Квендер

Википедия дан

Квендер (швед. kvänerнорв. kvener) — Норвегиянын түндүгүндө (Тромс жана Финнмарк аймактары) жашаган аз сандуу финн-угор эли.
Саны 10 миң адам.

Тил

Финн тилинин квен диалектинде сүйлөшөт. Ошондой эле норвег жана саам тилдерин да колдонушат.

Дин

Ишенгендердин көбү лютерандар (анын ичинде лестадиандар).

Келип чыгышы

Финндер 16-19-кылымдарда Норвегиянын түндүк-чыгышында отурукташкан. Финндердин норвегдер жана жергиликтүү саамдар менен аралашуусунун натыйжасында квен эли пайда болгон.

Чарбачылык иштер

Көпчүлүгү айыл чарбада (малчылык) жана балык уулоо тармагында иштешет. Мурда жыйноочулук жана токой кыюу менен да алектенишкен.

Этимология

«Квен» термини англосакстык «Оттар саякаты» аңгемесинде (IXк.) жана скандинав сагаларда (XII—XIIIкк.) кездешет. Бул булактарда «квен» термини Норвегиянын түндүк аймагы менен байланышкан.
Байыркы скандинав тилинде «hvein» — «саздуу жер» же «kven» — «аял» деп которулат.
Башка булактарда «Квенланд» топоними жана анын латын тилинде аталышы «Terra Feminarum» кездешет. «Terra Feminarum» латын тилинен которгондо «аялдардын жери» дегенди билдирет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]