Самодий тилдери

Википедия дан

Самодий тилдери, самоед тилдери - Урал тил уясына кирген тил топтору.

Самодий тилдерине четки Түндүк-Чыгыш Европа менен Түндүк-Батыш Азиянын тундра зонасына тараган ненец, энец жана нганасан тилдери (түндүк самодий топчосун түзөт), Батыш Сибирдеги селькуп тили, түрк тилдери сүрүп чыгып жок болуп кеткен камасин, матор (же мотор), карагас жана тайгий тилдери кирет. Самодий тилдеринин көбүнчө өнүккөн вокализм системасы мүнөздүү.

Айрым диалектилерде сөз маанисин ажыратуучу басымдар сакталган. Зат атоочтун үч саны, 5-10 же андан да көп жөндөмөсү, жак, таандык формасы бар, жак жана чак боюнча өзгөрүп, предикативдүү мүчөлөрдү кабыл алат. Этиш үч түрлүү жакталат, ыңгайлары жана түрлөрү арбын. Лексикасы 17-кылымдан тартып негизинен орусча сөздер менен байыган, анда түрк, монгол, обь-угор, енисей тилдеринен кирген сөздөр да учурайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9