Мазмунга өтүү

Балтика деңизи

Википедия — ачык энциклопедия
Балтика деңизи
англ. Baltic Sea, нем. Ostsee, швед. Östersjön

Балтика деңизинин картасы
Координаттар: 58°37′ с. ш. 20°25′ в. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

4 195 000 км²

Көлөмү

21 500 км³

Жээгинин узундугу

8000 км

Эң терең жери

459 м

Орточо тереңдиги

52 м

Туздуулугу

2-15 ‰

Тунуктугу

5-15 м

Суу топтоо аянты

1 740 000 км²

Куйган дарыялар

Нева, Висла, Одер, Даугава, Неман

Максималдуу температурасы

18-20 °С

Минималдуу температурасы

0-2 °С

Өлкө

 Дания,  Германия,  Польша,  Литва,  Латвия,  Эстония,  Орусия,  Финляндия,  Швеция

Океан

Атлантика океаны

Балтика деңизи (Европа)
Балтика деңизи
Балтика деңизи Викиказынада

Балтика деңизиАтлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, Түндүк жана Ортоңку Европанын жээктеринде. Орусия, Эстония, Латвия, Литва, Польша, Германия, Дания, Швеция жана Финляндия өлкөлөрдүн жээктерин чулгап жатат. Аянты 419 миң км2. Дания кысыктары аркылуу Түндүк деңиз менен туташат. Көлөмү 21,5 миң км3. Материктик тайыздыкта жайгашкан, басымдуу терендиги 40100 м, эң терең жери 470 м. Түндүк жээги аскалуу, негизинен шхер жана фьорд тибинде, түштүгү жана түштук-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуңдары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзунд, Борнхольм, Готланд, Эланд, Рюген. Балтика деңизине Нева, Даугава (Батыш Двина), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1-3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жайында 18-20°С. Туздуулугу батышында 11%о, борбор бөлүгүндө 6-8%о. Булуңдарында жана жээктеринде муз 16-45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жатат. Шамалдын жана өзгөрүлмөлүү аба басымынын таасиринен деңиз деңгээлинен 1,5-3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колтугунда). Суткасына эки жана бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) кармалат. Волга Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз Балтика каналы аркылуу Ак деңиз менен туташат. Киль каналы (Германия) аркылуу Түндүк деңиз менен туташат. Антропогендик таасирден экология абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкаи.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4