Жыйноочулук

Википедия дан

Жыйноочулук - алгачкы жамааттык (общиналык) коомдогу адам баласынын ишмердүүлүгүнүн эң байыркы формасы. Жыйноочулук адам баласынын күндөлүк жашоо турмушундагы негизги, чечүүчү ишмердүүлүк болгон. Бул коомдо жашаган адам баласы күндөлүк тамак-аш үчүн жапайы өскөн желе турган тамырларды, жер-жемиштерди, мөмөлөрдү, балды жана башкалар жыйнашкан. Жыйноочулук алгачкы жамааттык (общиналык) коомдо аңчылык, балыкчылык менен кошо өнүгүп, ошол доордогу чарбанын бирдиктүү комплексин түзгөн. Эмгектин коомдук жана табигый бөлүнүшүнө байланыштуу жыйноочулук аялдардын, балдардын шыбагасы болгон. Жыйноочулукта атайын куралдар колдонулган. Кээде өсүмдүк азыктарын жыйноо бир кыйла татаал формада да жүргүзүлгөн. Өсүмдүктөрдүн көп болуп өсүшүң камсыз кылуу үчүн жаандуу сезон башталар алдында аларды өрттөшкөн, жапайы өсүмдүктөрдү сугарышкан. Андан соң, эмгектин коомдук бөлүнүүсүнүн андан аркы өнүгүүсүнүн натыйжасында жыйноочулуктан дыйканчылык бөлүнүп чыккан. Кийинчерээк жыйноочулук экинчи даражадагы ишмердүүлүккө айланып калган. Учурда Түштүк Американын (Бразилия) Амазон суу бассейнинин аймагында жыйноочулук менен кесиптенген индей уруулары табылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]