Нева дарыясы

Википедия дан
Нева дарыясы
Нева (Петропавлов чеби Санкт-Петербургда)
Нева (Петропавлов чеби Санкт-Петербургда)
Мүнөздөмө
Узундугу 74 км
бассейндин аянты 281 000 км²
Суу агымы
Аягы Ладога көлү
Жайгашкан орду
Өлкө  Орусия
Област Ленинград облусу
ОМСР 01040300312102000008487
Нева.

Нева дарыясыЛенинград облусундагы дарыя. Узундугу 74 км, алабынын аянты 281 миң км2. Ладога көлүнөн башталып, Балтика деңизиндеги Финн булуңуна куят. Дельтасындагы аралдарда жана Нева боюндагы оёңдо Ленинград шаары жайгашкан. Орточо чыгымы 2530 м3/сек. Кээде түштүк-батыш жана батыштан соккон шамалдын натыйжасында Финн булуңундагы жана Неванын төмөнкү агымындагы суунун деңгээли көтөрүлүп (суунун эң жогорку деңгээли Санкт-Петербургда), 1824-жылы (410 см) жана 1924-жылы (369 см) байкалган, кээде ташкынды пайда кылат. Декабрда тоңуп, апрель-майда муздан арылат. Ак деңиз Балтика жана Волга-Балтика суу жолунун бир бөлүгү. Башатында Петрокрепость шаары орун алган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]