күнкарама (1119 миң т. урук), рапс (180 миң т. урук). 2004-ж. айыл чарбанда картошка (650 миң т), дарбыз (230 миң т), томат (200 миң т), капуста (160 миң т) өстүрүлгөн. Жүзүмчүлүк өнүккөн (2004-ж. 650 миң о). В. ак жана кызыл шарабы менен белгилүү.

Мал чарбасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мал чарбасы айыл чарба продукциясынын 60%тен ашыгын берет. Анын негизги тармагы чочкочулук (2004-ж. 4 млн баш). Ортоңку Мадяр тоолорунда жана Дунантулда, ошондой эле Будапешттин тегерегинде бодо мал (2004-ж. 0,7 млн баш) асыралат. Үйкуш чарбасы (2004-ж. 52 млн баш) өнүккөн.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Экономикасынын ири сектору тейлөө чөйрөсү; анын маанилүү тармактары: банккредит системасы жана камсыздоо тейлөөсү (2003-ж. ички дүң продукциясынын 21,7%ин түзгөн), соода жана турмуш-тиричилик жактан тейлөө (12,8%), транспорт жана байланыш (9,1%), билим берүү, саламаттыкты сактоо (5,4%), административдик жактан тейлөө (коргоону кошо; 5,2%) ж. б. Туризм экономиканын өнүгүп жаткан тармактарынын бири. Ал ички дүң продукциясынын 10% ке жакынын түзөт; анда экономикалык активдүү калктын 7%ке жакыны же 300 миңдей адам иштейт. Жыл сайын 15 млндон ашык чет элдик туристтер келет. Мадярстан Европанын борбордук бөлүгүндө жайгашкан транспорттук-географиялык ыңгайлуу абалы жана өнүккөн транспорттук коммуникация тармагы менен өзгөчөлөнөт. Ички жүк ташуунун жалпы көлөмүнүн (36,4 млрд т. км) 56,6% и автомобиль транспортуна, 24,4% темир жолго, 14,9% куур транспортуна, 3,9% дарыя транспортуна, 0,2% башкаларга таандык. Эл аралык жана транзиттик (Мадярстандын аймагы аркылуу өткөн) жолдорго ташылган бардык жүктүн 62,3% и таандык. Автомобиль жолунун жалпы узундугу 159,6 миң км (анын ичинде асфальтталганы 70,1 миң км); темиржолунуку 7937 миң км (анын ичинде 7682 кми европ. стандартка ылайык, 2628 кми электрлештирилген), ички суу жолунуку 1622 км (негизинен Дунай аркылуу). Негизги дарыя порттору Дунайда: Будапешт, Дунауйварош, Байя, Мохач ж. б. Куур магистралдарынын узундугу 5722 км (2004), анын ичинде газ куурунуку 4397 км, нефть куурунуку 990 км, нефть продуктулар куурунуку 335 км. Мадярстандын аймагы аркылуу магистралдык газ куурлары «Братство» (Орусыядан Украйна аркылуу) жана «Баумгартнер-Дьёр» (Австриядан); нефть куурлары «Достук-I» (Россиядан Украйна аркылуу) «Достук-II» (Россиядан Украина жана Словакия аркылуу) жана «Адрия» (Хорватиядан) өтөт. Будапештке жакын «Ферихедь» эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экспортунда машиналар жана жабдуулар (байланыш каражаттары, үн жазып, кайра угузуучу жабдуулар, автоматташтырылган маалымат системасы, тиричилик жана өнөржайлык маанидеги электр приборлору ж. б.) басымдуу; ошондой эле башка өнөржай буюмдарын, азык-түлүк товарларын, ичимдиктерди, сырьё, электр-энергиясын, отунду негизинен Германияга, Австрияга, Италияга, Францияга, Улуу Британияга чыгарат. Төмөнкү импорттук товарлар машина жана жабдууларды, башка өнөр жай буюмдары, отун жана электр-энергиясы, түрдүү сырьёлор Германиядан, Россиядан, Австриядан, Кытайдан, Италиядан, Франциядан алынат.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Агартуу иши 12-13-кылымда өнүгө баштаган. 1844-ж. башталгыч жана орто мектептерде мадяр тилинде окутуу тууралуу мыйзам кабыл алынган. Агартуу системасы өзгөрүп, 1948-ж. бардык мектеп мамлекеттин карамагына өткөн. Мектеп жашына чейинки курактагы балдар үчүн (3-6 жаш) балабакчалары, 8 жылдык мектеп, жалпы бплпм берүүчү орто мектеп гимназиялары бар. 1990-жылдардын аягынан окуу жайлардын жетектөө жергиликтүү бийлик органдарына жүктөлгөн. 1998-ж. билим берүүнүн улуттук программасы кабыл алынган. Билим берүү системасы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерден турат. 6-18 жашка чейин окутуу милдеттүү жана акысыз. 2003/04-окуу жылында балдардын 80% и мектепке чейинки мекемеге барган, 99% и башталгыч мектепте, 92% и орто окуу жайларында окуган. Негизинен калктын билимдүүлүгү (15 жаштан жогору, 2004) 99,3% ти түзөт. Жогорку билим берүү системасы өнүккөн. 18 мамлекеттик университет, 5 диний университет, 1 менчик университет жана 12 мамлекеттик, 21 диний, 9 менчик коллеждери иштейт. Будапештте Э. Лоранда атындагы университети (1635), И. Ф. Земмельвейс атындагы медицина университети (1769), ошондой эле Мадярстан ИА, Сеченьи атындагы мамлекеттик китепкана, Улуттук музей (1802), Улуттук галерея (1957), Табият таануу тарыхынын улуттук музейи (1802), Сүрөт өнөр музейи (1896) бар. Мезгилдүү басма сөзү 18-кылымдын башында пайда болгон. 1918-ж. «Вёрёш уйшаг» гезитинин 1-саны чыккан. Учурда 10 улуттук жана 24 жергиликтүү гезиттер чыгарылат (2005). Өлкөнүн ичине жана чет өлкөлөргө информация таратуу ишин Мадярстан телеграф агентчилиги (1880-ж. негизделген) жүргүзөт. 1925-жылдан радпоуктуруу, 1958-жылдан туруктуу телекөрсөтүү башталган. «Maguar TV» мамлекеттик телекомпаниясы 2 каналды башкарат.Мадяр жазмасы Мадяр мамлекети (9-к.) жаралганда эле пайда болгон. Бир топ убакыт адабият мадяр тилинде эмес, латын тилинде өнүккөн. Мадяр жазма адабиятынын башаты фольклор (11-12-кылымга таандык). 13-14-кылымда мадяр адабияты диний багытта өнүккөн. Кийинчерээк Я. Витез (140872) менен Я. Паннонпус (1434-72) алгачкылардан болуп адабиятты гуманисттик багытка бурган. 16-кылымдын 2-жарымында мадяр адабиятында ренессанстык проза пайда болуп, байыркы мадяр аңыздарына негизделген аңгемелер, тамсилдер, памфлеттер жазылган (Г. Хельтап, 1574-ж. өлгөн, П. Борнемисса, 1535-84). Кайра жаралуу доорунун көрүнүктүү өкүлү Б. Балашши (1554-94). Анын лирикалары Мадярстан адабиятынын өнүгүшүнө зор таасир тийгизген. 17-18-кылымда мадяр адабиятында барокко агымы пайда болгон (П. Пазмань, 1570-1637; М. Зриньи, 1620-64). Алардын поэзиясында аксөөктөрдүн жашоо-турмушу чагылдырылган. 18-кылымдын аягынан Мадярстан адабияты агартуучулук багытта өнүктү (М. Бетлен, К. Микеш, Ф. Ракоци). 19-кылымда мадяр адабиятында ар кыл багыттар пайда болду, негизинен романтизм багытында өнүктү. Ш. Кишфалуди лирикалык поэзияны, Я. Бачаньи граждандык лириканы, Ф. Казинци мадяр адабий тилин, М. Чоконаи-Витез поэзияны, Й. Катона драманы, М. Фазекаш фольклордук багыттагы поэзияны өнүктүрүүгө салым кошушту. Романтизм элдик поэзияга жана элдин өткөн турмушун сүрөттөөгө көңүл бөлдү (Мисалы Ф. Кёльчеинин лирикалары, (1790-1838); М. Йошиктин романдары, (1797-1865); М. Вёрёшмтартинин ырлары менен поэмалары (1800-55)]. Реализмдин өнүгүүсүндө Вёрёшмартинин тарыхый драмалары, Й. Этвёштун (1813-71) прозалары чоң роль ойногон. Ш. Петёфинин (1823-49) поэзиясы мадяр адабиятына чоң бурулуш алып келди. Анын ырларынын мазмуну революциялык-демократиялык негизде болуп, элдин аң-сезимин ойготкон. Ошондой эле поэзияда Э. Ади, М. Бабич, Д. Костоланьи, Д. Юхас, прозада Ж. Морица, М. Кафка, Д. Круди сыяктуу акын-жазуучулар өзгөчөлөнгөн. Көпчүлүгү экспресспонизм, сюрреализм багытында чыгармаларды жаратышкан. СССРде эмиграцияда жүргөн Мате Залка (1896-1937), А. Комят (18911937) өңдүү жазуучулар социалистик реализмге ыкташкан. Мадярстан Эл Республикасы түзүлгөндөн кийин адабият социалистик реализмдин жолу менен өнүккөн. Й. Фодор, А. Гидаш, Д. Ийеш, И. Ваш, Ш. Вереш, Л. Беньямпна, М. Ваци, Л. Надь, И. Шимона, Ф. Юхаса, Маргит Сеч, Л. Мештерхази, И. Шаркади, Д. Фекете, Ш. Шамоди Тота, Ф. Шанта, Л. Галамбоша, Э. Галгоци, К. Сакони ж. б. акындар, жазуучулар жана драматургдар кыйла чыгармаларды жаратышты. 20-кылымдын 60-жылдарында Ийештин, Шимондун, Вацинин, Гараинин ырлары жана Дарваштын «Нөшөрлүү жамгыр» (1963) романы, Фекеттин «Дарыгердин өлүмү» повести (1963), Шанттын «Жыйырма саат» (1964), Эркендин «Тотовдун үй-бүлөсү» (1966) сыяктуу чыгармалар жарыяланган. 1970-жылдары модернизм багытында жаш акын-жазуучулар чыгышкан (П. Эстерхазп, П. Надаш Д. Шпиро, Л. Краснохоркаи, Д. Тандори ж. б.). 1980-90-ж. адабият постмодернизм багытында өнүктү (Ш. Тар ж. б.). Мадярстан адабиятында 1990-ж. жазуучулар Д. Конрад, Б. Хамваш жана акын Д. Петринин чыгармачылык өзгөчөлөнгөн. Мадярстанда дүйнөлүк адабияттын 9 томдук энциклопедиясы жарык көргөн. «Мадярстандын эл жомоктору» (1959), Ш. Петёфинин «Ырлар жана поэмалар» (1957), Ш. Наддын «Элдешүү» (1953), М. Кальмандын «Аргасыз нике» (1962) деген китептери кыргыз тилинде жарыкка чыккан.

Искусство[оңдоо | булагын оңдоо]

Мадярстан жеринде неолит мезгилиндеги скиф, кельт искусствосунун эстеликтери, чопо скульптуралар сакталган. Орто кылымда роман стилиндеги чиркөөлөр курулган. 11-кылымдагы өнөр искусствосунун эстеликтерине византиялыктардын таасири болгон (король Иштван 1нин таш күмбөзү, Фельдебрёдогу «төмөнкү храмда» сүрөттөрдөн фрагменттер). Готика стилиндеги турак жайлар, бийик дубал менен курчалган жана мунаралуу сепилдер (Диошдьёр, Вишеград) курулган. 14-15-кылымда Европада станоктук живопись өнүккөн. Бир туугандар Мартон жана Дьерд Коложвари (14-кылымдын 2-жарымы) ошол замандагы мадяр королдору жана касиеттүүлөрдүн коло статуяларын жасашкан. 16-кылымда Кайра жаралуу доорунун архитектурасы, 17-кылымдын аягы 18-кылымдын башында барокко, 19-кылымдын 1-жарымында классицизм стили өкүм сүргөн (Пешттеги улуттук музей, 1837-47, арх. М. Поллак; И. Ференцинин портреттик жана статуялык чыгармалары). Живописте 1830-40-ж. классицизмдин белгилери романтизм тенденциялары менен айкалышып, бидермейердин таасиринде болгон (К. Марко Улуусунун пейзаждары; М. Барабаштын портреттери, пейзаждары жана жанрдык сценалары). 19-кылымда графика, скульптура жана архитектура кеңири өнүгөт. 1860-жылдардын аягында коомдогу социалдык карама-каршылыктар реалисттик жанрдагы живопистин негизделишине алып келген. Белгилүү мадяр сүрөтчү-демократ М. Мункачинин чыгармалары түстөрдүн таасирдүү гаммасы менен айырмаланган. 19-20-кылымдын аралыгында Мадярстан искусствосунда «модерн» багыты пайда болгон (Будапешттеги искусство музейи, 1891-96, арх.Э. Лехпер). Будапешттин аянттарында жана гүлбактарында параддык монументтер курулган (Мадярстандын 1000 жылдыгына арналган эстелик, 1894-1929, скульптору Д. 3ал ж. б.). Фашисттик диктатуранын мезгилинде көпчүлүк мадяр сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө иштешкен (Б. Уиц, Ш. Бортник, Ш. Эк, Л. Мохой-Надь ж. б.). 1945-жылдан кийин өлкөдө имараттарды жасалгалоо фреска, мозаика, дубал живописи, сграффито, майда скульптуралык формалар колдонулган (Элдик стадион, 1948-53; Будапешттеги Эржебет көпүрөсү, 1945; Дебрецен менен Кечкеметтеги мейманканалар ж. б.). Мадяр сүрөт искусствосун өнүктүрүүдө улуттук реалисттик салттардын мурасчылары (живописчилер И. Сеньи, А. Бернат, скульпторлор Ф. Меддьеши, Ш. Микуш ж. б.) зор эмгек сиңиришкен. 1960-жылдардын искусствосуна көркөм изденүүлөрдүн көп жактуулугу мүнөздүү. 70-жылдардын искусствосуна эмоциялуу-экспрессиялуу чечмелөө, кээде символизм менен сюрреализмдин татаал белгилерин киргизүүгө (Т. Чернуштун живописи, И. Варганын скульптурасы, А. Граштын графикасы ж. б.) кызыгуу сезилет. Балет спектаклдерин 1839-ж. чет өлкөлүктөр коюп баштаган. Алгачкы мадяр балет артисти Э. Араньвари болгон. 19-кылымдын 90-жылдарында улуттук сюжеттеги балеттер аткарылган. 20-кылымдын башталышында балетмейстер Н. Гуэрра бийчилерди тарбиялап, бир топ балеттерди койгон. 1920-30-ж. композиторлор Б. Барток, 3. Кодай балеттик музыка жаза баштаган. Ошол кезде балетмейстер Д. Харангозойгон алгачкы спектаклин койгон. 1945-жылдан классикалык жана заманбап балеттер коюлган. Белгилүү улуттук балеттер, анын ичинде көп актылуу «Колуктунун бетаарчысы» (1951, Е. Кенешшей) балети жаралган. Бартоктун балеттери кеңири белгилүү болгон. Элдик бийдин өнүгүшүнө көңүл бурулган. Эң чоң балет труппасы Будапешттеги опера театрында. 1950-ж. Будапештте Балет искусство институту ачылган. 1960-жылдан Печеде И. Экктин жетекчилиги менен ошол кездеги композиторлордун балеттери коюлган. 1979-ж. Дьёр шаарында И. Марконун жетекчилиги менен балет труппасы уюшулган, 1992-жылдан азыркы замандын бийлеринин фестивалы өткөрүлөт.

Музыкасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Мадярстанда профессионал музыкалык маданият 13-кылымда өнүгө баштаган. 15-кылымда Буда шаарында король сарайынын капелласы уюштурулат. Мадярстан музыкасынын өнүгүшүнө 18-кылымдын аягындагы вербункош деп аталуучу аспаптык музыка өзгөчө таасир тийгизген. Вербункошко жаңы музыкалык элементтерди кошуп жана аны өөрчүтүп, композитор И. Ружичка «Беланын качышы» (1822) туңгуч мадяр операсын жазган. Вербункош Батыш Европа музыкасына чоң таасир тийгизген, композиторлор Гайдн, Моцарт, Бетховен, Вебер, кийинчерээк Г. Берлиоз, Й. Брамс, Ф. Лист аны чыгармачылыгына колдонушкан. Ф. Эркель улуттук-романтикалык мадяр операсына негиз салуучу катары баатырдык-патриоттук сюжеттеги («Банк бан», «Дьердь Дожа» ж. б.) операларды жазган. 1837-ж. Пешт шаарында опера театры, 1840-ж. улуттук консерватория, 1853-ж. Филармония коому ачылган. 19-кылымдагы мадяр улуттук музыка маданиятынын өнүгүшүнө көрүнүктүү композитор жана пианист Ф. Лист зор таасир тийгизген. 20-кылымда Мадярстан музыкасынын өнүгүш жолу композитор З. Кодай менен Б. Бартоктун композиторлук жана этнографиялык эмгектерине байланыштуу. Өлкөдөгү музыкалык маданияттын борбору Будапешт. Бул жерде Ф. Лист атындагы Улуттук музыкалык академия, Б. Барток атындагы консерватория, Мадяр опера театры, Борбордук опера театры, Будапешттеги симфониялык оркестр, Мадярстан мамлекеттик симфониялык оркестри, Мадярстан филармониясынын оркестри ж. б. бар. Мамлекеттик эл-бий ансамбли, «Будапешт» бий ансамбли ж. б. көркөм чыгармачылык коллективдер белгилүү. Көрүнүктүү мадяр аткаруучулары дирижёр Я. Ференчик, пианистка А. Фишер, скрипачтар Д. Ковач жана В. Татраи ж. б., опера ырчылары А. Фараго, Р. Илошфальви, Д. Мелиш, Й. Рети, Э. Хази, М. Ласло, Ю. Орос, О. Сени; музыка изилдөөчүлөр жана музыка сынчылар Б. Сабольчи, А. Мольнар, И. Уйфалушши ж. б.

Театр[оңдоо | булагын оңдоо]

Мадярстанда туңгуч театр труппасы театр ишмери Л. Келемендин жетекчилиги менен 1790-ж. уюшулат. 1796-ж. мещандык немис драмалары (А. Коцебу, Ф. Шрёдер ж. б.), классикалык (Г. Э. Лессинг, У. Шекспир, Мольер) жана мадяр драматургдарынын (Ф. Бешшеньей) пьесалары көрсөтүлгөн. 1792-ж. бир тууган Фейерлердин жетекчилигинде Клужда (Трансильвания) театр өз чыг-лыгын баштаган. Алгачкы мадяр профессионал актёрлору улуттук театр мектептерин түзүшкөн. 19-кылымдын башында Мадярстан «кыдырма» театрлары шаар, кыштактарда оюн көрсөтүшкөн. Ошол кездеги Г. Дерине-Сеппатаки, Ж. Сентпетери, К. Медьери сыяктуу белгилүү сахна чеберлери чыккан. 1837-ж. Пешт шаарында «Мадьяр сингаз» театры ачылып, 1870-жылдан Мадярстан улуттук театры негизделген. У. Шекспир, Н. В. Гоголь, («Текшерүүчү») Г. Ибсен («Нора») ж. б. драматургдардын пьесалары, опералык спектаклдер көрсөтүлгөн. 19-кылымдын аягында Будада «Непсинхаз», Пештте «Вигсинхаз» (1896) элдик театрлары ачылган. 1958-ж. Будапештте театр институту, театр, кино институту уюшулат. Мадярстанда 30дан ашык театр иштейт (1970).

Кино искусствосу[оңдоо | булагын оңдоо]

1896-ж. Будапештте туңгуч кино-театр ачылган жана хроника фильмдери чыгарылган. 1901-ж. «Бий» фильми тартылган (реж. Б. Житковский), 1912-ж. көркөм фильм тартуу башталган. 1948-ж. Мадярстан кинематографиясы улутташтырылган. Фашисттик бийлик учурунда буржуазиялык көз караштагы фильмдер чыккан. Көрүнүктүү кино ишмерлери чет мамлекеттерге кеткен. Өлкө немис-фашист баскынчыларынан бошотулгандан кийин улуттук кино өнөрү өркүндөй баштаган. «Европанын бир жеринде» (1947), «Бир укум жер» (1948) ж. б. кеңири белгилүү фильмдер тартылган. 1960-жылдардагы фильмдерде чындык курч мүнөздө көрсөтүлүп («20 саат», 1964), адамдардын өзара мамилелерин («Ата», 1966), мадяр элинин 19-кылымдагы фашисттик эзүү мезгилиндеги («Үмүтсүз», 1965; «Муздак күндөр», 1966) жана жаштар турмушу («Кыялдануу», 1964) чагылдырылган. Ш. Печи, К. Тольнаи, М. Габор, Л. Башти, Е. Руткаи, М. Теречик, И. Шинкович, И. Дарваш, 3. Латинович ж. б. белгилүү киноактёрлору бар. Кино тармагындагы адистерди Будапешттеги театр жана кино академиясы даярдайт. 1956-ж. Кинематография илимий изилдөө институту уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]


Сүрөт кампасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Айша Мандоки Коңур айымдын мурдагы күйөөсү - маркум профессор Иштван Мандоки Коңур эле. Бул сүрөт 2007-жылы 30-ноябрда Астана шаарында тартылган. А.Ботобекова.
Иштван Мандоки Коңурдун элесине багышталган эстелик такта