Мишкольц

Википедия дан

Мишкольц – Венгриядагы Будапешттен кийинки өнөр жай өнүккөн 2-шаар. Өлкөнүн түндүк-чыгышында жайгашкан. Боршод-Абауй-Земплен медьесинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 173,6 миң (2010). Оор машина куруу, металл иштетүү, тамак-аш, кийим тигүү, текстиль өнөр жай ишканалары иштейт. Институт, музей, китепкана, театр, илим-изилдөө борборлору бар. 13–16-кылымдардагы архитектуралык эстеликтер сакталган. Шаардын аймагынан көмүр казылып алынат. Бальнеол. курорт иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]