Гавр

Википедия дан
Гавр.

Гавр - Франциянын Түндүк-батышындагы шаар. Жогорку Нормандия аймагында, Сена дарыясынын чатында, Па-де-Кале кысыгынын жээгинде жайгашкан. Калкы 185,1 миң (2006). Жүк ташуунун көлөмү боюнча Франциядагы 2-порт (2002-ж. 68 млн ò жүк ташылган). Ири жолдор тоому. Аэропорту бар.

Гавр 1517-ж. негизделген. НотрДам (1574-638), Сен-Франсуа (16-17-к.) чпркөөлөрү, шаардын жаңы бөлүгүндө ГравпльСент-Онорин аббатчылыгы (11-14-к.; учурда музей), Сен-Мишель чиркөөсү (15-кылымдын аягы), Турневиль жана Сент-Андрес эски форттору сакталган. 1947-56-ж. шаар толугу менен жаңы архралык доминанттар менен [андан ичкери Ратуша, «Океан дарбазасы» ансамбли, Сен-Жозеф коңгуроолуу чиркөөсү (бийиктиги 106 м; маяк орнотулган), «Жанартоо» комплекси (1982), Нормандия көпүрөсү (1988-94)] кайрадан курулган. Гавардын борбордук бөлүгүндөгү курулуштар согуштан кийинки архитектуранынжана шаар куруунун эстеликтери катары Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кпргпзилген (2005). Нефть ажыратуу, нефть-Химиялык, кеме, автомобиль жана авиакуруу, цемент өнөр жай ишканалары иштейт. Университет, музейлер бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]