Мазмунга өтүү

Норвег деңизи

Википедия — ачык энциклопедия
Норвег деңизи
норв. Norskehavet

Норвег деңизинин картасы
Координаттар: 67° с. ш. 1° в. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

1 383 000 км²

Көлөмү

2 400 000 км³

Эң терең жери

3970 м

Орточо тереңдиги

1750 м

Туздуулугу

34-35 ‰

Максималдуу температурасы

12-15 °С

Минималдуу температурасы

2-7 °С

Өлкө

 Норвегия,  Исландия,  Дания

Океан

Түндүк Муз океаны

Норвег деңизи (Европа)
Норвег деңизи
Норвег деңизи Викиказынада
Норвег деңизи.

Норвег деңизиТүндүк Муз океандагы четки деңиз; Скандинавия жарым аралы менен Шетленд, Ферер, Исланд, Ян-Майен, Аюулуу аралдарынын ортосунда жайгашкан. Норвегиянын батыш жээгин чулгайт. Аянты 1340 миң км2. Эң терең жери 3970 м. Норвегиянын жээгинде тайыздыктар (Лофотен) жайгашкан. Февралдагы суунун темпрасы 2–7˚С, августтуку 8–12˚С. Туздуулугу 35,2‰ге чейин. Норвег деңизи аркылуу өткөн Норвег агымынын таасиринен деңиз суусу тоңбойт. Суткасына эки жолу ташкындайт (3,3 мге чейин). Балык (треска, сельдь) кармалат. Негизги порттору: Тронхейм, Нарвик, Тромсё.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]