Саам тили

Википедия дан

Саам тили (өз аталышы - suomi, suomen kieli) — финндердин тили, саам-мажар бүлөсүнүн балтик-саам тобуна кирген тил. Саам-мажар жана самодий тилдери (энец, ненец, нганасан, селкуп) орол тилдеринин бүлөсүн түзөт.

     Саам тили ырасмый макамына ээ.      Саам тилин калктын көрүнүктүү бөлүгү колдонот.

Финляндияда, Швециянын түндүгү менен Норвегияда, Карелияда жана Америкада (негизинен АКШда) таралган. Финн-угор тилдерине кирет. Алгачкы жазуу эстеликтери 13-14-кылымдарга таандык. Адабий тилинин жаралышына саам жазмасынын түзүлүшү (1540) өбөлгө болгон. Азыркы адабий тилинин калыптаныш процессин 19-кылымдын 70-жылдары аяктаган.

Финляндия аймагына таралган саам тили батыш жана чыгыш деген эки бутакчага биригип 7 диалекттен турат. Азыркы саам тили - мүчөлөмө (агглютинадиялама) тил. 15 жөндөмөсү бар, жыныстык категориясы жок. Лексикасында балтика, герман, славян тилдеринен кабыл алынган сөздөр учурайт. Жазмасы латын арибинин негизинде түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]