Висла

Википедия дан
Висла.

ВислаПольшадагы эң узун жана суусу мол дарыя. Узундугу 1047 км, алабынын аянты 198,5 миң км2. Батыш Карпат тоолорунан башталат да Мазовия-Подляск түздүгү аркылуу агып, Балтика деңизиндеги Гдан бухтасы менен Висла булуңуна куярда дельтаны пайда кылат. Негизги куймалары: Сан, Дунаец, Вислока, Вепш, Буг (оң), Пилица, Брда (сол). Орточо чыгымы Варшава ш. тушта 590 м3/сек, чатында 1030 м3/сек. Жазында суусу кирет. Төмөнкү жана ортоңку агымында кеме жүрөт. Каналдар аркылуу Днепр, Одер, Неман дарыяларына туташат. Боюнда Краков, Варшава, Плоцк, Торунь, дельтасында Гданьск шаарлары жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]