Клайпеда

Википедия дан

Клайпеда (1923-жылга чейин Мемель) — Литвадагы шаар. Данге (Дане) д-нын боюнда жайгашкан. Балтика деңизиндеги тоңбогон ири порт (27 млн тонна жүк; 2007). Калкы 183,4 миң (2009); калкынын саны боюнча Литвадагы 3шаар. Клайпедан 25 км аралыкта Палангада эл аралык аэропорт жайгашкан. Темир жол станциясы. Жолдор тоому. Паром аркылуу Германия (Засниц — темир жол парому; Киль), Дания (Орхус, Обенро), Швеция (Карлсхамн) менен байланышат. Балык флотунун деңиздеги базасы. Балык кармалып, беленделет. Шаардын экономикасынын негизин портту тейлөө түзөт. Кеме куруу жана ремонттоо, текстиль (кебез-кездемелери токулат), целлюлозакагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Жакут ташынан көркөм зер буюмдар жасалат. 17—18-кылымдын архитектура эстеликтери сакталган. 1252-жылы Мемельбург сепили катары негизделген. 1525-жылдан Пруссиянын, 1871-жылдан Германия империясынын, 1920-жылдан Антанта мамлекетинин башкаруусунда, 1923-жылдан Литванын курамында. Университет (1991, деңиз кеме кызматкерлерин даярдайт), консерватория, драма театры, музейлер (анын ичинде край таануу, деңиз, саат), сүрөт галереясы бар. Почтамттын имаратынын мунарасында 48 коңгуроолуу карийон орнотулган (1987). Жыл сайын музыкалык фестивалдар (1976, «Клайпеда музыкалуу жазы»; жаз музыкасы, 1993) жана деңиз майрамы (июль—август) өткөрүлүп турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]